Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

Кечээ жакында Дайыр Асановдун көзү өткөндөн кийин Кыргызстанда Советтер Союзунун баатыры деген наамы бар бир да киши калган жок. Бирок алыскы тоолуу айылдардын биринде жашаган Асан Сыдыкбеков башкарманын аялын тартып алам деп ордендеринен кол жууп калбаганда, балким бүгүн арабызда дагы бир баатыр жүргөн болмок.

Шоңшойгон ак калпагын башына кондуруп, бирин-серин сакалын улам сылап коюп, кара кителчен аксакал эскилиги жеткен, акталбаган үйүнүн далисинде чай ичип отурду.

Бизде кезегинде Ата мекендик деп тергелген Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерине Ат-Башынын Казыбек, мурдагы Пограничный айылынан учураштым.

Асан Сыдыкбековдун жашы 80ге караса да сулуучумак келген балпайган байбичеси чыт курсак бакайды алдейлеп отурду. Кыздар зымдары жылаңач бир көздүү электр мешке чай кайнатты.

Гүлдүү клеенка жабылган жапыс үстөлдө колго бышкан кара нан, чөйчөктө сары май, кант. Мындан дээрлик 70 жыл мурдагы окуяларды 86 жаштагы Асан аксакал тамашага чалып сүйлөп жатты, кээде гана аргасыз турмушта ар нерсени башынан өткөргөндөй, билинээр-билинбес улутунганын байкадым.

Асан Сыдыкбековдун үйү
Сыртта күн токтобой жаап жатты, ат чабымдай жердеги алп тоолор туманга чулганып калдаят.

Дасторкон үстүндөгү сөз айланып келип эле, тээ илгери "Асан аксакал жаш кезинде башкарманын аялын тартып алгандан кийин кантип ордендеринен кол жууп калды" дегенге барып такалып жатты.

Асан Сыдыкбеков болшевиктер күчкө салып Казыбек айылына отурукташтырган черик уруусунан. Бул айылда да сарбагыштар бар. Атасы капканчы болуп, капкан салып жүргөндө көчкүнүн алдында калат.

1931-жылдагы Экинчи Үркүндө Асан Кытайга качып, кара чечекей эжеси ошол жакта калып калат. Жетим бала орто мектепти бүтө албайт, аз өтпөй советтик бийликтер аны кой кайтартып койот.

Ал арада согуш башталат, 16 жашка эми чыккан Асан Сыдыкбековду башкарманын баласынын ордуна аскерге жөнөтүшөт.

Жаңыл Асан кызы
Сөөгү ката элек койчу бала Бишкекте даярдыктан өтүп, андан ары кан майданга аттанат. Аксакалдын кызы Жаңыл менен алдыңкы күнү баш калаада жолуккан элем.

Жаңыл Асан кызы: Ушундан Фрунзеге (азыркы Бишкек) чейин жөө келдик дейт. Атам ойнойм деп ойлоптур. Аларды алты ай окутушат, ал снайперликти жакшы өздөштүрүп кетиптир. "Кукушка" деген бутаны атчу элем дейт.

Жердешибиз Экинчи Дүйнөлүк согушка башынан аягына чейин катышат. Советтик армияда, 763-баталйондо снайпер болуп кызмат өтөйт. Норвегияга чейин барып, Ленинградды (азыркы Санкт-Петербург) коргооого катышат.

Снайперлер адатта душмандын көзгө атаарларын же командирлерин атууга салынчу. Душманды аңдып, ага кээде таң аткандан түн киргенче кыймылдабай өңүп жатууга туура келет. Жаш жоокер чыдамкайлыгы жана көзгө атаарлыгы менен таанылып, алгач "Даңк" орденине көрсөтүлөт.

Асан Сыдыкбеков: Тешиги кичинекей амбразура болчу. Ошол жерден аңдып отурасың. Душмандын басканын, турганын, өтүп баратканын атасың. Карап турган чоң дүрбү бар. Аны Пахомов деген улук сержант карап турат. Мени Алик дешчү, бир күнү Пахомов мени чакырып алып, "Алик, сен бүгүн 15 немисти аттың, мен полкко маалымат берем" деди. Өзү айтып кеткенби, аскерлер "молодец" деп көтөрүлдү.

1944-жылы Асан Сыдыкбеков согушта жараат алат. Дарыланып, кайра эле майданга кайтат. Согуштан кийин аны окууга жөнөтүшөт.

Мектеп окуучулары Асан Сыдыкбеков аксакалды дайыма чакырып, согуш окуяларын угушат. (Артта жаңы түшкөн мечит, мектеп)
Бирок энесинин өлүмү тууралуу суук кабарды угуп калып, окуусун таштап, киндик каны тамган айылына шашылат. Бул кабарды ага Берлинден концерт коюп келатышкан атбашылык айтылуу ырчылар Боогачы менен Сейитказы жеткирет:

- Окуйсуң деген. Окуусун бүтүп кетейин деп, Москвага келдим, Казан баксал деген баксалы (темир жол вокзалы. -авт.) бар экен. Ошол жерде Берлинден, Норвегиядан келгендер бар экен. Берлинден артист Сейитказы, Боогачылар келип калыптыр.

Мен "аман-эсен бармын, оку деп атат, окуусун бүтүп барайын" деп кат жазайын дедим эле" дедим. Ошондо Боогачылар "акең өлдү, энең өлдү" деп айтышты. Анан ыйлап, келе бербедимби.


Баатыр аскер үйүнө келсе, сүйлөшүп жүргөн кызын ал кезде башкарма болуп күпүлдөп турган классташы алып алган болот. Асан баягы байкуш жетим эмес, мекендин коргоочусу атыгып, медалдарды тагынып тыңып алган. Башкарманы да көзгө илбей, Жумалайды "мага сөз бербедиң беле" деп, күйөөсүнөн ажыраштырып алып алат.

Асан Сыдыкбеков: Армиядан келип, көчөдө баратсам Жумалай кетип баратат. "Эй, Жумалай, чоңоюп калыпсың, эрге тийгенсиңби?" десем, "Такеге тийгем" деди. "Тырмактай неме сени багабы" деп алып алдым.

Асан Сыдыкбеков небереси Алмаш Карбек кызы менен
Аялын тарттырып жиберген башкарма ага кекенип калат. Азыр Ат-Башыда жашаган кызы Жаңыл Сыдыкованын айтымында, айылдыктар атасынын артынан келген ордендерди ушул башкарма эле будамайлап, жок кылды деп шектенишет.

Кийин атасы дүкөндө иштеп калганда, "растрата" деп кесилип кеткенин да кызы ошол башкармадан көрөт.

Жаңыл Асан кызы: Атама ушунча өчөштүк кылышты. Атам "силердин апаңар болбосо, ордендерим өзүмдө калат эле" деп айтып калат. Башкарма бою кодойгон киши экен, апам мендей бойлуу экен, күйөөсү жарымынан келсе уялып жүрсө керек, "жүр" десе эле кетип калыптыр. Атамдын кесилгени ошол башкарманын айынан болду деп ойлойбуз.

Сыдыкбеков кийин СССР кыйрагандан кийин ак жеринен соттолгондугу аныкталып, акталып чыгат. Үчүнчү баскычтагы Даңк орденин көкүрөгүнө тагынып, согуштан үйүнө жөнөп жатканда, ага командирлери "артыңан Экинчи, Биринчи баскычтагы ордендер келет" деп айтышат.

Бирок Сыдыкбеков кой артында тоо-таштын арасында жүргөндө, ордендердин аз дегенде бирөөнү аты уйкаш өз айылдашына берип коюшат.

Жабылуу аяк жабылуу бойдон калат беле, ал кишинин көзү өткөндө баласы орденди өзү көтөрүп келип, ээсине кайтарып берет. "Илгери башкарманын сөзүнө кирип, алып койдук эле" деп айтат.
Асан Сыдыкбеков, аскердеги кези

Алмаш Карбек кызы: Азыр бизде эки Даңк ордени бар. Экинчисин коңшубуздун баласы "атам өтүп кетти, тигил дүйнөдө карыз болбосун, Асан аксакалдын кан кечип жүрүп алган сыйлыгы" деп алып келди.

СССРдин мезгилинде Кыргызстандан 71 киши Советтер Союзунун баатыры наамын алган.

Алардын эң акыркысы, атбашылык Дайыр Асанов 2009-жылы 88 жашында көзү өтүп кетти.

Үч баскычтагы Даңк орденин алган адам Советтер Союзунун баатырына теңелчү. Бул наамды расмий алыш үчүн мамлекеттик жардык чыгышы керек, ага чейин деле алар Үч Даңк орденинин кавалери деп ызаатталат.

Таятасынын мындай ызааттан кур калганына ызаланган небереси Алмаш окууну бүткөндөн кийин атайын ички иштер органына орношот.

Казыбек айылындагы советтик аскерге эстелик коюлган парк
Кийин айылдагы согуш ардагерлерин кыдырып, алардын орден-медалдарынын номерлерин жазып алат.

Намыскөй Алмаштын максаты - Нарындын аскер комитети аркылуу Орусиядан ордендер тууралуу СССРдин мезгилиндеги мамлекеттик жардыктарды алуу:

Алмаш Карбек кызы: Журналистмин деп барып, айылдагы жети ардагерди сүрөткө тартып, ордендеринин номерлерин жазып алгам. Бирөөсүндө Биринчи Даңк ордени бар экен, бирок Экинчи, Үчүнчүсү жок. Алды менен Үчүнчүсүн берет да. Сурасам, "таятаңдыкы экендигин далилде" дейт.

Ал арада ак жаан басылып калды. 9-майга арналган салтанат деп Асан Сыдыкбековду мектепке чакырып келишти, шоңкойгон ак калпагын башынан түшүрбөгөн аксакал короого чыгып, "бекем экенби" дегендей аттын ээрин тартып көрдү. Атка шашпай минип, айылдын көчөсү менен ылдый бастырды.

Казыбек айлындагы советтик аскердин эстелиги
Ал мектепти карай бурулганда мектептин каршысындагы советтик жоокерге салынган советтик эстелик көзүмө урунду.

Асман тиреген тоолордун этегиндеги алакандай айылдын сейил багында сыры түшкөн эски темир тосмону бойлой музоолуу уй беймарал оттоп жүрдү.

Бактын ортосундагы жайыкта маңдайында кызыл жылдызы бар каскачан, таштай булчуңдары түйүлгөн, плащын желбегей жамынган советтик жоокердин дүңкүйгөн айкели турду.

Таш болсо да бул жалган дүйнөнүн акыйкаттыгы үчүн жанын да берүүгө даяр адамдай атырылып, көздөрү жайнаган жоокер мөңгүлүү тоолорго капталын салып, күн батышка умтулган бойдон катып турду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG