Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Узап бараткан жумада Кумтөр боюнча келишимди токтотуу талабы Жети-Өгүз районунда кырдаалдын курчушуна алып келди.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин бошотулушуна укуктук баа берүү Башкы прокуратурага тапшырылды. Кыргыз парламенти Транзиттик борборду чыгарууну карай баштады.

Жети-Өгүздөгү тополоң

Ысык-Көлдүн Барскоон айылында 27-майда башталган Кумтөргө баруучу жолду тосуу олуттуу башаламандык, кагылышуулар менен коштолду. Митингчилер 30-майда Тамга айылына келип, Кумтөргө баруучу электр кубатын өчүрүүгө мажбурлашты. Мына ошондон кийин бийлик күч колдонууга өтүп, жүздүн тегерегинде кишини кармаган.

Бийликтин бул аракети 31-майда жаңжалдын ырбашына алып келди. Бул күнү митингчилер менен күч структураларынын ортосунда кагылышуу болуп, ондогон адамдар жабыркаганы кабарланды. Кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев 31-майда Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу жардыкка кол койду. Мамлекет башчысы ошондой эле митингдин уюштуруучуларын кескин айыптап, алар жазасын аларын билдирди.

Бийлик өкүлдөрү Жети-Өгүздөгү митингдин артында кайсы бир күчтөр турганын айтып, бирок аларды так атай элек. Шек болсо Бакиевдерден тартып, АКШга чейин жетүүдө. Алардан сырткары Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Исабеков, ал эмес “хизбуттахрирчилер” аталууда.

Митингчилер болсо алардын артында эч кандай саясий күч жоктугун айтып, негизинен үч талап коюшту: Кумтөрдү иштетүүдөн пайда болгон экологиялык оор кесепеттерди жоюу, 2009-жылкы келишимди бузуу жана кирешени адилет бөлүштүрүү.

Оппозициялык “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров митингчилердин талабын колдоорун, бирок митингди уюштурууга тиешеси жоктугун билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Жети-Өгүздөгү окуяда эки тараптан тең катачылык кетти:

Бийлик эч убакта желим окторду пайдаланбашы керек эле. Өзгөчө газ чыгарган куралдарды. Анткени айылда түшүнбөйт, желим ок колдонуп жатабы же башкабы? Же болбосо көздөн жаш агызчу газды колдонуп жатабы, же кадимки граната ыргытып жатабы? Ошолорду колдонгондо эле башаламандык башталып, милицияга чабуул коюшкан. Экинчиден, айыл жеринде баары урук-тууганга байланышкан. Бирөөнө тийди дегенче, тууганчылык маселеси көтөрүлүп чатакка алып келди.

“Ар-намыс” фракциясы да чукул сессия чакырууну жактап чыкты. Маалыматка караганда, андай сессия дүйшөмбү күнгө чакырылат. Ага чейин маселе фракцияларда, башкаруучу коалицияда талкууланды.

Айрым депутаттар Жети-Өгүздөгү окуя боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин дарегине сын айтып, ал беш күндөн бери митингчилер менен жолугушпаганын айыпташты.

Жети-Өгүздөгү жаңжалдын себеби - чечилбей жаткан Кумтөр маселеси. Өкмөт парламент бөлгөн үч айдын ичинде “Центерра голд инк” менен сүйлөшүүлөрдү аяктай алган жок. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев маселе абдан татаал болгондуктан, аны үч айда чечүү мүмкүн эместигин билдирди. Анын айтымында, “Центерранын” жетекчилиги мунасага келип, "Кумтөр оперейтинг" жана "Кумтөр голд" компаниясын кошуп, биргелешкен ишкана түзүүгө макул болуп жатат. Ал ишканын 50 пайызына Кыргызстан, калганына “Центерра” ээлик кылышы керек.

“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров канадалыктар жаңы структура түзүүнү сунуштаганын, ал сунушту иликтеп, билүү үчүн убакыт керектигин айтат:

- Канадалыктар азыр минтип жатышат, 2009-жылкы келишим боюнча акция сатып алгандар таза акционерлер. Алар мына ошол макулдашууну көрүп сатып алышкан. “Центерранын” юридикалык жагы абдан күчтүү экенин билишет. А бирок коммерциялык, финансылык жагы... Алар деле түшүнөт, алтын керек, өндүрүштү жүргүзүш керек. Ошондуктан алар сүйлөшүүгө баралы деп сунуштарын берип жатат. Биз аны жакшырак карашыбыз керек. Бизде ага убакыт жетпеди. Алар конкреттүү сандар эмес, башкаруу моделин сунушташты.

Шакировдун айтымында, сүйлөшүү жүрүп жаткандыктан деталдар жөнүндө так айтуу мүмкүн эмес.

Жети-Өгүз районундагы окуялар Жалал-Абадда оппозициянын активдешүүсүнө алып келди. 31-майда “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын активисттери жана Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери облустук акимчиликтен имаратына кирип барышып, элдик губернатор деп Медер Үсөновду жарыялашты. Үсөнов “Эл үнү” кыймылынын Жалал-Абад боюнча координатору экени маалым.

Жалал-Абаддагы митингчилер жетиөгүздүктөрдү колдоо менен бирге камактагы депутаттарды бошотуу талабын коюшту. Алар ошондой эле Азиз Батукаевдин бошотулушун кескин айыпташты.

Батукаевдин бошотулушуна укуктук баа берүү Башкы прокуратурага тапшырылды

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча Болот Шер башында турган депутаттык комиссия корутундусун парламентке 29-майда берди. Корутундуга комиссиянын тогуз мүчөсүнүн баары кол койгон. Анда кылмыш дүйнөсүнүн аталыгын бошотууда бийлик органдары ич ара сүйлөшүп алган, бошотууга тиешеси бар вице-премьер-министр Шамил Атаханов баш болгон күч структураларынын жетекчилерин, башкы прокурорду, саламаттык сактоо министрин жана акыйкатчыны кызматтан алуу талаптары коюлган.

Жогорку Кеңештин депутаттары корутундуну эки күн талкуулап, андан кийин токтом кабыл алышты. Токтом депутаттык комиссия сунуштаган корутундуга караганда бир аз жумшартылды. Маселен, токтомдо башкы прокурорду кызматтан алуу, дароо кылмыш ишин ачуу талаптары кирген эмес. Бирок да Ички иштер, Саламаттык сактоо министрликтери, Жаза аткаруу кызматы, Башкы прокуратура жана Мамлекеттик каттоо кызматынын ич ара сүйлөшүп албаса, Азиз Батукаевдин мынчалык ылдам бошотулушу мүмкүн эместиги белгиленди. Бул органдардын ишин начар координациялаган деп өкмөт башчыга да кине коюлду. Күч министрлерин кызматтан алуу сунушталды. Окуяга укуктук баа берүү Башкы прокуратурга тапшырылды. Бирок башкы прокурор Аида Салянова Азиз Батукаевди бошотууда эч кандай мыйзамдар бузулбагынын буга чейин эле белгилеп келген. Эки күндүк талкууда да башкы прокурор бул оюн кайталады:

Менимче, материалдардын баарын тиешелүү укук коргоо органдарына жибересиңер. Бүгүнкү күндө мыйзам негизинде андай чара колдонгонго укук коргоо органдарында бир да жүйө жок.

Азиз Батукаевдин жаңжалынын саясий жагына келе турган болсок, ал башкаруучу коалициянын ичинде, андагы КСДП менен “Ата Мекендин” мамилесин татаал сыноого салды. Эки өнөктөш ачык касташууга барбаса да, катуу кармашка түштү. Бирок чектен ашып кеткен жок. “Ата Мекен” баш калкалар паанасы болгон башкаруучу коалицияны бузууга барган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, “атамекенчилер” андай кадамга практикалык көз караштан улам барбады. Анткени азыркы кезде бийлик ресурстарынан ажырап калуу пайдалуу эмес. Андан сырткары “Ата Мекендин” жетекчилигинде жоопкерчилик сезими да сабырдуулукка тартып тургандай.

Оппозициялык фракциялар Азиз Батукаевдин бошотулушун иликтеген депутаттык комиссияга катышкан жок. Бирок корутунду каралып жатканда алардын катарындагы Жылдыз Жолдошева, Алтынбек Сулайманов бир топ активдүүлүктү көрсөттү.

Башкаруучу коалиция базаны чыгарууну кубаттады

Жогорку Кеңештин фракциялары мына ушундай жаңжалдуу жумада тышкы саясатка байланыштуу орчун маселени карашты. Башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен”, “Ар намыс” жана КСДП фракциялары "Манастан" Транзиттик борборду чыгаруу боюнча өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун 30-майда карап, бардык фракциялар колдоп берди. Оппозициялык фракциялар да мына ошондой чечим чыгарарында күмөн жок. Анткени бул фракцияларда да Орусияга ыктаган депутаттар басымдуулук кылат.

Транзиттик борборду чыгаруу боюнча долбоорду фракциялар карагандан кийин тийиштүү комитеттерде каралып, андан соң Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмакчы. Июнь айынын ичинде бул маселе боюнча парламенттин чечими чыгары айкын болуп турат.

Базаны чыгаруу боюнча чечимдерди кабыл алуу жеңил болсо да, ал төлөп турган кирешенин ордун толтуруу жеңил болбойт.

Адистердин эсеби боюнча, Транзиттик борбор кыргыз экономикасына былтыр 200 млн. доллардын тегерегинде салым кошкон. Мурунку жылдары бул каражат андан кыйла азыраак эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, өкмөттө анын ордун толтуруучу булак жок:

- Өкмөттүн эч нерсеси жок. Биз чакырып сурайбыз, кантип толтурасыңар деп. Комитетте маселе коёбуз. Эмне менен жабасыңар, Кумтөрдө абал мындай болуп жатат деп...

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев базаны чыгаруудан бюджет ири өлчөмдө кирешеден айрыларын, ал кенемтени толтуруу үчүн үч-төрт ири кендерди ишке киргизүү керектигин билдирген. Бирок Кыргызстандагы азыркы кырдаалда кендерди иштетүү опурталдуу болуп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG