Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Ардагерлердин мээнети акталып жатабы?


Согуштун жана ооруктун ардагерлери мамлекет жана коомчулук тарабынан татыктуу камкордукка алынганбы?

"Арай көз чарай" талкуусуна Социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык камсыз кылуу департаментинин адиси Мира Турганбаева жана Социалдык фонддун тышкы байланыштар, мамлекеттик органдар, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов катышты.

“Азаттык”: Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, азыр эки миңге жетпеген согуштун, 8 миңдей ооруктун ардагери бар. Жылдан жылга катары суюлуп бараткан ардагерлерге мамлекет жана коом тарабынан жетиштүү камкордук көрүлүп атабы?

Мира Турганбаева: Көрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө биздин министрлик тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майып жана тыл эмгекчилерине ай сайын жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөнүп берилет.

Андан сырткары согуштун катышуучуларына, Ленинград блокадачыларына, концлагерге түшкөндөргө жана майып болуп келгендерге ай сайын 3 миң сомдон социалдык стипендия төлөнөт.

Ошондой эле 9-май майрамына карата бир жолу 5 миңден 10 миңге чейин бир жолку пособие жана жүз сомдон беш жүз сомго чейинки бир жолку төлөмдөр да бар. Жалпы ардагерлерге 54 млн. 200 миң каражат каралган, анын 97% төлөнүп бүттү.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Чындыгында баарыбыз эле ардагерлерди жылына бир жолу Жеңиш майрамына жакын гана эстейбиз. Убагында от кечкен ардагерлердин мээнети бүгүн акталып атабы?

Жеңишбек Муканбетов: Социалдык фонд бул жаатта дайыма иш алып барабыз. Анткени биз ай сайын алардын пенсиясын эсептейбиз. Ошондуктан жылына бир жолу эстейбиз деген туура эмес болуп калат. Ар бир адамдын пенсиясына мыйзам ченемде каралган үстөк төлөмдөрдү ай сайын кошуп берип турабыз.

Мисалы, азыр орточо пенсиянын өлчөмү 4192 сом. Мындан сырткары 2013-жылы мындай үстөк төлөм 300 сомго көбөйгөн. Азыр 1-топтогу майып болсо, 475 сом, 2-топтогу майып болсо 450 сом, 3-топтогуларга жана жалпы эле Ата Мекендик согуштун катышуучуларына 450 сомдон үстөк акча төлөнүп берилет. Бул жогоруда айтылган акчадан тышкары.

“Азаттык”: Токтогул Бейшалиев аттуу согуш ардагери үй алууга жардам сурап, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылыптыр. Ал өзү согушка 16 жашында кеткен экен. Алты жылдан бери бийлик эшигин каккылап, батир алалбай атыптыр. Бир бөлмөлүү жатаканада кызынын колунда жашайт экен. Бул аксакалга, ардагерге кандай жардам бере аласыздар?

Жеңишбек Муканбетов: Тилекке каршы турак жай боюнча жардам берүү маселеси Социалдык өнүктүрүү министрлигинин да, Социалдык фонддун да иш-чараларына кирбейт. Биз каалаган күндө да мүмкүнчүлүгүбүз жок.
XS
SM
MD
LG