Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Апта: Соттогу айып, оппозиция, талоончулук...


Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сот залында. Бишкек, 10-январь, 2013.
Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сот залында. Бишкек, 10-январь, 2013.

Соттолуп жаткан үч депутаттын айыбы угузулду. Оппозициялык күчтөр активдеше баштаганы байкалууда.

Жогорку Кеңештин фракцияларында морадерчулук боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу карала баштады.

Депутаттардын соту уланууда

31-январда Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытовго байланыштуу соттук жараян уланды. Соттун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу, прокурор Асаналы Иманбеков айыпталуучулар 2012-жылы 25-сентябрда Садыр Жапаровдун иш бөлмөсүндө чогулуп, 3-октябрда бийликти басып алууну пландаштырган деп билдирди:

- Садыр Жапаров "Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, ошондой эле Ташиевдин коомдук жардамчылары Исаев, Камчыбеков, Кадырбаев, Кожоналиев жана башка тергөөдө аныкталбаган адамдар менен бирге өзүнүн кызматтык кабинетинде алдын-ала сүйлөшүп, бийликти күчкө салып тартып алууну жана бийликти күч менен кармап турууну пландашкан. Ал кылмыштуу планды ишке ашырууну 2012-жылдын 3-октябрына белгилешкен.

Садыр Жапаров 3-октябрдагы митингдин демилгечиси экенин билдирип, андай укук ар бир жаранга Конституция аркылуу берилгенин кошумчалады. Ал эми бийликти басып алуу боюнча айыпты четке какты.

Камчыбек Ташиев да бийликти басып алуу боюнча айыпты четке кагып, саясий себептерге байланыштуу камакта отурганын жарыялады:

- Бүгүнкү каралып жаткан кылмыш иши саясий өңүттөгү иш. Мени саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты жана шайлоодо жеңип чыккан “Ата-Журт” партиясынын төрагасы катары саясий беделимди түшүрүү максатындагы козголгон иш экени билинип калды. Себеби бизге коюлуп жаткан беренелердеги кылмыш иштерди жасабаганыбызды тастыктап айтып берем. Мамлекеттик айыптоочу окуп бергендин баары калп.

Белгилүү болгондой, депутаттарга Кылмыш-жаза кодексинин 28-295 жана 297-беренелери боюнча айып коюлуп жатат. Эгерде сот прокуратуранын айыптоосун негиздүү деп тапса, депутаттар 12 жылдан 20 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Албетте соттун чечими чыгышка дагы убакыт бар. Анткени райондук соттон кийин да жогорку сот инстанцияларында териштирүүлөр уланбай койбойт.

Биринчи май райондук сотундагы жараян камактагы депутаттардын тарапкерлеринин нааразылык акциялары менен коштолууда. Депутаттардын боштондугун талап кылган акция, митингдер Бишкек, Жалал-Абадда болду. Мурдагы жумада Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда да болгон.

Оппозиция ойгондубу?

Жаз мезгили жакындаган сайын Кыргызстанда саясатчылардын кыймылы да күчөдү. Ал кыймылдардын багыттарына жана максаттарына караганда өлкөдө жазга карай эки-үч оппозициялык кыймыл түптөлүшү күтүлөт.

Андай кыймылдын бири өткөн жылы түзүлүп, “Эл үнү” деп аталганы маалым. Бул кыймылдын катарына “Ата-Журт” партиясы кирип баратканы байкалат. Кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров бийликти бир жагынан оппозициялык активдүүлүгү менен тынчсыздандырса, экинчи жагынан Камчыбек Ташиевдин адвокаты катары “чекеге чыккан чыйкан” болууда.

Талдоочулардын баамында, бийлик Азимбек Бекназаровдун мына ушул активдүүлүгүн басаңдатуу максатында 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Жалал-Абад жана Ош облустарын турукташтыруу үчүн бөлүнгөн 10 млн. сомдун кандай, кайда жумшалганын иликтеп чыгууну чечти.

Иликтөөнү баштоого “Элдик кайрат” аттуу коомдук уюмдун өкүлдөрүнүн апрель ыңкылабы учурунда өкмөт үйүнөн алынган 16 млн. сом боюнча билдирүүсү себеп болуп берген. Коомдук уюмдун өкүлдөрү ал акчаны Бекназаров алды деп билдиришүүдө. Өз кезегинде Бекназаров ал акча эсеп-чот менен Улуттук банкка документалдык түрдө өткөрүлүп берилгенин, ал эми түштүк региондордо кырдаалды турукташтыруу үчүн 10 млн. сом Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеванын чечими менен бөлүнгөнүн билдирип чыкты:

- 13-апрелде Жалал-Абадда, 14-апрелде Ошто курултай өткөрүп, Бакиевди киргизбей куубадык беле. Ошого президенттин буйругу менен 10 млн. сом бөлүнгөн. 5 млн. Ош облусуна, 5 млн. сом Жалал-Абад облусуна. Ошого жумшалган акчаны булар туура эмес иштеткен дегендей кылып жатышат окшойт.

Бекназаровдун айтымында, ошол күндөрү Ош жана Жалал-Абадга Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да барыш керек болгон. Бирок баары баруудан баш тартып, ал өзү жөнөп кеткен.

Башкы прокуратура 10 млн. сом акча боюнча Азимбек Бекназаровго жакын кишилер Исраил Шериказиев, Сартбай Жайчыбеков жана башкаларды да суракка чакырган.

Башкы прокуратуранын бул иликтөөсү парламентте да козголуп, депутат Исмаил Исаков ыңкылап жана анын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровду жаманатты кылууну токтотуу талабын койду. Мына ошондон кийин Башкы прокуратура атайын билдирүү менен чыгып, Азимбек Бекназаровго карата кылмыш иши козголбогонун ачыктады. Ал эми сурак “Элдик кайрат” коомдук уюмунун билдирүүсүн тактоо максатында жүргүзүлгөнүн атады.

Ошентип оппозициялык саясатчылардын бир тобун Азимбек Бекназаровдун коркпогон жигердүүлүгү тартып баратса, дагы башкалары уюшуу, сүйлөшүү аракетин көрүп жатат. Өлкөдө кризистик кырдаал түзүлсө алар толугу менен биригип кетишерин Акматбек Келдибеков, Артур Медетбеков сыяктуу саясатчылар белгилешүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев оппозициянын биригүүсүнө тышкы күчтөр да кызыкдар деп эсептейт:

- Чын эле оппозиция бириге баштады. Тышкы күчтөр деле жардам берип, топтоп жатат. Ошентип ичинен жарганы атат. Анан коркунучту Кумтөр туудуруп жатат. Анткени жазында биригүүгө сценарий болуп берет. Потенциалдуу лидерлер да бар.

Оппозиция ичинде Конституцияга байланыштуу пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Анткени бул маселеде алардын арасында бир жактуулук байкалбайт. Маселен Адахан Мадумаров жана башкалар азыркы бийлик системасы толук жоопкерсиздикти пайда кылды, ошондуктан тез арада Конституциялык реформа жасалыш керек деген пикирди айтууда.

Азимбек Бекназаров болсо парламентти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүү менен максатка жетишке болот дейт:

- Жарабай калган парламентти таркаталы дагы күчтүүрөөк парламент алып келели. Ошондо Атамбаевдин дагы, прокурорлордун дагы, башкалардын дагы отчетун угуп, ордуна отургузуп коёт. Булар болсо прокурордун отчетун уга алышпайт. Болбосо прокурорду өздөрү шайлашкан. Бүгүн иши боюнча отчет алыш керек. Чакырып туруп эле эмне үчүн мындай дегенге жарабай жаткан парламент анан... Маселе ушунда турат.

Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууга каршы чыгып, депутаттарды шайлоо мыйзам белгилеген убакта болуш керектигин билдирген.

ИИМди эмне иритүүдө?


Өлкөнүн ички иштер министрлигинде абал дурус эмес. Англиянын легендарлуу премьер-министрлеринин бири болгон Уинстон Черчиль СССРдеги саясий күрөш “бульдогдордун килем астындагы күрөшүнө окшош” дегендей Кыргызстандын ички иштер министрлигинин ичиндеги күрөш килем астында болуп жатат. Ал өтө айыгышкан мүнөздө болгондуктан дабыштары Жогорку Кеңешке, коомчулукка чейин жетип барууда. Муну ички иштер министри Шамиль Атахановдун милицияга карата кескин сындары, экинчи жактан айрым жогорку даражалуу полковниктердин министрге каршы аракеттери тастыктап турат.

Негизги кармаш министр Атаханов менен Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын ортосунда жүрүп жатат. Министр бул башкармалыктын кызматкерлерин жумшак айтканда коррупцияга аралашкансыңар, мыйзамсыз байыгансыңар деп айыптады. Башкармалыктын башчысы Калыбек Сатыбалдиев болсо көп мезгилден бери ооруканада жатат. Ооруканада жаткан мезгилде аны кызматтан алууга болбойт.

Шамиль Атахановго каршылык катуу болгондуктан жана ага жогорку жетекчиликтен колдоо дурус болбогондуктан кызматтан бошотуу арызын жазды дейт Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов:

- Себеби ИИМдин ичиндеги мурунтан бери келаткан көп структуралар, башкармалыктар министрлерге да баш ийбей калыптыр. Бул киши (Атаханов) күрөшүп, менин оюмча жогорку жактан да колдоо албай калган окшойт, ошол жердеги жагдайдын туура эместигинен арыз бергендей.

Атаханов өзү кызматка чакырган министрдин орун басары Болот Абакиров, кеңешчиси Дмитрий Федоров кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Мына ушулар да Атахановдун рапортуна себепкер болгон окшойт. Бирок жогорку жетекчилик Атахановдун арызын кабыл алуудан баш тарткандай. Анткени дайындалганына үч ай болуп-болбой кызматтан кетүү жалпы бийликке урулган сокку болуп калат. Анын үстүнө жаз алдында оппозициянын активдешүүсү байкалууда.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышановдун Шамиль Атахановду катуу коргоп жатканы да түшүнүктүү. Анткени Атахановдун министр болуп келүүсү менен “Ата Мекен” фракциясынын айрым мүчөлөрүн айыптаган морадерчулук боюнча тергөө иштери токтотулду.

Бирок ал иш парламентте улана баштады. Жума күнү Жогорку Кеңештин КСДП фракциясында морадерчулук боюнча депутаттык комиссиянын маалыматы жабык түрдө угулду. Башкы прокуратура да да бул иш боюнча корутундусун берди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, Башкы прокуратура “Ата Мекендин” мүчөлөрүнүн морадерчулукка тиешеси жоктугун тастыктаган. Бирок 10 депутаттан турган комиссия беш-бештен бөлүнүп, бир тарабы морадерчулукка “Ата Мекен” фракциясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Болот Шердин кыйыр түрдө тиешеси бардыгы аныкталды, ал эми Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековдун катышканы тастыкталды десе, экинчи бөлүгү аны жокко чыгарууда.

Экиге бөлүнгөн депутаттык комиссиянын корутундусун парламент жакынкы жумаларда угуусу күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG