Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Бишкек: айрым добушканаларда урналар иштебей жатат


Бишкек шаарындагы №1022, 1135, 1036 шайлоо участокторунда биометриканы таануучу жабдыктар иштебей, добуш берүүдө маселе жаралууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар тургундары кабарлашты. Ак-Өргө жаңы конушунда жайгашкан №1022 шайлоо участогунда добуш берген тургун Тынчтык Алтымышевдин билдиришинче, жабдыктар иштебей калып, жарандар добуш бере албай жатат.

-Добуш берүүгө келген адамдардын бармагын тааныбай, жабдыктар иштебей калып жатат. Муну шайлоо комиссиясындагылар электр жарыгынын кубаттуулугу жетпей жатат деп түшүндүрүшүүдө, - деди Алтымышев.

Ушундай эле маселелер жаралып жатканын “Кыргызстан” партиясынын өкүлү Константин Конкин да тастыктады.

Буга чейин бир нече добушканада техникалык маелелерден улам добуш берүү кечигип башталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG