Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Кыргызстанда ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлууда. Ага ылайык, элдик кошуундардын ыйгарым укуктары тартип коргоо органынын кызматкерлеринен жогору каралган.

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү Бакытбек Жетигенов, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси, Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Азиза Абдирасулова катышты.





“Азаттык”: Жаңы мыйзам долбоордо элдик кошуундардын ыйгарым укуктары тартип коргоо кызматкерлеринен да жогору болуп калганы айтылууда. Мыйзам тууралуу кыскача айтып берсеңиз, элдик кошуундардын милдети, вазийпасы кандай белгиленген, Бакыт мырза?

Бакытбек Жетигенов: Бул мыйзам долбоору биздин комитеттен өтүш керек болчу. Азырынча ал биздин комитетке келе элек, талкуу боло элек. Биз аны алдын ала көрдүк.

Мында көп жерлери бар, мисалы курал-жарак берүү боюнча, атайын каттоодон өтүү жана башкалар. Менин жеке оюм боюнча, анын баары ашыкча. Бул мыйзам долбоору керек. Бирок шашпай, элге талкууга коюп, ар тараптан карап, түздөп туруп чыгарса болот.

“Азаттык”: Бирок мыйзам керек деп ойлойсуздар?
Кепилдикти эч ким бере албайт. 15 миң мүчөсү болот дейт. Бул жерде ар кошкондун баары бар.

Бакытбек Жетигенов: Мыйзам керек. Биздин комитеттин төрагасы Турат Мадылбеков менен сүйлөшкөнбүз. Ал чет мамлекеттерге барып ИИМ, прокуратура жагынан таанышып келиптир.

Мисалы, Эстония, Балтика боюндагы жана башка мамлекеттерде ИИМде өзүнчө полиция бөлүмдөрү бар экен, ал жерде "полициянын жардамчысы" деген жазуусу бар форма кийишет экен. Мисалы, патриот адамдар бар, ИИМден башка тармактарда иштегендер форма кийип, келишим түзүп, бекер эле жардам берип, жанында жүрөт экен.

“Азаттык”: Азиза айым, Укук коргоочулар кеңеши ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө мыйзам долбоордун кабыл алынышына каршы болуп жатасыздар. Эмне себептен?

Азиза Абдирасулова: Мыйзам долбоорунун бүгүнкү күндө кабыл алынышына каршы деген сөз бул ыктыярдуу кошуундарга каршылык дегенди билдирбейт.

Ыктыярдуу кошуундар Кыргызстанда ордун тапкан. 2005, 2010-жылдардагы окуяларда, коогалаңда милиция кызматкерлери жумушка чыкпай калганда ыктыярдуу топтор өздөрүн көрсөтө алышты. Бирок бүгүнкү күндө мыйзам долбоордун кабыл алынышына биз каршы болуп атканыбыздын себеби, бийлик деген мыйзамда көрсөтүлгөн гана нерсени жасайт, ал эми жарандар мыйзамда тыюу салынбаган нерселерди жасаганга укугу бар.
Булар кызмат абалындагы адам эмес. Ал өзүнүн жасаган кылмыш аракети үчүн милиция жооп береби? Ал өзү жооп бербейт.

Ал эми кошуундарды түзүү, алардын иштеши боюнча Кыргызстанда ага тыюу салынган бир дагы мыйзам жок. Тескерисинче, 94-жылы кабыл алынган өкмөттүн токтому бар. Ошол токтомдо "ыктыярдуу кошуундар керек учурда жергиликтүү бийликтин алкагында түзүлсө болот" деп жазылып турат. Ошонун алкагында алар иш алып бара берсе болот.

Биз эмне себептен бүгүнкү күндө мыйзамдын кабыл алынышына түздөн-түз каршы болуп атабыз? Себеби милиция даяр эмес. Көчөдө жүргөн милиция кимди мыйзамсыз кармап, уруп-сабап коюп атат деп, милицияны реформалоо керек деген аракет болуп атканда, аларга кошумча ыктыярдуу кошуундарды берип, алардын колуна атайын жабдыктарды, куралдарды берип, аларды чыгарып койсок эртеңки күнү ким жооп берет?

Булар кызмат абалындагы адам эмес. Ал өзүнүн жасаган кылмыш аракети үчүн милиция жооп береби? Ал өзү жооп бербейт. Экинчиден, анын жасап аткан ишин ким көзөмөлгө алат? Ушундай көп суроолор бар.

“Азаттык”: Бакыт мырза, "милиция элди тоноп атат" деп айтып жатышат. Элдик кошуундар аралашып кетсе, бул башаламандыкты жаратпайбы?

Бакытбек Жетигенов: Мыйзамды кабыл алып, элдик кошуундардын өзүнүн функцияларын так жазып койсо, башаламандык болбойт. Азыр коомчулуктан жакшы сунуштар болсо, ошону киргизип, мыйзам долбоорун кабыл алсак болот.

Азиза Абдирасулова: Ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнө күч колдонууга мүмкүнчүлүк бербеш керек. Алардын колунда курал, атайын жабдыктар болбош керек. "Эгерде бир жарандын кылмыш кылат деген ою болуп калса, аны кармаганга укугу бар, же бирөөнүн жеке менчик имараттарына каалаган убагында, тоскоолдугу жок киргенге укугу бар" дептир. Андай укук милицияда да жок. Эгерде ушундай укук берип койсок, анда биз дагы бир монстрды жаратып атабыз.

“Азаттык”: Элдик кошуундун курамы боюнча маселе кандай каралат, ким аныктайт, ким түзөт, бир кезде коомчулукта да сөз болуп кетти эле, элдик кошуун дегенди жамынып алып эле алардын арасында криминалдык топтор жүрөт деп. Ага ким кепил боло алат?
Мыйзамды кабыл алып, элдик кошуундардын өзүнүн функцияларын так жазып койсо, башаламандык болбойт.

Бакытбек Жетигенов: Кепилдикти эч ким бере албайт. 15 миң мүчөсү болот дейт. Бул жерде ар кошкондун баары бар. Ар бир нерсе жаңы башталып атканда идеалдуу болбойт.

“Азаттык”: 2005, 2010-жылдагы 7-апрелдеги окуяда деле талап-тоноого катышкандар үй алып калды деген сөздөр көп айтылчу эле. Ошол элдик кошуундун өкүлү экенин ким аныктап, жол-жоболору кандай болуш керек, же ага чейин барып катталыш керекпи?

Азиза Абдирасулова: Мыйзам кабыл алына турган болсо, өзгөчө абал болгон убакытта ыкчам чогула турган ИИМге берилсе болот, тез аранын ичинде өзүнүн буйругу менен чогулуш керек. Чогулганда албетте булардын колунда күбөлүк болуш керек жана милиция кызматкерлер менен биргелешип кайсы квадратта турат, кайсы жумушту аткарып атканы анык болуш керек. Алардын тизмеси бир штабда сакталып туруш керек, ошонун чегинде гана элдик кошуундун мүчөсү деген макам болуш керек. Жөн гана башаламан болсо 7-апрелдегилей сөздөр чыгышы мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG