Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:27

Биз жашап жаткан ушул заманда дүйнө барган сайын чиеленишип, татаалдашууда. Табигый, энергетикалык, инфраструктуралык, материалдык жана материалдык эмес, интеллектуалдык, руханий баалуулуктар, кыскасы көктөгү жана жердеги, жер астындагы жана үстүндөгү ресурстар үчүн кылыч мизинде кыл чайнашкан күрөш күч алууда. Бул адамзаттын өнүгүүсүндөгү мыйзам ченемдүү көрүнүш, эч ким эч кайда кача албай турган, озунганы ута турган, ыкшоосу оозунан алдыра турган айныгыс реалдуулук. Ушул кезге чейин адамзат 14 миңден ашуун ири согуштарды башынан кечирген жана алардын баарынын түпкү себеби - ресурстарга ээлик кылуу. Талаш болуп келген жана боло бермекчи, ошол баалуу ресурстардын эң кымбаты – бул суу.

Суу талаш уруштарга себеп болгон

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, биздин планетадагы калктын бештен бири же 1,5 млрд. адам таза сууга зар. Сууга таңсык адамдардын саны 2025-жылы 3 миллиардга жетерин адистер белгилейт. Соңку 10 жыл ичинде таза сууга болгон муктаждык беш эсе өстү. Бир тонна буудай өстүрүү үчүн 1,5 миң кубометр суу, бир тонна пахта өндүрүүгө 10 миң кубометр суу, ал эми 1 тонна болот эритүүгө 300 кубометр, 1 тонна жез алууга 500 кубометр, 1 тонна никель алууга 4 миң кубметр таза суу сарпталат. Жер шарындагы бардык суунун 3 гана проценти таза суу экенин окумуштуулар эсептеп чыгышкан. Суунун айынан 20-кылымдын ортосунан бүгүнкүгө чейин дүйнөдө 500 ашык ар кандай деңгээлдеги жана масштабдагы конфликттер болгонун адистер эсептеп чыгышкан. Азыркы кездеги Жакынкы жана Орто Чыгыштагы, Азия жана Африкадагы жаңжалдардын анабашы суу үчүн күрөш экени маалым. Америка президентинин суу маселелери боюнча мурдагы кеңешчиси Жойс Старрдын ою боюнча, суу коопсуздугу глобалдык жана регионалдык коопсуздуктун эң негизгиси болмокчу. Кыскасы, суунун тартыштыгы күчөп, сууга ээлик кылуу үчүн кармаш барган сайын курчуганы дээрлик бардык мамлекеттердин ички жана тышкы саясатын, соода-экономикалык алакаларын аныктоочу факторлорго айланды.

Суу башы болгон, бирок бул эбегейсиз байлыкка толук ээлик кыла албай келген Кыргызстан үчүн да суу стратегиясы - мамлекеттик суверенитеттин негизги проблемасы. Мен башка жагдайлардын, өбөлгөлөрдүн маанисине дегеле шек келтирбейм. Суудан башка да байлыктарыбыз мол экендигин айтып манчыркап калабыз. Бирок, Кыргызстан региондогу жана дүйнөдөгү кубаттуу державага айланабы же чабал өлкө бойдон калабы, эл аралык мамилелердин активдүү, таасирдүү субьектиси болобу же геосаясаттын пассивдүү обьектиси бойдон калабы, өз байлыгына өзү ээ өнүккөн мамлекет болобу же колунан кутун качырган, оозунан жемин алдырган бечара кейпин киеби? Дал ушундай түйүндүү суроолордун жандырмагы суу жана аны пайдаланууга байланыштуу.

Кыргызстан сууга бай жана зар өлкө

Кыргызстан сууга бай, ошол эле мезгилде сууга зар өлкө. Парадокс мына ушунда турат. Кыргызстандын жалпы территориясынын 80 ашык процентин тоолор түзөт жана ошол ак кар, көк муз тоолордон куралган 35 миң майда жана чоң дарыялардан жылыга 51 млрд. кубометр таза суу өрөөндөргө агып келет. Жер астындагы таза суунун запасы – 13 млрд. метр/куб, көлдөрдөгү таза суунун запасы – 1745км/куб жана өлкөбүздүн жалпы территориясынын 4% ээлеген мөңгүлөрүбүздө 650 км/куб таза суунун запасы бар экинин адистер өз убагында эсептеп чыгышкан (“Питьевая вода Кыргызстана“).

Жалпылап айтканда, Кыргызстан таза суунун запасы боюнча дүйнөдөгү ири мамлекеттердин катарына кирет. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө алдыңкы орунду ээлейт. Анан эми мындан суроо туулат, байы го бай экен, сууга зар дегени кандай?

Кыргызстан өзүндөгү суунун 4501,9 млн./куб же 26,9% айыл чарбасына, чарбалык жумуштарга 481,5 млн./куб, өндүрүштүк максаттарга 673,1млн./куб жумшайт. Башка иштерге 1,3 млн./куб суу кетет. Ар жылы мөңгүлөрдөн куралып, тоолордон агып түшкөн 51 млрд. кубометр суунун 15-20% гана пайдаланылат. Жалаң китепке таянбай, практиканы да айта кетейин. Мен бир нече райондо, анын ичинде Ак-Талаа районунда аким болуп иштедим. Ак-Талаа районунун тоолорунда куралган Ала-Буга дарыясы бир мезгилде 15-25 миң гектар аянтты сугарууга кубаты жетет. Бирок бир гана насостук станция аркылуу мыкты болсо 3 миңге чукул айдоо аянты үчүн пайдаланылат. Калган суу айыл чарбасына эч пайдасыз 12 миң (!) гектар түптүз талааларга тамчысын тийгизбей өтүп, куркураган бойдон Нарын дарыясына кошулуп барып Токтогулга куят. Ал эми Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон, Орто-Токой, Киров, Папан сыяктуу ири гидротүйүндөрдөгү жана суу сактагычтардагы 34,14 км/куб суунун 9.09 км/кубун гана Кыргызстан керектейт. Аталган гидротүйүндөрдү жана суу сактагычтарды кармоо, кайтаруу, сактоо жана оңдоо өңдүү элементардуу зарыл жумуштарга Кыргыз Республикасы жылына 2,5-3 млн. доллар сарптайт. Калган суу каякка кетет? 80% Коңшу Өзбекстан менен Казакстандын жүз миңдеген, 10% Тажикстандын миңдеген гектар талааларын гүлдөтүүгө, алардын экономикасын өнүктүрүүгө кетет. Бир эле Токтогул суу сактагычын ишке берүүнүн натыйжасында Сыр-Дарыя бассейниндеги керектөөчүлөрдүн саны эселеп өскөн. 400 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлгөн, 918 миң гектар аянтты суу менен камсыздоо 90% өскөн. СССР министрлер советинин атайы комиссиясы кезегинде ушундай бүтүм чыгарган (Т. Усубалиев. Дело моей жизни). Андан бери канча пайда табышканын алар гана билет.

Ал эми минералдык, дарылык касиетке ээ суулардын 10-15% гана өздөштүрүлүп, калганы кол тийгис бойдон жатканын эсептөөлөр көрсөтөт. Ондогон сапаттуу, минералдык, дарылык касиети бар жана башка пайдалуу суулардын кени алигиче изилденбей келүүдө. Кейиштүү реалдуулук ушу – Кыргызстанда миңдеген гектар даркан талаалар суу жетпей какшып турат. Калктуу конуштардын 30% ашыгы таза сууга зар болуп күн кечирүүдө. Үчүнчүдөн, идишке куюлуп сатылып жаткан суулар Кыргызстандын керектөөсүнүн 35-40% гана канааттандырат. Калганы тыштан ташылып келет, импорттолот. А эң негизгиси, суу ресурстары ички жана тышкы саясатта, экономикалык мамилелерде чечүүчү фактор катары эсептелинбейт. Өтө маанилүү стратегиялык ресурс, экологиялык кенч, экономикалык байлык, ички-тышкы соодада товар, саясий-дипломатиялык мамилелерде артыкчылык катары колдонулбайт. Колдонгон мындай турсун, ага олуттуу, салмактуу, кирише да элекпиз.

Сугат суусун товар катары пайдалануу, коңшулар менен бул маселеде теңата сүйлөшүү тууралуу өткөн мезгилдерде жакшы демилгелер көтөрүлүп, бирок белгисиз себептерден улам кыр ашпай, суу маселесинде али чабалдык кылып келе жатабыз. Башканы койдук, Кыргызстандагы жер үстүндөгү суулардын көлөмү алигиче өткөн кылымдын 70-80-жылдарындагы изилдөөлөргө таянып аныкталып келүүдө. 1997-жылы, 2000-жылы ТАСИС жана АӨБ аркылуу толук эмес, кээ бир аймактарда гана текшерүү жүргүзүлгөн. Эгемендүүлүк жылдары суу ресурстарыбыз жана аны пайдалануу абалы толук жана комплекстүү изилденбеген. Ошол эле учурда миллиондогон доллар каражаттар пайдасы азыраак семинарларга, “демократияны өнүктүрүү” сыяктуу шектүү долбоорлорго жана мамлекеттик бийликти алсыраткан ар кандай “оптимизациялоо стратегияларын иштеп чыгууга жана реализациялоого” жумшалып келбеди беле. Ушунун өзү да биздин сууга карата мамилебизди көрсөтүп турат.

Туура. Биздин өкмөт да аракеттенип жатат. Президент А.Атамбаев демилгелеген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында ирригациялык тармактардын начарлыгынан айдоо аянтына жеткенче суунун 40% коромжу болору белгиленип, ирригацияны өнүктүрүү схемасын даярдоого 2,2 млн. доллар каралган. Андан тышкары, ар жылы 10 миң гектар жерге суу чыгарып, жаңы өздөштүрүү же кайра өздөштүрүү болжолдонгон. Сууну үнөмдүү колдонуу жана түшүмдүүлүктү арттыруу максатында тамчылатып сугаруу технологиясы акырындап колдонула баштады. Бул келечектүү саясат. Бирок дагы кандай аракеттерди көрүү зарыл?

Биринчиден, суу дипломатиясы тышкы саясатта эң приоритеттүү багыт катары аныкталууга тийиш. Бул конкреттүү, кылдат кадамдарды талап кылат. Бирок кылдаттык деген маселени дагы ондогон жылдарга оодара салуу эмес, ар бир жагдайды тактап, дүйнөлүк тажрыйбаны, эл аралык укуктук нормаларды натыйжалуу, ыктуу колдонууну түшүндүрөт. Ириде аныктамаларды тактап алалы, ошондо гана каталардан кутулабыз деп Дени Дидро айткандай, суу ресурстарына, дарыяларга, көлдөргө, мөңгүлөргө эртең биздин мамлекет утулуп калбагандай аныктамаларды ири алдыда өзүбүз макулдашып алуубуз зарыл. “Чектеш суу”, “чек арадагы дарыя”, “орток суу”, “жалпыга тийиш дарыя”, “жогорку агым”, “куюлма”, “суу калыптанган аймак”, “мамлекет аралык суу”, “биргелешип пайдалануу”, сыяктуу ондогон аныктамаларды эки жана көп тараптуу макулдашууларда этият колдонуу, ала кушту атынан атап, ага биздин өнөктөштөрдү бекем аргументтер менен ынандыруу зарыл.

Эл аралык тажрыйба кандай?

Мисалы, Кыргызстандын ички тоолорунда топтолуп, биздин аймактан өтүп, биз салган суу сактагычтарда сакталып, анан коңшуларга тынбай аккан суулар, чоң-кичине дарыялар “трансграничный, “совместный”, “общего либо межгосударственного пользования” сыяктуу айлакерлер ойлоп тапкан, таңууланган жана колу-бутту тушаган аныктамалар, терминдер аркылуу бат эле бизге тиешеси жок сууларга айланып келгени жакшы маалым. Башка өлкөлөрдө биз менен коңшуларыбыз ортосундагыдай эле жагдайлар кандай чечилгенине абай салалы. Дээрлик баардык мамлекеттерде суу башы өлкөлөр өз пайдасынан куржалак калбагандыгын көрүүгө болот. Мисал арбын, бирок айрымдарын келтирели. Колумбия дарыясы (223 км/куб суу) Канададан куралып, АКШга агат. Дарыянын 772 чакырымы Канаданын территориясын, 1971 чакырымы АКШ территориясын аралап агат. 1961-жылкы келишим боюнча АКШ ар жылы Канадага 60-70 млн. доллар компенсация, Колумбия дарыясында курулган ГЭСтерди пайдалануудан түшкөн каражаттан жылыга 250-350 млн. доллар төлөйт. Ал эми Түркия Болгария менен 1993-жылкы келишимге ылайык сугат суусун сатып алат. Суу куралган, башталган мамлекетке аны пайдаланган мамлекеттер акча, компенсация төлөп, сугат суусун товар катары кадыресе эсептешерин өз убагында Турдакун Усубалиевдин демилгеси менен түзүлгөн комиссия 20дан ашык мамлекеттердин мисалында далилдеп берген. Ошентип, сууну, сугат суусун сатуу Европа, Латын Америкасы, Азия, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде кеңири колдонулган тажрыйба. Аталган аймактардагы бардык өлкөлөр ошого кыңк этпей макул дегенден алыспыз, бирок сатканы да, сатып алганы да ушул жолду тандап алышкан. Изденүү, ойлонуу, талашуу, сүйлөшүү, эсептөө, үнөмдөө, сууну сактоо, суу объектилерин куруу сыяктуу не бир түркүн аракеттер аркылуу өз ара пайдалуу макулдашууга келишкен.

Демек, экинчиден, биз да суу маселесинде аяр, өтө билимдүү жана мекенчил дипломаттардын жана адистердин бүтүндөй муунун калыптандырууга тийишпиз. Президент Атамбаевдин жаңы элита калыптандыруу демилгесинин алкагында дипломаттардын, юристтердин, инженерлердин, технологдордун жана экономисттердин, кыскасы суу стратегиясын түзүп, аны ишке ашырууга жөндөмдүү мыкты адистерди даярдоо жана кайра даярдоо зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарында иштеген кызматкерлерди да суу маселесин чече алгыдай билим потенциалын чыңдоо керек. Бекеринен айтканыбыз жок. Кыргызстан түркүн эл аралык келишимдерде моюнуна сыйыртмак салдырып, көбүнесе утулуп, анан далайдан соң эсибизге келгенде эл аралык сотко барып, ал соттордон жеңилип келгенибиз - биз сунуштаган жагдайлардын маанисин ого бетер арттырып турат.

Үчүнчүдөн, агып жаткан суу өзүнөн өзү эле стратегиялык факторго же товарга айланбайт. Аны сактоо, пайдалануу, үнөмдөө боюнча ар кандай өндүрүштүк-технологиялык кубаттуулуктар талап кылынат. Макул, агын сууну сугат убагында айдоо аянттарына пайдаландык дейли. Сууну аз пайдаланган учурларда коңшулар бербесең ак койдук, бизге агызбай, жайпатпай, сел-ташкын кылбай карма, непада каптап кетсе чыгымын тартасың десе, анда канттик? Же тескерисинче, суу тартыш мезгилде сен карөзгөйлүк кылып сууну бербей жатасың, буздуң келишимди, төлө зыянды, кыргыз тууган дейт, мында не кылабыз? Айтор сууну кайда, канча көлөмдө, кантип сактайбыз, кем болсо кантип үнөмдөйбүз, көп учурларда каякка батырабыз, какшыган талааларга кантип жеткиребиз? Мына ушул нерселер аныкталып, изилденип, чечип алганыбыз оң болмокчу. Айтайын дегеним жабык жана ачык, ири жана майда гидротүйүндөр менен бассейндер, узун жана кыска каналдар, ар кандай кубаттуулуктагы гидроэнергетикалык жана ирригациялык объектилерди куруу аркылуу гана сууну натыйжалуу пайдаланып, эл аралык мамилелерде аргумент катары пайдалана алабыз.

Борбор Азия суу талашын кантип чечет?

Аргумент демекчи, эл аралык укук нормаларын колдонууда да эки ача түшүнүктөр, стандарттар жок эмес. Кээ бир коңшулар биздин жана Тажикстандын ГЭСтерди куруу аракеттерибизге капа болуп, ар кандай деңгээлдердеги форумдарда каршы пикирлерин айтып келишет. Аргументи кайсы? “Кыргызстан менен Тажикстан өзүмбилемдикке салып, кудай берген жаратылыш байлыгы сууга ГЭС салып, суу аягындагы мамлекеттердин элинин укугун, экономикалык кызыкчылыгын жана экологиялык балансын бузууга ниеттенүүдө. Буга жол берүүгө болбойт”. Жалпак тил менен айтканда ушул. Жакшы. Ошол эле кудай берген жаратылыш байлыктары газ, нефть, алтын, көмүр, темирди ал мамлекеттер каалагандай пайдаланып, башкаларга сатса болот, ошондой эле байлыкты биз макулдашуу аркылуу гана пайдаланышыбыз керекпи? А Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын ар бир мамлекет өнүгүүгө, өзүнө тиешелүү ресурстарды пайдаланууга укуктуу деген фундаменталдуу принциби жокко чыгабы же айрым гана мамлекеттерге карата колдонулабы? Кеп коңшулардын бизге ниетинин начардыгында деле эмес. ГЭСтерди Орусия менен биргелешип куруу боюнча Кыргызстандын аракеттерине коңшулардын каршылыгы өзүбүздүн чабалдыгыбыз, мамиле түзө албаганыбыз, сүйлөшө билбегенибиз жана ошол эле коңшуларды шыкактаган державалардын эки ача ажырым саясаты менен байланыштуу. Бирок ошол жана башка ачык айтылбай турган нерселерди терең иликтеп, биз тарапка ылайыктуу жоболорду таамай далилдеп, эл аралык тажрыйбадан үлгүлөрдү таап, өнөктөштөрдү жана алар апелляция кылып жаткан эл аралык коомчулукту ынандыруу аракетин жасашыбыз керек. Бул иштер интеллектуалдык жана саясий-дипломатиялык энергияга, экономикалык аракеттерге муктаж.

Төртүнчүдөн, өткөн мезгилде Борбордук Азиядагы Суу-энергетикалык консорциумдар түзүү аракеттеринен бизге ылайыктуу майнап чыккан жок. Демек, сууну пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык кызматташтыктын башка формаларын издөө керек. Же кызматташуунун, өнөктүктүн форматын, мазмунун өзгөртүү, пайдалуу, келечектүү жолдорун табуу зарыл. Эгер бул жолдорду бүгүн издеп, ошого шайкеш шарттарды эмитен түзүп албасак, анда эртең суу коңшулар ортосунда изги кызматташтыктын эмес, талаш-тартыштын жана мындай учурда дароо пайда боло калуучу, эки тарапка тең дегеле мөрөй бербей турган тышкы “ортомчуларга” күнкор болобуз.

Бешинчиден, суу ресурстарын жана аларды натыйжалуу пайдалануу жолдорун иликтеп, ушул маселелер менен такай алектенген, стратегиялык жана оперативдик сунуштарды иштеп чыга турган, кыскасы, тиешелүү жана комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн суу институтун түзүү керек. Көп мамлекеттерде суу маселеси менен алектенген илимий институттар жана мамлекеттик суу саясатын аныктаган, ишке ашырган жана координациялаган ыйгарым укуктуу бийлик органдары бар. Аз да болсо бар адистерди топтоп, илимди, анын ичинде Улуттук илимдер академиясын реформалоонун алкагында Суу институтун уюштуруп алууга неге болбосун. Болот.

Алтынчыдан, таза сууну, минералдык жана дары сууларды иштетүүнүн улуттук рыногун жана экспорттун көлөмүн арбытуу мамлекет үчүн чоң пайда алып келери түшүнүктүү. Адистердин иликтөөсү көрсөткөндөй, ичүүчү таза суунун жана минералдык, дары суулардын 15% гана өздөштүрүлүүдө. А ичиле турган суу рыногу, ага болгон керектөө эбегейсиз. Бирок атаандаштар деле жетиштүү. Демек, ичүүчү таза сууну жана минералдык, дары сууларды иштетип, ички керектөөнү канааттандырып, тышка экспорттой турган ишканалардын тармагын колдоо зарылчылыгы да күн тартибинде. Бул бальнеологиялык анализден тартып бургулоо, технологиялык адистерди даярдоо, сууну идиштерге куюу, сактоо, транспорттоо, логистиканы уюштуруу, маркетинг, тышкы рынокко чыгарууну дипломатиялык коштоо сыяктуу маселелердин комплексин чечүүнү талап кылат.

Дипломатиялык коштоо жөнүндө ойдон чыгарып айткан жерибиз жок. Бүтүндөй дүйнөдө дипломаттар өз өлкөсүнүн бизнесинин кызыкчылыктарын тышкы чөйрөдө колдоп келишкен, колдой беришмекчи. АКШнын мамлекеттик департаменти жана конгресси америкалык бизнести жана экономикалык долбоорлорду чет мамлекеттерде жакшы колдобой жатат деп дипломат, окумуштуу В. Хэррон атактуу “Рэнд корпорейшнге” жасаган баяндамасында айыптайт. Кызыкчылыктарына кенедей шек келсе дүйнөнүн ар бир чекитин аңтарып, керек болсо ошол жерди сапырып жиберүүгө даяр Американын саясатчылары өздөрүнө ушинтип нааразы болуп жатса, бизге окшош энөө, кенебес мамлекеттер каруусун казык кылышы керек.

Жетинчиден, кыргыз эли сууну ыйык эсептеген, кор кылбай кымбат туткан. Бирок бул маданият кедергисине кетүүдө. Демек, коомдо сууга аяр мамилени, аны үнөмдүү пайдалануу маданиятын калыптандыруу көңүл бөлө турган идеологиялык милдет.

Эң аялуу жана кымбат байлыгыбыздын бири сууну акыл менен, жакшылап, мыктап пайдалануу маселелери биздин өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болгондуктан эмитен жеңди түрүп киришүү зарыл. ​

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG