Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Өзгөн: Чыгымдуу тойлорго тыюу


Ош облусунун Өзгөн райондук акимчилиги чыгымдуу той-аштарга тыюу салды. Акимчиликтин чечимине ылайык, мындан ары той ээлери 200гө чейин гана кишини чакыра алат жана жаңы баш кошкон жубайларды тойдо үчтөн ашпаган гана унаа коштоп жүрүшү керек. Аны аткарбагандар айып пулга жыгылат. Бул кадам көпчүлүктүн колдоосуна ээ болсо, бир даары муну адам укуктарын чектөө катары баалап жатат.

Апта аягына жакындап элет жерлеринде той-аштар катар-катар белгилене баштайт. Райондук борбордогу кафе-ресторандар дээрлик бардыгы алдыңкы бир айга чейин буйрутма кабыл алып койгон. Күнүнө сөзсүз бирден-экиден той өтүп турат.

Өзгөн шаарындагы ресторандардын биринин администратору Русландын айтымында, үлпөт той ээлери бери дегенде төрт-бештен мал союп, бир топ каражат жумшоого да даяр:

- Бизде ресторандардын саны көбөйдү. Ошол эле маалда ага буйрутма бергендердин да саны өсүп баратат. Бизде болбой калды дегенде аптасына 2, же 3 той өтүп турат. Күздө болсо ар бир күнү бош эмес. Тойлорго минимум 80 миң сом, максимум 200 миң, 300 миң сомго чейин акча жумшашат. Тойду өткөргөн адамдын шартына карап төрт-бештен мал сойгондор бар, айрымдары жети-сегизден союшат. Кээ бири 1 жылкы сойсо, колунда барлары 2ден жылкынын этин алып келишет.

Бирок эми мааракелерде ашыкча чыгым короткондор жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынмай болду. Ресторандарга 200гө жетпеген конок чакырылып, үлпөт тойлор 3төн гана унаа менен коштолушу керек. Бул талапты аткарбагандар 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып төлөйт. Мындай чечимин райондук жетекчилик элдин кызыкчылыгы менен байланыштырууда. Өзгөн районунун акими Алишер Бакышев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Райкеңештин 13-кезексиз сессиясында райондогу каада-салттарды, ырым-жырымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча атайын жобо кабыл алды. Жайы менен иштеп, күздө той-тамаша деген башталат. Анан кийин тапкандарынын баарын эле ошол той-тамаша менен жок кылып алып жатабыз. Өткөрө беришсин, бирок Көкөтөйдүн ашындай эмес, азыраак каражат жумшап эле өткөрсө деп жатабыз. Мындан эл-журт эч кандай деле зыян тартпайт.

Бийликтин мындай аракетин көпчүлүк колдоого алууда. Өзгөн районунун тургуну Зумрад Эргешова кымбатчылык кайнаган мезгилде той-аштар элди кыйнап жатканын айтууда. Анын белгилешинче, колунда барларга теңелип, болгон каражатын бир тойдо эле жеп алгандар бар:

- Эми азыр колунда барлар өздөрүнө жараша өткөрүшөт. Колунда жоктору ошолорго теңелем деп, бар болгонун баарын тойго сарптап отуруп калышат. Ошол тойду өткөрүш үчүн эле деп мал-салын бүт сатып койгондор бар. Бир тойго 200 миң сомдун тегерегинде каражат кетет. Кыйналат да азыр заманда баары кымбат болуп атканда... Менин оюмча үйлөнгөндөр ошол 3 машинеден ашыкча чыкпаган туура.

Анткен менен тойлорго киргизилген чектөөлөрдү айрымдар нааразылык менен кабылдоодо. Жаштардын өкүлү Алтынбек Турдубаев муну жарандардын укугун тебелөө катары баалап жатат:

- Адам өзү каалагандай өткөрөт. Жамандык нерсеге тыюу салса да бир жөн, тойлорго тыюу салганы туура эмес деп ойлойм. 200 адам деп чек коюп, мүмкүн анын туугандары көп болуп, андан көп киши келеттир. Каалашынча киши чакырып, каалаганындай машине менен чыга берсин. Антип чек коюп, адамдардын укугун кысууга болбойт. Көпчүлүгү уга элек, бирок уккандары нааразы болуп жатат бул чечимге.

Той-аштарда ысырапкорчулукту азайтуу тууралуу буга чейин Жогорку Кеңеште атайын мыйзам кабыл алуу демилгеси бир нече жолу көтөрүлүп, колдоого алынбай калып кеткен. Бишкек Стратегиялык институту өлкөдөгү той-аштарга жумшалган бир жылдык каражат Кыргызстандын тышкы карыздарын жабууга жете тургандыгын эсептеп чыккан.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG