Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15
Суунун маалыматты сактап калышы, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу окуяларды уккандан кийин түйшөлө баштадым. Суу, жаратылыш боюнча адис болбосом да уккан, окуган маалыматтарга байланышкан өз ойлорумду ортого таштаганы турам.

Жаман сөз айтылган (багытталган) идиштеги суунун түзүмү бузулуп, кристаллдары карайып, жакшы сөз “уккан” суунун бөлүкчөлөрү укмуштай сонун абалга келип, түрдүү формаларга өтүп калат экен. Планетабыздын жетимиш пайызы суудан туруп, жер жаралганда канча суу болсо, ошончо суунун бир дагы тамчысы кемибей жерде, атмосферада айланып жүрөрүн угуп, адамзат жаралгандан берки маалыматтар, сөздөр сууларда дале жашап жүрсө керек деп ойлоп калдым.

“Сууларда чексиз сырлар бар” (“Великая тайна воды”) деген даректүү тасманы көрүп кыргыздын улуулугуна дагы бир жолу ынанып отурам. Ал жерде кыргыздар тууралуу эч нерсе жок. Бирок ал тасмадагы илимий жоромолдорду, далилдерди элибиз капкачан эле билип, сууга аяр мамиле жасап келгенин туйдум. Буга сууга байланышкан эреже, салт-санаа, ырым-жырымдарыбыздын көптүгү далил.

Айтайын дегеним, Кыргызстан суусу мол өлкө. Суу бууланып жамгыр, кар жаап турган өлкө. Суу ичебиз, жуунабыз, кийим жууйбуз, өсүмдүктөрдү сугарабыз, суунун бөлүкчөлөрү айланып жүргөн абадан дем алабыз...

Ушуларды ойлоп олтуруп биздин өлкө бекер жерден өнүкпөй аркага кетип жатпаптыр деп калдым. Ар бир айткан сөзүбүз сууга сиңип, кайра өзүбүзгө тийип жаткандай. Интернет бетин ачабызбы, гезит окуйбузбу, сыналгы көрүп, радио угабызбы, көчөдө, же маршруткада баратабызбы кайда карап, кайда кулак түрбө бүт жаман сөздөр. “Кыргызстан өнүкпөй калды”, “Биз эми орустарга колония болобуз”, “Жаштар бузулду”, “Дегеле жакшылык көрбөс болдук”, “Палан жерде өлтүрүп кетти”, “Түкүн жерде атып кетти”, “Бу бийлигиң оңбой калды”, “Элдин пейили бузулду”, “Коом айыкпас дартка чалдыкты” деп эле какшанган пенделер... Жүрөктү титиреткен маалыматтар... Бир жакшы жаңылык айтылса сөзсүз анын жаман жагын издемей... Социалдык тармактарда оозунун ачылышынча, алынын жетишинче бирөөлөрдү боктоп, жамандап жаткан жаштар... Болгондо да сөздөрдүн эң, эң, эң жаманын тандап, таап чыгып аны ыплас көркөмдөп жазып жаткан жазмакер сөрөйлөр...

Ушундай жаман сөздөрдү жаадырып турсак, сууларыбыз ууга айланбайбы деп чочулайм. Денесинде суу көтөргөн жандуунун баары жабыркабас бекен? Анан Кыргызстан оорубай ким оорумак эле? Оорукчан өлкөдө жашагысы келеби адамдын? Албетте дени сак, жакшылыктар жааган өлкөдө жашагысы келет. Андай өлкөнү бизге ким бермек?

Келгиле, жакшы өлкөнү чогуу, биргеликте курабыз. Жалаң жакшы сөздөргө, позитивдүү ойлорго айланабызды толтурабыз. Анүчүн эртең менен турганда бир чыны сууну ичсек да, бир кулак сууга чарбак сугарсак да, же жөн гана чайынсак да “Кыргызстан өнүгөт”, “Биздин мекендештер эң жакшы адамдар”, “Жашообуз керемет”, “Денибиз соо”, “Жерибиз кооз, абасы таза, сууларыбыз көп, элибиз кең пейил, меймандос, жаштарыбыз билимдүү”, “Жаман чоңдорубуз кетип, алардын ордун жигердүү, мекенчил жаштар басат”, “Биз бактылуу болууга тийишпиз” деген өңдүү сөздөрдү кайталап туралы. Жакындарга жалаң жакшы каалоо-тилектерди жаадыралы. Жакшылыктардан үмүт үзбөйлү.

Адамдын денесинин көп бөлүгү суудан турганын эске алсак, бул ишке ашаары шексиз. Кыргыз бекеринен "Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" дебегендир. Ар бирибиз жакшы ниет кылып, өз оюбузду тазартсак, өз ниетибизди оңдосок, күч бирдикте эмеспи мамлекет да оңолоруна ишенем.

Кыргыз тилинин стилистикасын биринчилерден болуп изилдеген профессор Токтосун Аширбаев деген илимпоз агайыбыз студент кезинде “Келечектеги профессор Т.Аширбаев” деп бөлмөсүнө жазып койчу экен. Сөздүн күчүн караңыз, ал кийин чындыгында эл баалаган чыныгы профессор болгон.
“Өсөр эл өз балдарын баатыр, өспөс эл өз балдарын катын дейт”, деген макал бар. Элде “Адамды жакшы дей берсең, күнүнө алакандай жери жакшы болуп кете берет”, - деп айтылат.

“Дарыгердин биринчи дарысы – сөз. Баатырдын кылычы, элчинин күчү да сөз. Адамдын бактысы да, шору да сөз. Адамдын жүрөгүнө сөз менен гана жол таап кирет. Ал – керемет ачкыч”, дейт Сулайман Рысбаев (“Сөз жөнүндө дастан”, Бишкек-2010; 4-б)

Жакшы сөз сүйкүм угулат,
Жакшы сөз күндөн жылуураак.
Жакшы адам сөзгө түшүнөт,
Жакшы адам сөзгө жыгылат, - деп жазат Жалил Садыков абабыз. (“Сөз кадыры” поэмасы).
Улукбек Омокеев.

Улукбек Омокеев.

Мен: “Өлкөбүзгө келсин десек бакты тез,
Аянбастан арнайлычы жакшы сөз”,- деп айткым келди.

Улукбек Омокеев,
Ош шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG