Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Үстүбүздөгү жылдын май айында Тогуз-Торо районунда жашаган 34 жаштагы Чолпон Матаева аттуу келин күйөөсүнөн бычак жеп, мерт болгон.

Туугандарынын айтымында, келин өлгөнгө чейин тийиштүү бийлик органдарына жардам сурап кайрылып, бирок андан майнап чыкпаптыр.

Укук коргоочулар акыркы жылдары аялдарга кордук көрсөтүү, уруп-сабоо фактылары көбөйүп, өлтүрүүгө чейин жетүүдө деп коңгуроо кагышууда.

Чолпондун бир тууган эжеси Забила Матаева маркум сиңдисинин акыркы күндөрүн мындайча эскерет:

- 2011-жылы 12-майда Медайымдар күнүндө менин бир тууган сиңдим, Тогуз-Торо райондук ооруканасында медсестра болуп иштеген Чолпонду чак түштө, саат 2де жолдошу бычак менен сайып, мыкаачылык менен өлтүргөн. Ага чейин жашоосу абдан оор болчу.

Өлгөнгө чейин жергиликтүү бийликке, сот органдарына кайрылып, жазган арыздары бар. “Ажырашканга жардам бериңиздер, андан кийинки абал кандай болот - ошого жардам бериңиздер, үйүндө кордук көргөзүп жатат" деп кайрылган. Бирок эч ким жардам берген жок. Бул трагедияны эч ким алдын алган жок.


Забила Матаева
Чолпонду күйөөсү мындан 12 жыл илгери ала качып кеткен. Мурда да зомбулук көрсөтүп келгендиктен күйөөсү менен ажырашуу үчүн сотко арыз жазыптыр. Арызды сот 14-майда карамак. Бирок Чолпон ага эки күн калганда өмүрүнөн ажырады.

Маркумдун туугандары күйөөсү аялы менен ажырашуудан коркуп, ушундай ишке барган дешүүдө. Забила Матаева күйөө баласы 19 жылга эркинен ажыратылганын маалымат жыйындын алдында (5-август) кабарлашканын айтып өттү.

Экөөнүн ортосунда кичүүсү 4, улуусу 11 жашка караган, ортончусу жетидеги чиедей үч баласы бар экен. Туугандары алардын да психологиялык абалына абдан тынчсызданышууда.


Запкы жеген зайыптар саны арбууда

“Аялдарга жардам борборунун” байланыш боюнча координатору Топчугүл Шайдуллаева аялдарга зомбулук көрсөтүү фактылары көбөйүп жатканына кейиди. Анын айтымында, буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатканы себеп.

- Чолпондун эркине каршы үй-бүлө курулган. Эгер ошондо ала качуу боюнча мыйзамдарыбыз иштегенде, ала качуу менен Чолпонго үйлөнөм деген жигитти жазалаганда бул үй-бүлө түзүлбөйт эле. Чолпон тирүү калмак. Ушундайларды болтурбоо үчүн мамлекет көңүлүн бул окуянын өтө олуттуу экенине бурушу керек.

Топчугүл Шайдуллаева
Аталган борбор мындай окуяларды болтурбоо, алдын алуу үчүн бийликке сунуштар менен кайрылып жатат:

- Үй-бүлөдөн кордук көргөн аялдар менен иштей турган атайын тармак зарыл. Ал тармакта адистер иштеши керек. Психологдор, соттор, судьялар, консультанттар, адвокаттар иштеши керек. Биз ошол кордук көргөн аялды коргоп калышыбыз зарыл. Аял кордук көргөндө кайда барарын билиши шарт.

Себеби аялдардын зордук-зомбулук көргөн фактылары өтө чоң-деңгээлге жетип, аягы өлүм менен аяктап отурат
.

Мындан тышкары зомбулук көргөн аялдарды дүйнөлүк стандарттын негизинде коргоого алуу, жер-жерлерде атайын коомдук борборлорду ачуу, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, аялына зомбулук көрсөткөн эркектерди коомчулукка ашкерелөө жана тез байланышты камсыздоочу жардам линияларын түзүү сунушталды.

Кыргызстандын социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова аталган министрликтин алдында запкы тарткан аялдарга жардам бере турган жергиликтүү бөлүмдөр болбогонун айтат.

Министрлик зомбулук көргөн балдар менен иш алып барат экен. Социалдык кызмат көрсөтүү боюнча андай борбор эми ачылганы жатат.

"Ошондой ресурстук, маалыматтык борбор деп Ош, Жалал-Абадда шаардык, райондук социалдык коргоо башкармалыгынын алдында ачылып атат. Ага чейин булар бейөкмөт уюмдар, милиция, соттор жана аялдар кеңеши деп койот, ар бир райондо аялдар кеңеши бар, ошолор менен иштешип келишкен" - дейт, Рыскулова.

Үй-бүлөдө кордук көргөн аялдардын саны өсүүдө.
“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, өткөн жылы аталган кризистик борборго жардам сурап 3,5 миң адам кайрылган. "Зомбулукка кабылгандардын саны жылдан-жылга көбөйүп баратат" дейт Рыскулова.

Өзгөчө кыргыз тилдүү психологдордун аздыгынан зомбулук көргөн аялдарга толук жардам берилбей келет.

Эркектердин аялдарына кол көтөрүп жатышын психолог Рыскулова коомдогу өзгөрүштөргө, үй-бүлөдө көбүнчө аял акча таап, эркек жумушсуз болгон фактылардан улам дейт:

- Адамдардын психологиясы өзгөрдү. Социалдык, экономикалык абал өзгөргөндө да адамдардын психологиясы өзгөрүүгө учурады. Үй-бүлөлүк модель, үй-бүлөлүк институтта карым-катнаш өзгөрдү. Бирок буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатат.

Аялдардын укугун коргоо боюнча жазылган мыйзамдар жетиштүү экенин, бирок ал иштебей жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева да белгиледи. Ал парламентте бул маселени көтөрүүгө убада берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG