Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Жайкы аптапта сугат суу жетишпей, жайыттарда чөптөр суу жетпей күйүп кеткени тууралуу маалыматтар акыркы убактарда көбүрөк айтыла баштады. Айыл суу чарба адиси, Кыргызстандын суу чарба боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Баратали Кошматов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бүгүнкү маалыматтар боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 миллиарддан ашып түштү. Бул суу сактагыч көлкүлдөп толду дегенди түшүндүрөт. Бирок ошол эле учурда эгиндерге суу жетпей, жайыттарда чөптөр күйүп кетип атканына эмне себеп болушу мүмкүн? Бизде сугат ирригация системасы жакшылыктуу жасалган эмес го деген суроо туулат?

Кошматов: Менин маалыматым боюнча Токтогул суу сактагычында 19 миллиард куб метрден ашып кетти. Долбоордук параметр боюнча 19,5-19,6 миллионго чейин чогултса боло турган. Азыр күнүнө 20-30 млн. суу кирип атат, 15-августтарда толот.

Көпчүлүк суу сактагычтарда азыркы күнү долбоордук параметрге жакын суу көлөмдөрү чогултулган. Мен кечээ иш сапар менен Жалал-Абад облусунда болдум. Азыр Ош, Баткенге кетип атам.

Чындыгында суу сактагычтарда суу бар. Бирок тоодон келген дайраларда суу солгундап кетти. Ошонун себебинен өсүмдүктөргө суу жетпей калган болушу мүмкүн. Бизде табигый шарттар боюнча ар жылы ар кандай болот. Өткөн жылы суу мол болду. Ал эми быйыл кичине кургак болуп атат.

“Азаттык”: Чабылуучу чөптөр да жазындагы кургакчылыктан улам бийик өсө алган жок деген маалыматтар бар. Эгерде бизге пайдасы тийбесе, анда суу сактагычка суу топтоп эмне кереги бар деген суроо туулат?

Кошматов: Кайрак жерлерде жаан-чачын аз болсо кургап кетет. Быйыл апрель айынын орто чендерине аябай ысып кетти. Ошондуктан Чүй, Ысык-Көл ж.б. өрөөндөрдө жакшы түшүм алганга мүмкүнчүлүк болду. Ал эми Жалал-Абад, Ош өрөөндөрүндө көп жер күйүп кеткени сезилип турат.

Суу сактагычтарда суунун чогулушу, мисалы Папан суу сактагычынан Ош облусуна абдан пайдасы тийди. Токтогул суу сактагычы энергетикалык багытта курулгандан кийин сууну көп албайбыз. Бирок өзүбүзгө ылайык алсак болот.

“Азаттык”: Ошол эле учурда Өзгөн менен Анжиян облустарынын ортосунда турган өзбектер Анжиян суу сактагычы деп айтышат, биз Кемпир-Абад суу сактагычы деп айтабыз. Ошол суу сактагыч да быйыл болуп көрбөгөндөй чекке жетип толду. Бирок ошол суу сактагычтын күнүн ким көрөт, эгерде ошол тегеректеги дыйкандары көрбөсө?

Кошматов: Кемпир-Абад суу сактагычын өзбекстандыктар башкарат. Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда керектүү өлчөмдө суу алганга укугубуз бар, ала алабыз. Бирок тилекке каршы азыркы заманга ылайык ирригациялык курулуштардын жоктугунан көпчүлүгү азыркыга чейин кайрак болуп турганы өкүнүчтүү болуп атат. Суу, жер ресурсу ошол регионго жетээрлик бар, жалаң капиталдык салымды жумшап, келечекте ошол жерлерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болот.

“Азаттык”: Кечээ Кадамжайда сугат суу жетишпегенине нааразы болгон дыйкандар акимчиликтин алдына келип нааразылык акциясын өткөрүштү. Бирок ошол аймакта Найман суу сактагычы бар. Ошол суу сактагычтын абалы кандай, канча суу бар? Өзгөчө суу проблемасы Баткен, Кадамжай тарапта күчтүрөөк.

Кошматов: Баткен облусу боюнча суу маселеси мурдатан эле көйгөйлүү болуп келген, азыркыга чейин болуп атат. Ошого карабастан өкмөттүн токтомунун негизинде Баткен облусунда 6 жаңы сугат ирригациялык объекттерди бүтүрүшүбүз керек эле. Бири бүткөн, калгандарында иш жүрүп атат. Мурдагы мезгилден баштап квота, лимиттер тең болуп атат. Дайраларда көп жылдарга салыштырмалуу 20-30 пайыз суу төмөн болуп атат.

“Азаттык”: Демек суу маселесин чечүү үчүн баягы эле акча керек турбайбы?

Кошматов: Албетте. Биз эгемен болгонубуздан 20 жылдан бери ирригациялык фонддорубузга ар жылы миллиард сом керек болсо, бюджеттин тартыштыгынан анын жарымы гана бөлүнөт. Ошондуктан көпчүлүк ирригациялык курулуш объектилерибиз долбоордук параметрлерге жооп бербейт. Муну оңдош үчүн донорлорду чакырып иштетип атат. Бирок ал азыр жетишерлик эмес.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG