Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49
Биздин тарых

Дайынсыз кеткен Акматбек Жанузаков

"Азаттыктын" "Биздин тарых" долбооруна Бишкек шаарынын тургуну Марлин Акматбеков Экинчи Дүйнөлүк согуштан кайтпай калган атасынын жана таякелеринин сүрөттөрүн алып келди. 73 жаштагы Марлин Акматбеков согуш жылдарды, ал кездеги жакындарынын оор турмушун, азаптуу тагдырларын баяндап берди.

Атам Акматбек Жанузаков 1909-жылы азыркы Жайыл районуна караштуу Эриктүү айылында туулган. Атам үйдүн төртүнчү баласы болгон экен. Чоң атам Жанузактын Күрүч, Мамат, Жузу, Акматбек, Ашыр жана Иманкул деген алты баласы болуптур. Күрүчтүн жашы өтүп калгандыктан согушка чакырылган эмес. Анын баласы Акынбек Күрүчов 1942-жылы согушка чакырылып, бир бутунан ажырап кайтып келген. Мамат согуштан кайтпай калган. Анын өлгөнү тууралуу кара кагаз алышкан экен. Жузу майданда жумушчу батальонго туш болуп, согуштан аман-эсен кайтат. Атам Акматбек мугалим болгондуктан согуш башталган биринчи жылы эмес, 1942-жылы экинчи эшалон менен чакырылат. Астрахан шаарында топтолуп, андан ары Сталинградды бошотууга катышып, дайынсыз жоголду деген кабар келген. Бирок андан башка маалымат жок. Кайда өлгөнү, көмүлгөнү да белгисиз. Ашыр болсо 1941-жылы согушка кетип, бир колунан ажырап, кайтып келген. Атамдын эң кичүү иниси Иманкул согушка чейин Ташкенттеги аскердик окуу жайды бүтүрүп, ушул эле шаарда аскер комиссариатында жетекчи кызматта иштеп турган. Кийин Кыргызстанга которулуп, бул жакта иштеп жүргөн кезинде согуш башталып, биринчилерден болуп майданга аттанган. Анын өлгөндүгү тууралуу кара кагаз келген. Ошентип Жанузак чоң атамдын үч баласы бирдей согуштан кайткан эмес.

Атам Акматбек 1938-жылы апам Айнаш Кудаке кызына үйлөнөт. Апам азыркы Сокулук районундагы 1-май кыштагынан болгон. Ушул эле жылы атам Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына мугалимдикке жөнөтүлөт. Эжем 1939-жылы Алайда төрөлгөн, ошондон улам атын Алайкүл коюшат. Мен 1942-жылы төрөлгөм. Атам Алайда жүргөн кезинде согушка чакырылат. Ошондо мага төрт гана ай болгон экен. Майданга кетээрде апама “Эки баланы алып Сокулуктагы төркүндөрүңө, апаңдыкына бар, сен абдан эрктүүсүң” деп айткан экен. Апам Алайдан төөгө минип, кыйынчылык менен Жалал-Абадга жетип, андан бери Чүйгө поезд менен келет.

Ошентип апам эки баласы менен төркүнүндө жашап калат. Таятам мурда эле каза болуп калган, таянем бар эле. Таянем Батманын Сүймөбай, Байтерек, Дүйшөн жана Жышаан деген төрт уулу болгон, бешинчиси менин апам Айнаш болчу. Байтерек согушка чейин каза табат. Сүймөбай, Дүйшөн жана Жышаан деген таякелерим согушка кеткен бойдон кайтышкан жок, майданда курман болушкан экен. Жубайлары ошондон кийин балдарын таянеме таштап, төркүндөрүнө кетип калышкан. Бир жагынан алар ошол кезде жаш эле болчу, турмушка чыгышсын дешкен да окшойт. Таянемдин “үч баламдын жок дегенде бирин неге кайтардабың, алар согуштан келип, бул жакта өлсө гана, мүрзөсүнө барып куран окуп турат” элем деп кудайга жалынган сөздөрү азыр да кулагымда.

Согуш жылдары таянем үй оокаты менен алек, апам Айнаш болсо күндүр-түндүр, жайы-кышы колхоздун жумушунда болду. Атам Акматбек алгач тынымсыз кат жазып турган, кийин кат үзүлүп, “дайынсыз жоголду” деген кабар келет. Ошентип таякелеримдин балдары менен өңчөй жетимдер таянемдин колунда чоңойдук.
Апам күйөөм келип калаар деген үмүттө кайра турмушка чыккан жок. "Согушта дайынсыз жоголду” деген кабар апама чоң үмүт берген окшойт, атамды келип калар деп күтүп жүрдү. Бирок, тилекке каршы кайтып келген жок, анын кайда өлгөнүн да, көмүлгөнүн даушул кезге чейин билбейбиз.

Атамды аскерге узатканда апам болгону 22 гана жашта экен. Апамдын кийин турмуш курбай калганына абдан өкүнөм. Балким атам өлдү деген кара кагаз келсе, апам өмүр бою жалгыз жүрбөй бирөөнүн колун кармайт беле... Апам Айнаш узак өмүр сүрүп, 2010-жылы 89 жашында каза болду. Апам өлгөндө көзүмдөн жаш чыккан эмес. Бирок “Азаттыкка” ушул баянды жазып жатып, сүрөттөрдү кайра бир сыйра карап отуруп, бир жагынан апамдын азаптуу өмүрүн эстеп, көзүмө жаш тегеренди...

Мен быйыл 73 жашка чыктым. Беш балам бар, баары үй-бүлөлүү, бала-чакалуу Бирок атамдын өлгөн жерин тапсам, куран окуп, мусулманчылык парзымды өтөп келсем деген ой тынчтык бербейт.

XS
SM
MD
LG