Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:53

Быйыл Кыргызстан электр энергиясын сыртка сатпайт, тескерисинче Тажикстандан сатып алуу жагы каралууда.

Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “Ата-Журт” фракциясынын жыйынында билдирди. Көз карандысыз эксперттер быйыл Токтогул суу сактагычында суу азайып, энергетика тармагында акыбал оор экенин белгилеп жатышат.

Энергетика тармагындагы дефицит ушул тапта 7 млрд. (6,7 млрд.) сомго жакындады. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин “Ата-Журт” фракциясынын жыйынында киреше менен чыгаша ортосунда келип чыккан бул жетишсиздик электр энергиясына бааны көтөрүү менен чечилгени жатканын айтты. Артыкбаев жаңы тарифтик саясат иштелип бүтүп калганын дагы билдирди. Карапайым калк үчүн тариф азыркыдай калмакчы. Электр энергиясы учурда калкка 70 тыйындан сатылууда.

- Энергокомпаниянын кирешеси 11,9 млрд., ал эми Монополияга каршы агенттик бекитип берген бизге керектүү акчанын көлөмү 18,9 млрд. сомдун тегерегинде. Ортодогу айырма - дефицит. Ошондуктан биз орточо тариф саясатын жүргүзөбүз. Бирок бул элдин 70% таасирин тийгизбейт, электр энергиясын көп колдонгондор, жылуулук үчүн колдонгондоргө биз бааны көтөргөнгө мажбур болобуз. Антпесек бул дефицитти жаба албайбыз,-
деди Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Осмонбек Артыкбаев.

18-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясы адистер, эксперттер менен энергетикадагы абалды талкуулады. Депутаттар бул тармакта коррупция азайбай, мурдагы бийлик түзүп кеткен ыплас схемалар иштеп жатканын, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн кескин төмөндөп кетишин, сырттан келген инвестициянын максатсыз пайдаланылып жатканын, Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык экономикалык негиздемеси көрсөтүлгөн убактан кыйла кеч иштелип чыкканын сынга алышты. Аталган фракция өкүлү Дастан Жумабеков ортомчу жеке станцияларды колго алып, министрликти реформа кылууга чакырды.

- Легендага айланган “Ширшовдун схемасы” дагы эле айтылып атат. Сиздер ага каршы программа иштеп чыга албай жатасыздар. Ортомчу электр станциялары бар, алар насыя алып өздөрүнчө иштеп атат. Айланып келип алты миллиарддан ашуун дефицит деп көрсөтүп атасыздар. Түздөн түз станцияларды министрлик өзүңөргө алып, иштелип чыккан энергетиканы элге түз бергендей реформа кылбайсыздарбы. Ошондо каражат бюджетке келип түшөт эле.


2009-жылы Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү азайып кетип, энергетикалык кризиске кептелген. Көз карандысыз эксперттер быйыл да Токтогул суу сактагычында суу азайып, энергетика тармагында акыбал оор экенин белгилеп жатышат. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматы боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 18-апрелде 8,5 млрд. метр кубду түздү, бул өткөн жылга караганда 3 млрд. метр кубга аз. Ошол себептүү өкмөт быйыл электр энергиясын сыртка сатпай турган болду. Тескерисинче, сатып алууну караштырууда.

Министр Артыкбаев "Быйыл эч кандай эскпорт кыла албайбыз, суу өзүбүзгө жетпей жатат. Тескерисинче, алышыбыз мүмкүн", - деп, бул үчүн Тажикстан менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу маселелерин иликтеген эл аралык коомдук фонддун жетекчиси Эрнис Карыбеков келаткан кыш Кыргызстанга оор жыл болорун, энергетикада өзгөчө кырдаал түзүлүп калышы ыктымал деп коңгуроо кагат. Ал суунун көлөмүнүн кескин төмөндөп кетишин, сарамжал пайдаланбагандын кесепети деп баалады:
Токтогул суу сактагычынын адистери. 18-январь, 2013-жыл.

Токтогул суу сактагычынын адистери. 18-январь, 2013-жыл.

- Азыр суу аз келе турган убак деп атышат. Акыркы төрт жыл ичинде суу жакшы эле көлөмдө келип атты. Сууну арзан баада көп сатып жиберишкен. Мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынган эмес, каражат ортомчу компанияларга кеткен. Үч жылда сатылган суудан 80 миллионго жакын доллар кызынага түшпөй калган. Азыр суу, көмүр, отун, акча жок маселени кантип чечишет? Акыбал абдан оор. Бул өзгөчө кырдаал, аны өкмөт, анын алы жетпесе президент чечиши керек.

Бирок Осмонбек Артыкбаев эксперттердин мындай пикирине кошулбайт. Анын белгилешинче, министрлик тармакта кризисти болтурбоо үчүн программа иштеп чыккан. Анын негизинде энергетикадагы жалпы жоготууларды быйыл 16%, 2017-жылы 12% кыскартуу мерчемделип жатат.

2011-жылы Кыргызстан Казакстанга 2 млрд. 154 млн. киловатт/саат, Өзбекстанга 500 млн. киловатт/саат электр энергиясын экспорттогон. Казакстанга электр энергиясын экспорттоодон Кыргызстан 85 млн. доллар таап, ал каражат көмүр, газ, кара май сатып алууга жумшалат. Былтыр да Казакстанга мындан азыраак көлөмдө электр энергиясын сатып, 1 кВт/сааттын баасы 4 центке бааланган. “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары бул тармактагы маселелерди чече албай жатат деп өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG