Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Анталияда ооруканада жаткан Малика үйгө чыкты


Маликанын азыркы абалы
Маликанын азыркы абалы

Түркияда токмоктолуп, эки ай мурда ооруканага түшкөн кыргызстандык Малика Ноотиева үйгө чыкты. Бул тууралуу анын атасы Раимбек Ноотиев "Азаттыкка" билдирди.

- Он беш күндө бир келип каратып турасыңар дешти. Бир колу менен бир буту жакшы иштебей жатат. Ал массаж менен жакшы болот деп айтышты. Башынын операциясы да бүткөн, жипти алышкан. Кызымдын жалпы абалы дурус. Азыр бир түрк жаранынын батирине чыктык. Шарттарыбыз жакшы эле.

Дарыгерлердин айтымында, Малика Ноотиеваны бул абалга жеткирген окуянын чоо-жайы ал өзүнө келгенде такталат. Ал жакшылап сүйлөп бере ала турган учурда полиция сурак жүргүзөрү айтылууда.

23 жаштагы Малика 21-декабрда сабалып, эс-учун жоготкон акыбалда Анталиянын “Акдеңиз” ооруканасына түшкөн. Аны шаардын четинен табышкан. Кызды сабады деген шек менен эки түрк жараны кармалган.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу сүйлөшүп, анын 58 күндүк дарылануусуна кеткен чыгымды кечүүгө макулдашкан. Мындан аркы дарылануусуна акча төлөшөт. ​(ElB\SE)

XS
SM
MD
LG