Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Апта: Сох, сот, компромат согушу...


Чек арадагы Чарбак айылы, Баткен облусу, 7-январь, 2013.
Чек арадагы Чарбак айылы, Баткен облусу, 7-январь, 2013.

Узаган жумада Сох анклавында улуттук коопсуздукка доо кетирген жаңжал болду. Бишкекте оппозиция лидерлерине байланыштуу сот башталды.

Кыргызстан мамлекет катары калыптануу жолунда баратат. Ал жол оор кыйынчылыктар менен коштолууда. Кыйынчылыктардын бири - мамлекеттик чек араны аныктап, бекитип алуудан чыгууда. Маселен, Кытай, Казакстан менен чек араны аныктоодо Үзөңгү-Кууш, Каркыра жаңжалдары чыккан.

Эми Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны аныктоо узакка созулуп, чиелешкен түйүндөй болуп турат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырымга жакын келет. Анын ичинен миң чакырымдан ашуун чек ара макулдашылган. Алдыда эң татаал жерлерде чек араны аныктоо, анклавдар маселесин чечүү турат. Кыргыз-өзбек мамлекеттик мамилелердин жылуу-жумшак эместиги, жетекчилердин тез-тез сапар алмашпоосу маселени татаалданткан жагдайлардан.

Чек араны аныктоо бир мамлекеттин эмес, эки мамлекеттин эрки менен чечиле турган маселе. Ошондуктан аны бир жактуу чечүү мүмкүн эмес. Бирок Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын бул маселени чечүүдөгү жана чек араны кайтаруудагы алешемдиги бүтүндөй журтту түйшүккө салууда. Бул Сох окуясында дагы бир жолу көрүндү.

Сохто Кыргызстандын Чек ара кызматы, Улуттук коопсуздук кызматы мамлекеттик чек араны бузууга эле эмес, жарандарын барымтага кармап кетүүсүнө жол берди. Мына ушул нерсе кыргызстандыктарды катуу ардантып, бушайманга салууда.

Сох анклавында мына ушундай эле жаңжал 2010-жылы чыккан. Кырдаалды жөнгөрүүнү ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн түштүк региону боюнча ыйгарым-укуктуу өкүлү Исмаил Исаков жетектеген. Исаковдун айтымында, мына ошондо Сохтун тегерегиндеги чек ара тозотторун бекемдөө сунушталган. Бирок алар ушул кезге чейин аткарылган эмес.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кыргыз жетекчилигинде жоопкерчиликти алып, маселени чечүүгө бел байлаган адам жок болуп жатат дейт. Ал Сох маселесин чечүүдө 2006-жылы жылыштар болгонун эскерет:

- 2006-жылы октябрда кыргыз президентинин Ташкенге расмий сапары болуп, мына ошол жерде макулдашканбыз. Мына 1350 чакырымдан 1100 чакырымда маселе жок. Калгандарды, сегиз анклав бар деп жатпайбы, аларды чечүүгө да жакындаганбыз. Ошол анклавдарга өзгөчө шарттарды түзүп беребиз, чек арачылар, жергиликтүү бийликтер ортосунда убактылуу келишимге барабыз деп макулдашканбыз. Бирок ошол маселе бүгүнкү күнгө чейин ордунан жылбай калды. Мына алты жылдан ашып баратат, бирөө да жакындаган жок. Анткени коркушат.

Жекшенкуловдун пикиринде, бийликке баргандар мамлекеттик кызыкчылыкка эмес, жеке кызыкчылыгына доо кетириштен коркуп отурушат. Мындай позиция уланып, Сох боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынбаса, анда жаңжал ырбап кетиши мүмкүн. Ошондуктан кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүгө чечүүгө киришүү зарыл дейт Жекшенкулов:

- 4-январда Ошто атыш болуп, жарандар жабыр тартса, андан кийин Баткендеги Сох анклавында миң киши барып, башка өлкөнүн чек ара тозотуна кирип, зомбулук көрсөткөнү тарыхта болуп көрбөгөн нерсе. Менин оюмча, бул жерде өтө чоң суроо туулат. Ошол эле чек арачылар, бир нече генералдар эмне кылып жүрөт? Азыр коопсуздук кызматы, ички иштер министрлиги, тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Өзбекстандын, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын чечүүгө баарын таштап коюп, киришүүгө тийиш.

Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев анклавдар маселесин чечүүнү президент өз колуна алыш керек дейт:

- Менин оюмча, биринчи биздин президент демилгени колго алып, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, элге жарыялап, парламентке жөнөтүп, аны коңшу президенттерге ачык кат катары жөнөтүш керек. Бул жабык болбош керек. Бул маселе 20 жылдан бери жабык болуп жүрүп, чирип бүттү. Эгерде кошуна мамлекеттер, өзгөчө Өзбекстан биздин президенттин демилгесине көңүл бурбай турган болсо, тоотпой койсо, ошол сунуштардын баарын БУУга, ШКУга, ЕККУга, ЖККУга жөнөтүш керек.

Балтабаев анклавдардын тагдырын чечүү боюнча эл аралык тажрыйбада алты жол бар экенин атап, алардын ичинен эки жактын кызыкчылыгын камсыз кылган келишимге жетишүү биздин шартта ылайыктуу деп эсептейт.

Азыркы мезгилде өкмөт Сохтогу окуя боюнча тармактар аралык комиссия түзүп, маселени иликтөөгө киришти. Жогорку Кеңеш да депутаттык топ түздү. Парламент төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров жетектеген ал топ Баткенде болуп келди. Жергиликтүү калк бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда тез арада чек араны аныктап, кошуна мамлекеттин аймагына кирбеген жол, суу менен камсыздоо талаптарын коюп жатат.

Азырынча Сохто чыңалган кырдаал сакталып турат. Анткени анклавга барчу жолдор жабык. Жол ачылбаса, эки өлкөнүн жарандары тең азык-түлүк, отун-суунун жетишсиздигине кабылып, анын натыйжасында кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымал.

Депутаттардын соту башталды


10-январда өлкөнүн ички саясатына таасир этүүгө жөндөмдүү сот жараяны башталды. 3-октябрдагы митингде бийликти басып алууга чакырык таштаган жана бийликти басып алды деп айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, саясатчылар Кубатбек Кожоналиев, Салмоорбек Дыйканбаевдин жана Ташиевдин эки жан сакчысынын үстүнөн соттук териштирүү башталды.

Соттун биринчи күнүндө эле айыпталуучулардын адвокаттары ишти карап жаткан Биринчи май райондук соттун судьясы Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөй турушканын жарыялашты. Ага буга чейин эле Боромбаев тарабынан айыпталуучуларга карата кабыл алган чечимдери себеп болду дейт Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов:

- Биринчиден, кылмыш иштин козголушун мыйзамсыз деп табылсын деген арыз менен адвокат Икрамидин Айткулов кайрылган. Себеби депутаттарга карата кылмыш ишин козгоого Башкы прокурордун гана укугу бар. Бул жерде ишти башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев козгогон. Ал мыйзамга туура келбейт. Бирок башкы прокурордун милдетин аткаруучу деп жазган. Бирок кылмыш иштин материалдарында Нурлан Жээналиевдин башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу боюнча буйрук да жок, жардык да жок. Ал өзүнчө эле болуп алган. Ошон үчүн ал мыйзамсыз болгон. Ошол иш боюнча кайрылганда судья Боромбаев “жок, мыйзамдуу" деп чечим кабыл алган. Мына ушунун өзү эле мындан кийинки чечимдерди да туура чыгара албайт деп, ишенбөөчүлүк жарыяладык.

Судья Абдыразак Боромбаев ишенбөөчүлүктү кабыл алды. Эми Биринчи май райондук сотунун төрагасы ишти кароону башка судьяга тапшырыш керек. Ошону менен депутаттарга байланыштуу сот бир-эки жумага токтоп тура тура турган болду.

Биринчи май райондук сотунда башталган жараян бийлик менен оппозициянын ортосундагы күрөштүн жүрүшүнөн да кабар берет. Камалган депутаттардын кызыкчылыгын коргоо үчүн сотко оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары, “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү келди. Мына ушунун өзү эле Кыргызстандын эгемендүүлүк доорундагы саясатка байланышкан мурунку соттук жараяндардын бир көрүнүшүн кайталап турат.

Биринчи май районундук сотунда башталган сот өлкөдөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизе баштады. Бир жагынан камалган депутаттардын тарапкерлери пикет, митингге чыкса, экинчи жактан “Мекен шейиттери” уюмунун активистери “антимитингге” чыгууга даярдыгын билдирди. Апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн бул уюмдун жетекчиси Осунбек Жамансариевдин айтымында, алар апрель окуясы менен октябрь окуясын салыштырууга кескин каршы. Мындай аракеттер токтобосо алар чечкиндүү кадамдарга барууга даяр:

- Азыр башынан эскертүү жасадык. Баары апрелде оор окуя болгонун көрүп-билип туруп, анан 3-октябрга салыштырып, дагы эле саясатташтыра берсе, биз анда чара көрөбүз. Коомдун мүчөлөрү айтып жатат, барып сүйрөп түшөбүз деп.

Айрым маалыматтарга караганда, апрель ыңкылабына катышкандардын катарында да бир пикир жок. Алардын айрымдары Азимбек Бекназаровдун позициясын колдосо, башкалары азыркы бийликке ишенимде калууда.

Кайрадан компроматтар согушу

Депуттар соту бийлик менен оппозиция ортосунда компромат согушун кайрадан тутанта баштады. Маселен, бийликке жакын гезиттер Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаровго таандык деп, бир нече үлкөн үйлөрдү, кымбат автоунааларды сүрөттөрү, даректери менен жарыялады.

Бул бир жагынан, уурдалбаса мынча байлык кайдан алынды деген суроону эл ичинде жаратууну көздөсө, экинчи жагынан тополоң чыгып кетсе, ким эмнесин тобокелчиликке салаарын эскертүүдөй.

Албетте, оппозиция да өз компроматтарын жарыялап келатат. Азырынча алар морадерлук боюнча маалыматтарга басым жасашууда. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулукка тиешеси бар-жоктугун иликтеген депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү корутунду тууралуу маалымат таратып, маселе Жогорку Кеңеште каралыш керектигин билдире баштады.

Комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн айтымында, талап-тоноочулукка “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдун тиешеси бардыгы тастыкталды. Жогорку Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бегматов андай билдирүүгө негиз болгон жагдайлар тууралуу буларды айтты:

- Бул эми талап-тоноого учуруган объекттерден туруп телефон чалуулар болгонун тастыкталышына, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө жараша комиссиянын корутундусу ошондой болгон. Аны биз коалициялык азчылыктын жыйынында жарыялаганбыз.

Бирок он депутаттан турган комиссия бир пикирге келе элек. Эки тарап беш-бештен болуп, ит жыгылышта турушат. Ошондуктан маселенин парламентте каралышы да создугууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG