Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Кыргызстанда ата-энесинен запкы жеп ооруканага түшкөн балдардын саны салыштырмалуу азайды.

Анткен менен укук коргоочулар жакындарынан токмок жеген балдардын баары эле дарыгерге кайрыла бербесин белгилешет.

Сексуалдык зомбулукка кабылган көчөт кыздар көбөйүүдө

Бишкектеги балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбековдун айтымында, ооруканага түшкөндөрдүн басымдуу бөлүгү өгөй атаcынын, же энесинин запкысына кабылгандар. Арасында зордукталып, баш мээси чайкалып жана дене-башы сыйрылган абалда түшкөндөр бар. Соңку учурда жакындарынан запкы жегендер салыштырмалуу азайганы менен үрөй учурган зордуктоо фактылары көбөйгөн. Дарыгерлер аз убакыттын ичинде эле ушундай абалда келген төрт кичинекей кызга операция жасашты. Жалпысынан тогуз айда ооруканага ата-энелеринен таяк жеген 27 бала кайрылган.

- Анын ичинде кичинекей кыздарды аталары, улуулар зордуктап кеткен учурлар да кирет. Быйыл ошондой операциядан төрттү жасап, кыздардын баарын сактап калдык. Сексуалдык зомбулукка туш болгондор көп болууда. Баш мээси чайкалып түшөт көбүнчө, атасы-энеси урат. Социалдык-экономикалык абал кыйын болгон соң өздөрүнүн ачуусун же турмуштагы кыйынчылыктарын баладан чыгарат. Бизге кайрылгандардан өгөй ата-энеден запкы жегендер биринчи орунда турат. Анан кошуналардан, үчүнчүсү - мектепте, төртүнчүсү - белгисиз, тааныбаган бирөө деген жоопту айтышат.

Бирок балдардын баары эле зомбулук тууралуу ачык айта алышпайт же ооруканага кайрыла беришпейт. Ошону эске алганда дарыгерлер менен укук коргоочулар жакындарынан запкы жеген балдардын саны алда канча көп экенин белгилеп жүрүшөт.

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Бириккен улуттар уюмунун Балдар корунун (ЮНИСЕФ) статистикасына таянып, Кыргызстанда балдардын 70 пайыздан ашууну үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө кабыларын билдирди:

- ЮНИСЕФтин статистикасы боюнча, 80% балдар мектепте зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө туш болот. Ал эми балдардын 72 пайызы үй-бүлөдө зомбулукка дуушар болот. Ата-энелердин арасында баланы катуу кармап тарбияласа жакшы деген түшүнүк бар. Бул туура эмес. Уруп-сабоо менен чоңойгон балдардын ден соолугу жакшы болбойт, психологиясына таасир тийгизет. Алар биринчиден, коркок болуп калышат. Экинчиден, турмуш курганда өздөрү балдарын уруп-сабап чоңойтот.

Баланы какыс-кукус кылбаңыз

Кыргызда баланы какыс-кукус кылуу, анча мынча кол тийгизип сабап коюу деген кадыресе көрүнүш. “Биз деле убагында ушинтип чоңойгонбуз, баланы анча-мынча уруп турбаса моюнга минет же баланы башынан” деген жооп угасың. Бирок балдар психологдору бул баланын келечекте турмуш куруусуна, ачык ой жүгүртүүсүнө, дос күтүп, башкалар менен мамиле куруусуна терс таасирин тийгизет дешет.

Зордук-зомбулукка кабылган балдар үчүн ачылган борбордун психологу Гүлмира Төлөкееванын белгилешинче, азыр ата-энелердин көбү балага кийим-кечек алып берүүнү, курсагын тойгузуп, таттуу момпосуй сатып берүүнү тарбиялоо катары кабылдашат. Көптөрү балдардын каалоосу менен эсептешпейт, бир нерсе сураган маалда кагып-силкет. Мындай учур көп нерсени үйрөнүүгө, билүүгө дилгирленип турган баланын шаабайын суутат.

- Мындай учурда баланын маанайы чөгөт, ден соолугунан сырткары окууга каалоосу жоголот, достору менен мамилеси начарлайт. Азыр ата-энелер баланын кийимин бүтөп, курсагын тойгузса эле болду деп ойлошот. Бала менен көбүнчө аңгемелешүү керек, баланын проблемаларын билүү керек. Бала ата-энеге керектүү экенин сезиши керек. Бул шартта ата-энелер менен иштөө зарыл.

Акыркы мезгилде социалдык-экономикалык оор абалдын кесепети балдарга да тийүүдө. Үй-бүлө багууга чамасы чак ата-энелер өз күчүн балдарынан чыгарып жаткан сыяктуу. Тилекке каршы, биздин коомдо эки жашар баласы шымына сийип койсо токмоктоп өлтүргөн, ымыркайдын сүтүн ичип койгону үчүн баласын сабап башын жарган, өз кызын зордуктаган учурлар кездешүүдө.

Кыргызстан балдардын укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кол койгон жана ошого жараша мыйзам чыгарган. Ага ылайык, денесине кол тийген ар бир наристе тиешелүү органдарга кайрылууга укугу бар. Тилекке каршы бул мыйзам да Кыргызстанда толук иштебейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG