Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарында зордуктоо фактылары тууралуу кабарлар күн алыс чыгууда.

Милиция былтыркыга салыштырмалуу быйыл мындай кылмыштардын саны кыскарганын билдирсе, укук коргоочулар зомбулукка туш болгон кыз-келиндер ачыкка чыгуудан айбыккандыктан, зордуктоо фактылары көмүскөдө калып жатканын белгилешет.

Майрам алдындагы каргаша

Талас шаарынын тургуну, Калия Арабекова үчүн 2013-жылдын 30-декабры кырсык алып келген, кара түн катары эсинде калды. Бул күнү эл жаңы жылды тосуу шааниси менен алек болуп жүрсө, Калиянын жашоосу дүрбөлөңгө түшүп, дүйнөсү талкаланып, кордук көрдү. Эки уулдун энеси, жалгыз бой 31 жаштагы келин алдамчылыктын тузагына илинип, сомодой үч зөөкүргө зордукталып, абийири төгүлгөнүн минтип эскерет:

"Күйөөмдөн алимент алчумун. Бирок көптөн бери бербей жүргөн. Ошол күнү сот аткаруучу “Күйөөңүз сүйлөшкөн экен, бүгүн акчаны алып келип берди эле” деп айтты. Көрсө бербептир деле. Алдап мени чакырышыптыр. Машиненин ичинде сот аткаруучу, дагы бир бала бар экен. Кененсариев, Алыбаев, Карымбаев деген үч бала – булар сот аткаруучу балдар, бирөө соттун катчысы.

Чыксам эле, “Машинеге түшпөйсүзбү, биз акчаны көчөдөн санап бермек белек” дешти. Күн болсо суук, машинанын ичине түшкөндө эле катуу айдап кетишти. Эшикти ачсам өлө тургандаймын. Алтынбек Алыбаевдин үйүнө алып барып, каалашынча зордукташты, дааратканага камайт, таңга маал жаагым сынганча уруп-тепкилешти. Эс учумду билбей калыптырмын.

Көзүмдү ачсам таң агарып калыптыр. Үйгө келсем саат сегиз болуп калган экен. Эптеп кийимимди таап кийдим. Келсем эки кичинекей балам жалгыз эки жакта уктап жатат. Өзүмдү араң токтотуп, ыйлаган балдарымды сооротуп, тамак да бербей эле ээрчитип алып прокуратурага бардым.

Менин түрүмдү көрүп эле прокурор коркуп кетип, экспертиза ал күнү иштебестигин айтты. Мен ыйладым, “Ушул кебетем менен таштап коёсузбу, азыр барсаңыз ал балдарды кармайсыз” дедим. Мен коргонуу үчүн жердеги шишени алып, балдардын биринин бутун тилген элем. Кийин ошол баланын бутун, үйдү экспертизадан өткөрүшкөн. Бирок эки-үч күндөн кийин тигилер акча бергенде баарын жокко чыгарып коюшту да".

Калиянын айтымында, аны зордуктагандар жасаган кылмышын жашырып, тынчытуу үчүн аны опузалап-коркутуп, тосмо арыз жазып берүүсү үчүн акча дагы сунушташат. Бирок бул жолу дагы ал алдамчылыктын курмандыгы болуп, акыры өз укугун коргоо үчүн ачыкка чыгууга аргасыз болгонун айтат.

"Эки-үч күндөн кийин баарын жайгарып келип туруп, “Калия эже, мына, мынча акчанын баары сиздики болот, жаап коюңуз ишти, жазыңыз” дешет. Көрсө, ал балдар прокурорду жайгарып келиптир. 2-январь болчу. Мен жумушка да бара албай жаткан учурум эле. “Жумуштан айрылып, элге шерменде болосуз. Атүгүл балдарыңыздан энелик укугуңузду ажыратабыз. Биз сотпуз, сиздин колдон эч нерсе келбейт” дегенден кийин, эл укпасын деген ой менен эле түшүнүк кат жазып берген элем.

Эки күндөн кийин кайра прокурор эки баланы жөнөтүптүр. Милиция, тергөөчү анан прокурордун алдында иштегендерди жөнөтөт. Мен баргым келген жок. Тергөөчүдөн эмне болгонун сурасам “Сиз 90 миң сом алган турбайсызбы. Бизге 10 миңден бериниз. Антпесе ишиңиздин баарын көтөрүп, сизди жаманатты кылып, акча үчүн денесин саткан деп ит кылабыз” деди. Кайра мен ачуум келип, “мен кайра жазам. Мен акча алган жокмун, силер баарын өзүңөр алдыңар, шермендесиңер, мени акча үчүн акмак кылдыңар, үч бала эркиндикке чыккан турбайбы” деп ыйладым. Алар менин колуман эч нерсе келбестигин айтышты. Ушунун баары акыйкат карабагандыктан, прокурор, тергөөчүлөрдүн баарынын акча алып, өз кызыкчылыктарын ойлогондуктан болуп жатат. Азыркы учурда да соттор ушундай".

Милиция: иш сотко өттү

Бул ишти Талас шаардык ички иштер бөлүмү тергеген. Аталган бөлүмдүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Равил Ниязбековдун айтымында, бүгүнкү күндө кылмышка шектүүлөр Талас шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

- Эми иштин акыйкаттыгын, кимисиники чын экенин, ак-карасын сот айтат да. Ал аял башында арыз менен кайрылып, өзү кайра арызын артка алган. Ошондой факты бар. Ошону кайра жабылып калды дегенсип жатат. Иш жабылган эмес, өзү арызынан баш тарткан учур бар. Ишти Талас шаардык ички иштер бөлүмү тергеген. Кылмышка шектүүлөрдү Талас шаардык соту үй камагына бошоткон. Карымбаев Илгиз, Алтынбек жана Мукаш деген балдар. Сот аткаруучу болуп иштеген балдар. Биз эми тергөөнү сотко ашырган соң, ал иш эми соттун карамагындагы иш.

Кыргызстандын акыйкатчысынын Таластагы өкүлү Арзыкан Момунтаева Талас шаардык сотунун чечимин Талас облустук соту колдоп берген соң, ал Калияны алып Бишкекке келип, Жогорку Сотко чейин барып, акыры иш Сокулук райондук сотуна жолдонгонун айтат. Июль айында белгиленген сот отуруму 28-октябрда болгону менен, кылмышка шектүү тараптын күбөлөрү келбей калгандыктан сот 13-ноябрга жылдырылды.

- Прокуратурасы токтотту, биринен-бирине тергөөгө беришти. Ушундай бир башында сапырылган өйдө-төмөн иш болду. Жашырбай, түз айтканда эми карга карганын көзүн чукубайт экен. Алардын сөздөрү башында бир болуп калды го. Бул чындык. Антпеш керек эле. Мыйзам боюнча тактай койсо жакшы болмок. Мунун артынан ким чуркайт дейсиң дегенчелик кылып, аны көчөдө жүргөн немедей көрсөтүп жаманатты кылышты. Мындай зомбулук кайсы учурда болот? Эң алсыз, күчсүз адамга зордук дагы, кордук дагы, бардык турмуштагы оорчулук дагы тийип турат. Бул эми табигый мыйзамга окшоп кетет. Жаш, кароосуз, же тууганы жок, же сүйөнөөрү жок, же дүнүйөсү жок адамдар кор болот негизи.

Калия Арабекованын эне-атасы каза болуп калган. 90 жаштагы чоң апасынын колунда чоңойгон Калия азыр үй-жайсыз, колу тийген жумушту жасап, эки баласын багуунун айласын кылып жүрөт. Ага Таластагы бейөкмөт уюмдар колдоо көрсөтүп, убактылуу башпаанек таап беришкен. Бул жолку сот отурумуна ал адвокаты жок барды.

Калияга Бишкектен каралашып жаткан “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсайра Рыскулова эми адвокат маселесин чечүү үчүн коомчулукка кайрыла турганын айтты.

- Биз коомчулукка, Фейсбук аркылуу да кайрылалы деп жатабыз. “Адвокат таап бергиле, же адвокат жалдаганга акча чогултуп бергиле” дейбиз го. Алардын төрттөн адвокаты бар экен. Бизде болсо, жалгыз эле биздин адвокат, ал дагы орус тилдүү.

Жазасыз калган кылмышкер эч кимди аябайт

Албетте бул окуяда ким күнөөлүү, ким айыпсыз экенин сот таразалап, баа берет. Бирок укук коргоочулар Калиянын иши ачыкка чыгып, коомчулуктун көңүлүн буруп жатканы менен, мындай зомбулукка туш болгон кыз-келиндердин дээрлик басымдуу бөлүгү уялганынан, коркконунан баарын ичине катып, укуктары корголбой, маселе жабык бойдон калган учурлар көп эле болоорун белгилешет. Бул жагдай кылмышкерди жазасыз калтыргандыктан ал мыйзам алдындагы жоопкерчилик туурасында ойлонбой деле калат. Бүбүсайра Рыскулова:

"Бул нерсе жазасыз калуунун кесепетинен болуп жатат. Бир жолу зордуктайт, жабырланган киши коркуп унчукпай калат. Экинчи жолу да болот, анан көнүмүш адатка айланат. Зордуктагандар биринчи жолу эмес, бир нече жолу ушундай жолго баргандар болуп саналат.

Биз соттордон прецендент деп көрсөтүп жатпайбызбы. Үч-төрт ишти алабыз да коомчулукка чыгарууга аракет кылып, эл көрсүн дейбиз. Анткени муну көп чыгарышпайт.

Мына азыр Жогорку Сотто бир процесс болуп жатат. 15 жаштагы кызды төрт бала зордуктаган. Сот болуп жатканына үч жылга кетти. Бул окуя кокусунан билинип калган. Кыз коркуп, уялып, унчукпай жүргөн. Анан атасы бизге кайрылып, биз адвокат берип, ал иш деле бүтө элек. Ал кыз кандай күндү көрүп жатканын элестете аласызбы? Ар бир сот жараянында 15 жаштагы кыздан уят-сыйытты жыйыштырып коюп, зордуктоо учурунда болгон нерселердин баарын ачык эле сурашат. Уялат, коркот, опузалоолорго туш болот. Мына Калия да психологиялык жактан аябай жабыркады. Таласта эмне деген сөздөр болуп жатат".

Өзгөчө региондордо “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” деген түшүнүк күч экендигин акыйкатчынын Таластагы өкүлү Арзыкан Момунбаева белгилейт. Тууган-туушкандар чырмалышкан жерде элдин сөзүнөн, көзүнөн жазганган кыз келиндер берген арыздарынан өздөрү баш тарткан учурлар аз эмес.

- Угуп-көрүп, билип-билбей калабыз. Андан ары арыз жазбай коюшат. Чуркап барып, чыйпылдасак деле артка кайтып кетишет. Өздөрү чуркап келип, “ушинтип калдык, кичинекей кызыбыз минтип калды” дешет да, кайра бир күндөн кийин эле башкача болуп калышат. Билдирүүсүн алып коюшат, же арыз жазбай коюшат. Анан эч нерсе кыла албайсың, ар бир адамдын өз эрки, өз укугу да.

Ички иштер министрлигинин маалыматында зордуктоо фактылары башка региондорго караганда Чүйдө, анын ичинде Бишкекте көп катталат. Быйылкы тогуз айдын ичинде эле Бишкектин өзүндө 92 кылмыш иши катталган. Анын ичинен 80и тергөөгө алынып, 78нин бети ачылган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев кылмыштын орун алышына таасир эткен бир нече фактор бар экендигин айтып, анын баарын алдын алууга жалгыз эле укук коргоо органдарынын күчү жетпестигин белгилейт.

- Бишкек ордо калаа эмеспи. Анын үстүнө жаштардын жумуш менен камсыз эместиги, кыздардын жүрүм-турумдары ушул кесепетке алып баратат го. Балдар окуудан дайын жок каңгырап жүрөт, кыздар болсо көчөдө кээде чечинип алып басып жүрүшөт. Эми мунун баарын эле тыйганга милиция жалгыз өзү жетишпейт экен. Алдын алуу иштери жүрүп жатат. Мурун зордуктоого бармак тургай, мындай ойдон эл коркчу. Азыр адамдардын сезиминде соттолуп кетүү коркунучу жок болуп жатат. Буга ортодогу тааныш-билиштердин аралашуусу менен жазасыз калган учурлар өз таасирин тийгизип жатат. Кээ бир учурда мындай иштер сотторго жетпей эле, кылмышкерлер бошонуп чыгып кетип жатканы жолугуп жатпайбы.

Жабырлануучу кылмышкерге айланганда...

Кыргызстанда былтыркы жылдын сегиз айында 338 зордуктоо катталган. Быйыл 211 факт катталып, былтыркыга салыштырмалуу бир аз кылмыштын саны кыскарган. Бирок бул цифралар арыз менен кайрылгандардын эле саны экенин белгилей кетүү керек. Ал эми кайрылбаганы канча?

4 кызды зордуктаган индиялык айыптуулар

4 кызды зордуктаган индиялык айыптуулар

Бул күндөрү эл аралык маалымат каражаттары дагы зордуктоо боюнча дүйнө элин кооптондурган көрүнүштөр туурасында жазып чыкты. Зордуктоо зомбулугу кеңири кулач жайган Индияда жакында кордолгон аялды кайра эле өзүн зордуктаган адамга никелеп берип, кылмыш ишин жабуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Бул аялдардын нааразылыгын жаратып, ачык каршылык акциясына чыгууга аргасыз кылды.

Ал эми Иранда жакында эле Чалгындоо министрлигинин кызматкерин өлтүрдү деген айып менен өлүм жазасына тартылган 26 жаштагы Рейхана Жаббаринин окуясы кайсы бир денгээлде биздин акыйкаттык издеген каарманыбыз Калиянын абалына окшошуп кетет. Рейхана Жаббаринин айтымында, Чалгындоо министрлигинин кызматкери аны зордуктоого аракет кылган учурда ал коргонууга аргасыз болгон. Бирок Ирандын соту жаш кыздан жабырлануучуну эмес, айыптууну көрүп, аны өлүм жазасына буйруду.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG