Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Ардагерлер мээрим күтөт


“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар кымбатчылыкка кыжаалат болушуп, пенсия өлчөмүнүн аздыгын билдиришти.

Бишкек шаары, Күкү : Мен 75 жашка чыктым, ардагермин. Ушул тапта мен эле эмес, жалпы пенсионерлердин абалы абдан кыйын болуп калды. Биз жашаган Октябрь районундагы Байтик баатыр, Элебаев көчөсүндө ардагерлер үчүн муниципиалдык дүкөндөр жок. Бул жердеги соода түйүндөрүн байлар менчик кылып алышкан.

Нандын баасы 14 сом, сүттүн литри 30 сом, картошканын килосу 30 сом, кавартира төлөмдөрү асмандын башы. Бул пенсионерлерге эч бир жеңилдик жок. Өкмөт биринчи пенсияны жогорулатып, анан бааларды кымбаттатса болмок. Кары-картаңдарга мээримдүү болсоңор.

Бишкек шаары, Бердибек Жумабаев: Кийинки жылдары бийликтин туруксуз болуп жаткандыгынан улам ушуга жакшы бир чара болушу үчүн байыркы ата-бабаларыбыздан бери келаткан жалпы элдик курултай институтун киргизүү керек. Эгерде биз республикада курултай өткөрө турган болсок, анын максаты курултай институтун багыттоочу, көзөмөлдөөчү орган катары Конституцияга киргизүү зарыл. Бул өтө керек. Анткени кийинки жылдары бүт эле президенттерибиз эч жооп бербей, эч бир отчет бербей, жылына бир жолу элге кайрылуу жолдоп коюп, бир нерсе болсо өлкөдөн качып кетип жатышат. Ошол үчүн жылына бийликтин бардык бутактарын көзөмөлдөп, алардын иштери жөнүндө отчет алып туруу үчүн жалпы элдин өкүлдөрүн курултайга чакыруу керек.

Бишкек шаары, Назарбек: Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдында "электр энергиясынын баасын 6-7 тыйындан кылып, өзүнүн наркында берем",-деп айтты эле. Жок дегенде 40 тыйындан кылса деле болот эле. Эмне үчүн элди алдады?

Өзгөн району, Төлөгөн Жолдошев: Биз алыстагы айыл-кыштактарда жашайбыз мамлекеттик сыналгыдан керелди кечке орусча кинолор көрсөтүлөт, Мамлекеттик иш кагаздары дагы эле орусча. Парламент отурумунда депутаттар, аткаминерлер жыйналыштарда арасына бир цитата дешип сөз кошуп, орусча эле сүйлөп атышат. Кыргыздын нукура тилде сүйлөгөндү кийинки муунга, балдарга үйрөтүш керек эле. Мамлекеттик тилге макам беребиз деп коюп, ошол эле жогорку кызматтагылар өздөрү бузуп жатышат.

Бишкек шаары, Бүбүсайра: Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу "президент Роза Отунбаеванын каармандыгына жана мүдөөгө берилгендигине өтө жогору баа бердим”,- деген сөзүн уктум. Ушуга мындайча пикир айтат элем: биздин кыргыз элинде калп айткан киши эч качан каарман боло албайт. Роза Отунбаева ушул 2011-жылы эле элдердин арасында жыйналыш өткөрүп жатканда “маянаңыз канча сом?”,-деген суроого, “30 миң сом алам”,-дептир. Бир депутат айтты, “чындап эсептеп келсе 110 миң сом алат экен”,-деп. Муну да радиодон уктук. Эми президенттин аппаратынын акчасын кыскартып атат дегенди угуп, кыскарткандан кийин өлкө башчысы 60 миң сом алат экен. Бул 30 миң эмес, дагы эки эсе көп болуп атпайбы. Ошондуктан Жозе Мануэл Баррозуга айтып койсоңор, бизде мындай кишилер каарман да, мүдөөлүү да боло албайт. Бизди жаңылыштырбасын.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коеналиев:
Биздин колубузда документтер бар. 2007-жылдан бери президенттин кызматтык айлык акысы 50 миң сом болуп келген. Андан сырткары эмгек сиңирген жылдары үчүн, класстык даража, эс алуу күндөрү иштегендиги жана башка кошумчалар менен 100 миң сомдон ашчу. Аны Роза Исаковна деле жашырган эмес.

Мына 10-февралда президент жарлыкка кол коюп, айылыгы 50 миңден 30 миңге кыскарган. Бүгүн президенттин кызматтык айлыгы 30 миң сом. Жогорудай кошумча менен 60 миң сом болот. Мамлекет башчысы болгондон кийин ошого татыктуу айлык маяна алышы керек деп ойлойм. Коңшу мамлекет башчыларынын айлыгы менен биздин президенттин айлыгын салыштырганда уяла турган эле нерсе. Ал эми жанагы президенттин айлыгын көбүртүп-жабырытып айтып жаткандар президенттин кадыр-баркын түшүрөлү деп атабы же президенттик шайлоого аттанып жатышабы, билбейм. Түшүнүксүз.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, авто жоопко “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз. Ал эми бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген же ушак, далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG