Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Тамашалуу жарыя бойдокторду дүрбөттү


Балдарын үйлөндүргүсү келген ата-энелердин жолугушуусуна чакырган Фейсбуктагы тамаша-жарыя көптөгөн кызыгууларды жаратып, кыргыз коомчулугунда нике агенттигине муктаждык бар экенин көрсөтүүдө.

Нурсултан аттуу жигитке таандык телефон номер аркылуу байланышууга чакырган Фейсбук баракчасындагы жарыяда “Сиздин балаңыз түгөйүн таба албай жатабы? Анда сиз таап бериңиз! Бишкекте алгачкы ирет баласын же кызын күйөөгө узата албай жаткан ата-энелердин жолугушуусу өтөт” деп жазылган.

Жарыяга телефон номери тиркелгенин өзү билбей калган Нурсултан тынымсыз телефон чалуулардан жүдөп жаткан кези:

- Номеримди досторум же кимдир бирөө тамашалап жазып койгон окшойт. Ата-энелер көп чалып жатат. Бир күндө 30дан ашуун адам чалат.

Анткен менен оюн-чындан жазылган бул жарыя социалдык тармакта дароо эле жаштардын көңүлүн буруп, ой-пикирин жазгандар көбөйдү. Андайлардын бири 26 жаштагы Айнисага азыр ата-энеси күйөө издеп жатат. Жакындары тарабынан психологиялык басымга кабылып жатканын белгилеген Айниса түгөй табуу жеңил эмес дейт:

- Менимче, азыр тандоо кенен. Дос, тааныш, курбу көп. Эч кандай сыр жок, баары тууралуу маалымат даяр. Анын үстүнө ар бир кыз өзүнүн деңгээлине жараша жигит тапкысы келет. Мисалы, окуп, бир нерсени билип калган кыз, билимдүүнү издейт. Андай балдар же сыртта, же өзүнүн иши менен алек, кээде мүнөздөр туура келбейт.

Уул-кыздарым түгөй тапса экен деген тилегинин ишке ашпаганына санааркаган ата-эне да четтен чыгат. Беш баланын энеси, курагы жетимишке таяп калган Анара уулдарынын бирин үйлөндүрө албай, он жылдан бери бушайман. Айласы кеткенде ал кыз караштырып, көңүлүнө толсо уулуна көрсөтүп жатыптыр:

- Эми өзүм кыз таап, мага жакса ага көрсөтүп, сүйлөштүрөм. Өз эркине койсом болбоду. Мен деле ата-энелер менен сүйлөшүп, анан балама айткан күндөрүм болгон. Бирок, мындай болбойт экен, балаң жолугушууга барбай же жактырбай койсо уят болот экенсиң.

Анткен менен Бишкекте акыркы жылдары ислам негиздерине таянган бир нече нике агенттиги иштеп келатат. Мындай нике агенттиктердин биринин негиздөөчүсү - Жениш кызы Бурул:

- Бул бизге кайрылгандардын анкеталары. Алар өзү тууралуу жана дин тууралуу суроолорго жооп беришет. Айрымдар ичип, чегип, дин жолуна түшпөсө да эмнегедир ыймандуу кызга үйлөнгүсү келет. Андыктан, дыкаттык менен карайбыз. Жума намазга барса эле жетиштүү эмес.

Шарыятка ылайык иштеген бул агенттиктер кыздардын сүрөттөрүн эркектерге көрсөтүшпөйт, жолугушууга талапкер кыздар сөзсүз түрдө тууганынын коштоосунда барат. Мусулман агенттиктери бойдоктор түгөйлөрүн оңой эле таап кетишет жана бул кызматка суроо-талап күчтүү деп ишендиришти.

Окуп, бир нерсени билип калган кыз, билимдүүнү издейт. Андай балдар болсо же сыртта, же өзүнүн иши менен алек, кээде мүнөздөр туура келбейт.

Фейсбук тармагына оюн-чындан тарап кеткен телефон номеринин айынан бейтааныш адамдар менен баарлашкан Нурсултанда болсо күтүлбөгөн жерден нике агенттигин ачуу идеясы пайда болду:

- Бири чалып баламды үйлөндүрөт элем дейт. Экинчиси болсо кызын турмушка узаткысы келет. Айрым чоң эле байке-эжелер чалып, бизге жардам бергиле деп жатышты. Мен Бишкекте мындай фирма бар бекен деп издесем эч жерде жок.

Нурсултан өзү негиздей турган нике агенттиги кандай болорун так аныктай элек. Бирок болжолуна караганда ал бардык тараптарга ачык кызмат көрсөтө турган заманбап нике агенттиги болчудай.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG