Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Дүйнөлүк Экинчи согушта Мария Кияшко төрт жыл бою Германиянын түрмөсүндө (концлагерде) болгон.

Украинанын Днепропетровск облусунун Петропавловск районундагы мектептин 9-классын аяктаган Марияны өлүмдөн немис тилин жакшы билгени жана чыдамкайлыгы менен иштермандыгы сактаган.

Гитлерчилер Украинанын айыл-кыштактарын курчаганда башкалка аңдарын казууга Мария Кияшко да катышат. Ажылдаган дөбөт иттерин айдактаган полицайлардын коштоосу менен ал да миңдеген жердештери менен Германияга айдалып, концлагерде далай азапты башынан өткөргөн.

- Түрмөдө эч качан тоё тамак жеген эмеспиз. Күзөтчү жоокерлер тамактанганда биз аларды тиктеп, кургак эринибизди жаланып отурчубуз. Кечинде бир кесим нан жана эки картошка, капуста берилээр эле, ошондуктан күндүн батыраак батышын самачубуз. Нан дегени кебекке аралаштырып, жабылган жыгачтын талканы болчу. Биздин ачкадан жан сактообузга айланабызда жашылчалардын көп болгону да көмөкчү болду окшойт. Мен жолдуу болсом керек. Немис тилин жакшы окуганымдын, чыдамкайлыгым менен эркек балдардай иштеген күүлүү-күчтүүлүгүмдүн пайдасы тийип, жараткандын амири менен тирүү калдым.

Бизди окоп казууга жиберишти. Мен ал жерден качтым. 1941-жылдын ноябрында бизди Германияга сүрүштү. Мен, менин теңтуштарым, жаштар туш келди качтык. Биз лагерде ачка, суукка үшүп, топ-топ болуп отурчубуз. Оокат беришчү эмес.


Лагерден токойдогу аскер заводуна туткундарды жөө айдап барышчу. Кезегинде ал жерде эмне жасалганын Мария да аңдаган эмес. Эми ал ошондо танктын жабдыктарын жасаганын эстеп отурат.

Өспүрүмдөр жалкоолук кылганда "ушундай абалга туш келишиңер мүмкүн. Силерге тамак берилбейт" деп, үлдүрөп баса албай калган, каны алынган арык-торук балдардын сүрөтүн көрсөтүшчү экен. Азыр 89 жашка толгон байбиче "бизге жыгач кепичтерди, ала-була кийимдерди беришти. Жыгач кепич жышылганда, кышта болсо да жылаңайак жүрдүк", - деп эскерди.

Мария Кияшко отурган концлагердеги 700дөй туткунду 1945-жылы 15-майда америкалык аскерлер бошотот. Алар “силерди чыккынчы атап, Мекениңерге барганда камашат, же шахтага иштетет", - деп, Кошмо Штаттарына кетүүгө үндөшүптүр. Бирок туткундардын бирөө да макул болгон эмес:

- Заводдон чыксак бизди коруган полицайлар атышып жаткан экен. Биз эмне кылаарыбызды, кайда качаарыбызды билбей, ары-бери өтчү жерде туруп калдык. Эч нерсе түшүнбөйбүз, "Гитлер капут" дегенди эле угуп аттык.

Согуштан кайтаарда Кияшкону советтик аскер бөлүгүндө катчылык кызмат өтөөгө калтырышат. Туткунга түшкөн немис жоокерлерди суракка алганда аны тилмеч болууга мажбурлашат. “Жооп бербесе, айоосуз кыйноого туш болгон туткундарды көрүп, алардын жообун которууга көңүлүм чапчу эмес. Ошондо мени дарыгерлер "акылынан айныган” деп чыгарышты" дейт ал.

Согуштан кийин Украинада жашоо оорлогон. Ачкадан өлгөндөр көмүлбөй калган. Мариянын үй-бүлөсү ошондо Кыргызстанга ооп келет. Бул жерде загыра нан таап жеш үчүн керелден кечке кыш куюшат. Кийин Жалал-Абаддагы темир жол бекетине жумушка орношот. Партиялык уюмдагылар үч жылдык партиялык мүчөлүк акысын төлөгөн эмес деп, апта сайын бюрого салып, эптеп каражат таап, үй-бүлөсүн бакмак болгон коммунист күйөөсүн партиядан чыгарышкан экен:

- Аны УВДга жетелеп барышты, “билетти мындай кой, 590 сом төлө" дешти. Темир жолдо сексен сом айлык алчу. Аны менен кантип беш жүз токсон сом төлөйт эле? Бизге жүгөрү кайнатып ичкенге бир аз акча калышы керек эле да.

Азыр ай сайын 15 миң сом пенсия алган согуштун бул катышуучусу каражат жагынан балдарына да жардам берет. Мария Киашконун бырыш чекесинде ушинтип согуштун толтура барактары катылган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG