Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Кендирди кескен жумушсуздук


Таш-Көмүр шаарынын четинде өз алдынча көмүр казгандар,12-декабрь,2010-жыл.
Таш-Көмүр шаарынын четинде өз алдынча көмүр казгандар,12-декабрь,2010-жыл.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылгандар парламенттеги фракциялар өкмөт менен биргелешип ынтымакта иш алып баруусу керектигин айтышып, социалдык көйгөйлүү маселелерге токтолушту.

Бишкек, Зайнаш: Өкмөт башындагы Алмазбек Атамбаевге, төрага Акматбек Келдибековго, вице-премьер Өмүрбек Бабановго, депутат Өмүрбек Текебаевге айтаарым: бири-бириңердин сөзүңөрдү угуп, ынтымакта өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн аракет кылгыла. Бир мунасага келип, биргелешип иш алып барсаңар жакшы болот эле. Мына, биринчи аял президент Роза Отунбаевага жардам көрсөтүп, колдобойсуңарбы. Карагылачы Роза Исаковна Батыш өлкөлөрүнөн кандай колдоо таап келди. Ич ара ырылдашпай, элди ойлоп, ишиңерди илгерилеткиле.

Бишкек, Бектурганов Токторбай: Шайлообек Дүйшеев деген азамат инимди мааракеси менен куттуктайм. Жакында анын мааракеси чоң деңгээлде өткөрүлгөнүнө күбө болдук. Кыргызстанда Ат-Башы албетте бийик жер. Бирок мен Шакени андан дагы бийик Хан-Теңгири чокусуна салыштырат элем. Биз улуттук идеологияны таппай, издейбиз. Улуттук идеология ушул Шайлообектин чыгармаларынын саптарында турат.

Бишкек, Тынчтыкбек: Мен “Парламент” радиосунан депутаттардын сүйлөгөнүн угуп алып аябай зээним кейип кетет. Өткөндө бир депутат “Аскар Акаевди бийликке Өмүрбек Текебаев алып келген”,-деп айтып жатат. Ал депутат Акаевди ким бийликке алып келгенин билбегенден кийин, парламентте эмнеге отурат деген суроо туулат. Акаевди чын-чынына келгенде Чыңгыз Айтматов алып келбеди беле. Деги эле парламенттеги айрым депутаттар Өмүрбек Текебаевди обу жок каралаганын токтотсо жакшы болот эле.

Лейлек району, Көк-Таш айылы Энекыз Мукумова: Районго өкмөттөн бекер ун келди дегенинен Зумбула айыл өкмөтүнө барсам, унду таратып жаткан Зулкайнар деген жигит “он сом бер” деди. Мен,”он сом эмес, он тыйыным жок”-дедим. “Он сомуң жок эмне келесиң? Сага ун берилбейт. Алып калам”,-деп орой жооп берди. Мен он сомум болбогонун, коңшумдун машинесин эптеп айдатып келгенимди айтып ыйлап жибериптирмин. Жанагы Зулкайнар деген соцфонддун кызматкери болуш керек, кагып-силкип, одураңдап атып бир мүшөк унду араң берди. Үйгө барып он сомум жоктугуна аябай ыза болуп, кан басымым көтөрүлүп, башым ооруп жатып калдым. Ушундай да болобу? Эмне болуп баратабыз?

Ош шаары, Гүлбайрам Рахимбердиева:
Бүгүнкү күндө базардагы азык-түлүктөрдүн баасы өтө эле кымбат. Айлык маяналар төмөн. Турмуш тиричиликке эң керектүү нан, кумшекердин баасы асмандап кетти. Жан багыш үчүн бир кишиге бир айда 3-4 миң сом сарп кылынышы керек. Андай акча кайда? Андан да Ошто жумуш жок кендирди кесип жатпайбы. Өкмөт жумуш менен камсыз кылып, айлыктарды, пенсияларды жогорулатып, анан кымбаттатса мейли дейт элек. Деги баалардын жогорулашын көзөмөлдөй турган орган барбы? Өкмөт каякты карап отурат?

Ош шаары, Кадича:
Бул жакта иш жок. Бир жерден жумуш табылса барсам “жаштарды алабыз” деп жакын жуутпайт. Эмне кылышты билбей калдым. Же пенсия албайбыз. Жолдошум эптеп каражат таап келет. Аны тамакка жумшайбыз. Өкмөт Ош шаарынын тургундарын жумуш менен камсыз кылса жакшы болот эле. Жумушсуздук маселесин ойлогон бирөө жарым барбы? Жаштар болсо Орусия, Казакстанга кетип жатат. Ошто кыргыздар калбай калабы деп кетем.

Ош шаары, Сүйөрбек Аманилаев, студент: Азыр Оштогу студенттердин жүрөгүн өйүгөн маселе - бюджет маселеси. Азыр студенттин стипендиясы 1992-жылы кабыл алынган токтом боюнча эсептелип, эки жүз жетимиш сомду түзөт. Азыр инфляция канча экени, азык-түлүккө баа көтөрүлгөнү, жатаканага төлөмдөр кымбаттаганы эске алынбай жатат, 270 сом эмнеге жетет? Өкмөт студенттердин ушул маселесине көңүл бурушу керек.

Алай, Тургунаалы:
Мектептерде дыйканчылык кылганды, мал бакканды окутуу керек. Азыр жаштар жер иштетүү, мал багуу эмне экенин билбей баратат. Баары эле жогорку окууга барып чоң болом деп ойлойт. Ал эми айылдарда кимдер каларын ойлошпойт. “Дыйканчылык кылып, мал баккан адам адам эмес” деген жаман ойду ойлошот. Ошондуктан 8-класстан баштап айыл чарба иштери боюнча атайын окууну мектептерге киргизүү зарыл. Баары эле окуйм деп шаарлап кетсе, алар кантип оокат кылат? Шаардыктарды ким багат? Шаарга барып базарда тачке түрткөндөн көрө жер иштетсе өзүнө да, өзгөгө да пайдалуу болот эле.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, аты-жөнүңүздү айтып, авто жоопко “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.

Ал эми бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген же далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG