Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Жогорку Кеңеште "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору даярдалды.

Авторлордун айтымында, ал кийинки кезде балдарды, аялдарды жана кары ата-энелерди үй-бүлөдө кордоонун түрлөрү менен санынын көбөйүшүнөн улам даярдалган.

Эмне үчүн кийинки кезде кыргыз коомунда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирин кордогону көбөйүп кетти? Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда сый кетип, аң-сезимге бүлүк салган жосундарга барышынын себеби эмнеде? Кыргыз элинин улуудан ийменүү, кичүүлөргө ызаат көрсөткөн сапаты жоголуп баратабы?

Көпчүлүктү ойлондурган ушул жана башка суроолорго “Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издеди.

Талкууга балдар психологу Гүлзат Шамсудин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана баланы коргоо башкармалыгынын башкы адиси Каным Абылова катышты.

“Азаттык”: Гүлзат айым, сиз жакында эле балдарга үй-бүлөдө, коомдо зордук-зомбулук көрсөтүү жана кордоо фактылары боюнча отчет даярдадыңыз. Акыркы жылдарда Кыргызстанда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине кордук, зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары улам көбөйүп бара жаткансыйт. Буга эмне себеп деген жыйынтыкка келдиңиз?

Гүлзат Шамсудин: Баяндама адам укугу кеңешинин материалдарынын негизинде даярдалды. Ага таянып айтсак, мамлекеттик мекемелер өз милдеттерин тиешелүү мыйзамдардын негизинде аткарып жатышат.

Бирок себептерине үңүлө турган болсок, адегенде акыркы 25 жылда коом эмне болду деген суроого жооп издешибиз керек. Биз эгемендик алган жылдар ичинде трансформацияга дуушар болдук. Ага чейинки СССР доорунда коомдун өз баалуулуктары, жашоо принциптери бар болчу. Ал эми ага чейинки 100 жылга көз чаптырсак, кыргыз элинин өз нугу бар эле. Мына ушулардын баары акыркы 25 жылда эркин экономиканын шартына ылайыкташып, либералдык идеологиянын алкагына түшүп, кескин өзгөрдү. Анын натыйжасында аял менен эркектин ортосундагы мамиле кескин өзгөрүп, коомдогу ролу жана орду алмашып, аял эркектин ролун алып баратат. Эркектер болсо өздөрүн арткы планга коюп алышты.

Аял табиятынан алдыга коюлган физиологиялык, психологиялык милдеттерди толук аткара албай калды. Ошонун негизинде ата да, эне да, бала да коомдо өз ордун таппай, улуттук өзөктү жоготуп алдык. Ушундан улам үй-бүлөдө өз ара сый-урмат, аёо, колдоо сезимдери жоголуп, бардык баалуулуктар аралашкан коомго айланып баратабыз. Ошон үчүн биз өз өзөгүбүздү кайра калыптандырышыбыз зарыл. Кандай жакшы мыйзамдар кабыл алынбасын, ал улуттук өзөгүбүзгө сыйбаса эч качан натыйжа бербейт.

“Азаттык": Каным айым, мыйзам боюнча үй-бүлөдө кордук көрсөтүүнүн бардык жерде жана көп кайталанган кандай түрү басымдуулук кылат? Анан ушул жыл башынан бери үй-бүлөдө кордук көргөн канча факт катталды? Бир жылда мындай окуялардын саны орто эсеп менен канчага чейин жетет?

Каным Абылова: Кыргызстанда ушул жылдын жарым жылдыгында балдарга зомбулук көрсөтүлгөн 55 факт катталды. Анын ичинде балдарды токмоктогон, психологиялык жана сексуалдык жактан кордоолор болду.

Былтыркы жылга салыштырмалуу бир аз саны азыраак. Бирок коомдо аябай көбөйүп бара жаткандай пикир пайда болду. Ага техниканын өнүгүшү жана журналисттердин көп көңүл бурганы түрткү берип жатат. Анткени мурун айылдарда ушундай окуялар болсо жалпы коомчулукка жайылчу эмес. Азыр окуя болор замат ЖМКлар дароо жазып киришет. Анткени, телефондогу Whatsapp деген сыяктуу программа менен дароо эле сүрөткө тартып жибере коюп жатышат. Ошону менен эл мындай окуяларды көнүмүш көрүнүш катары кабыл ала башташты.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG