Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Калк айтса да калп айтпайт


Парламенттик шайлоо, 10-октябрь, 2010-жыл
Парламенттик шайлоо, 10-октябрь, 2010-жыл

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандардын көпчүлүгү, күзүндө өтүүчү президенттик шайлоодо татыксыз талапкерди тандап алуудан чочулашууда.

Кочкор-Ата шаары, Максат Айылчиев: Мен да Кочкор-Атадагы "Кыргызнефтегаз" ишканасында акционермин. Ал жерде мен иштебейм. Бирок акция бар.

Акционер катарында 26-апрель күнү мен чогулушка баргам. Ошол күнү бизге Мамлекеттик мүлк тарабынан Масиров Кеңешбек Ногойкулович деген жаңы директор дайындалган. Кеңешбек Масиров дайындалбай туруп эле, 25-апрель күнү 7-апрель тополоңунан кийин жетекчи болуп келген Каныбек Дарбишевичтин жан-жөкөрлөрү чогулуп келип, азыркы күнгө чейин тополоң кылып жүрүшөт.

Максат Айылчиев
"Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү ошол жерде курал көтөрүп жүрүшөт, өз билемдик кылып. Эч кимди ишкананын ичине киргизбей, бир жылдан бери "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн айынан тополоң болуп жатат.

Соттошуп-чоттошуп, жумуш жакшы болбой, күн алыс митинг, пикет болуп, жумушчуларды иштен алып калып, кетип аткан вахталарды токтотуп, такыр тынчыбай коюшту. Ушундай акыйкатсыздыкты Алмаз Шаршенович Атамбаевге айтып, ушуну жөнгө салуусун каалайт элем.

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Олжобай Боромбаев: Мен Кочкор-Атадагы "Кыргызнефтегаз" ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсүмүн.

2010-жылы 8-апрелде ошол ишкананын эмгек жамааты мурдагы жетекчи Пирматовду кууп чыгышкан, анан өздөрү каалаган адамды жетекчи кылып шайлап алышкан. Ошол Каныбек Масиров иштегенден бери ишканага киреше түшө баштады. Былтыркы жылдын көрсөткүчү мурдагыдан эки эсе өстү.

"Кыргызнефтегазга" «Ата Мекен» партиясынын тиешеси бар деген жалган кеп. Келип көрсөңөр да болот, бул жерде кимдер иштеп, кимдер жүргөнүн. Бул "Ата Мекенди" жаманатты кылалы деп атайын чыгарылган ушак кеп.

Ноокен району, Ташмат Айдаров: Күзүндө президенттик шайлоо болгону жатат. Сунушум бар: кимде-ким президенттикке ат салыша турган болсо жалпы элдин алдында үч суроого жооп берсин. Биринчиси, мамлекеттин учурдагы абалына саясий анализ берсин. Экинчиси, мамлекеттин идеологиясын аныктап берсин.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик реформа жөнүндөгү маселени чечмелеп берсин. Эгер ушул үч суроону чечип бере турган адам болсо гана президенттикке талапкерлигин койсун.

Бишкек шаары, Атыркүл Ирагимова: Өткөн жылы бизде парламенттик шайлоо болуп, дүйнөдөгү эң узун бюллетен бизде гана бар экенин дүйнө жүзүнө көрсөттү. Анын себеби шайлоого катышкан саясий партиялардын көптүгүнөн болду.

Мына жакында да саясий өнөктүк болгону турат. Эми күзүндө президенттик шайлоо болот дегенден бери гезит беттеринде президенттикке аттанам дегендердин саны көбөйдү.

Президент деген оюн эмес. Ал журт атасы, эл атасы. Муну оюнга айлантууга болбойт. Президенттик шайлоого ар ким эле катыша бербей, татыктуулардын ат салышканы оң. Ошондуктан кыргыз калкы өзүбүздүн мамлекетибиз үчүн абдан терең карашыбыз керек.

Кара-Суу районунан Мадам Калмуратов: Грузиядагы милициянын реформасы бизге келиши өтө кыйын. Себеби Грузияда милиция элди коргойт, биздеги милиция өздөрүнүн чөнтөгүн коргойт. Эч кандай тартип жок. Милиция органдарын реформалоону жаңы өкмөт келгенде эле баштабаса, эми эч кандай өзгөрүү болбойт.

Эгерде “Эл үнү” берүүсүнө пикириңизди же сунушуңузду айта турган болсоңуз 31-61-65 номурлуу телефонго чалып, аты жөнүңүздү айтып, автожоопко жаздырып коюңуз. Бирөөнү каралаган, жалган маалыматтар эфирден чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG