Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Уул үйлөнтүп, калың төлөө, кыз узатып, сеп берүү каадасы кээде ашыкча чыгымга жол берип, анын айынан далай үй-бүлөдө чыр-чатак чыгат. Мына ушуга окшогон салттардын үйлөнүүдөгү, турмуштагы мааниси кандай?

Быйыл январь айында Кыргызстанда 668 үй-бүлө ажырашты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, ажырашуу Жалал-Абад облусунда эң көп катталды. Аймакта бир айда эле 104 түгөй эки ача жолго түшкөн. Экинчи тепкичте Ош шаары турат. Ошто январда ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 35 болду.

Өлкө аймагында өткөн бир айда 4123 үй-бүлө расмий каттоого алынды. Ал эми каттоого турбагандарды кошо эсептегенде бул сан дагы жогорулайт. Адистердин айтымында, кээде калың төлөмөй, сеп бермей, кийит кийгизмей өңдүү маселелер деле эки жаштын эки айрылыш жолго түшүүсүнө себепкер болууда.

"Азаттык+" бул чыгарылышта мына ушул калың жана сеп маселесин талкууга алды.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG