Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Апта: Чек арада дагы ок атылды


Чек арадагы Сары-Алтын айылынын тургундары. Кадамжай району, Баткен облусу, 20-июнь, 2013.

Чек арадагы Сары-Алтын айылынын тургундары. Кадамжай району, Баткен облусу, 20-июнь, 2013.

Кыргыз-өзбек чегинде атылган ок кыргызстандык бир жарандын өмүрүн алып кетти.

Узап бараткан аптада баткендик бир тургундун өзбек чек арачыларынын колунан ажал табышы өкмөт өз жарандарынын коопсуздугун коргой албастыгы тууралуу талкууларга алып келди. Бишкек шаар соту "Ата-Журттун" үч депутатын актап, абактан бошотту. Нарында жай саратанда кар жаашы малчыларды санаага салды.

Кандуу чек ара

Кыргызстандык Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы жаранды өзбекстандык чек арачынын Кыргызстандын аймагындагы үйгө чейин кубалап келип атып кетиши кыргыз-өзбек чегиндеги кезектеги чуулгандуу окуя болду.

Марказ айылынын тургуну Сайдилла Балтабаев жердеши кандай жагдайда өлтүрүлгөнүн “Азаттыктын” кабарчысына минтип сүрөттөп берди:

- Ушул жерде биринчи ок атылып атат, көрүп турасыңар. Өзбекстандын аскерлери атканда ал качкан. Жүз метр качканда, артынан кубалап келип, бул үйдүн короосунда кайра-кайра атып өлтүргөн. Үйдүн ээси да көрүп турган, бирок эч нерсе кыла албай калган.

Окуя Кадамжай районунун Сары-Алтын айылында болгон. Өзбекстандык чек арачылардын зөөкүрдүгү ашынды деп эсептеген жергиликтүүлөр 20-июнда аларды жазалоо талабы менен Кызыл-Кыя - Кадамжай жолун тосуп, кыргыз өкмөтүн өз элинин коопсуздугун камсыздай албай жатат деп сындап чыгышты. Ушул эле күнү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев чукул жыйын өткөрүп, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Кыргыз-өзбек чек арасында кыргызстандык жарандын окко учушун Жогорку Кеңеш да талкуулап, маселени тыкыр иликтеп, күнөөлүү кызмат адамдарына катуу чара көрүүнү, чек араны бекемдөөнү өкмөткө, окуяга байланыштуу атайын иш-чаралардын жол-жобосун иштеп чыгууну тармактык комитетке тапшырды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жолдоду.

Жума күнү Кадамжай районунун тургундары Кыргыз өкмөтүнө кайрылып, анда Өзбекстан чек ара кызматы "чек ара аймагында туруктуулукту камсыз кылуу аракетин жокко чыгарууда" деп билдирди. Кайрылууда айтылганга караганда, кошуна өлкөнүн чек ара кызматы алар тараптан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, чек араны бузгандарды токтотуу аракети жасалды деп билдирген. 20-июнда чек арадагы “Чечме” жана “Кадамжай” өткөрмө пункттары эки тараптуу жабылды.

Тасмада: Чек арадагы бөтөнзордук



Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларындагы талаштуу аймактарда бул өңдүү кайгылуу окуялар, талаш-тартыштар байма-бай катталып, чек арада жашаган элди жүдөтүп келатат. Адистер чек ара такталмайынча тынчтык болбойт дешсе, саясатчылар чек аранын талаштуу аймактарында коопсуздукту камсыздай албагандыгы үчүн өкмөттү күнөөлөп келатышат. Бул ирет да Жогорку Кеңештеги талкууда ушундай маанай өкүм сүрдү.

Депутат Улукбек Кочкоров өз жердештери менен жолугушууга даабай калганын айтты:

- Барганга чамам калбады. Кечээ барганда “келип атасыңар, угуп атасыңар, чечим жок болуп атпайбы. Качан чечесиңер, көчүп кетелиби?” - деп жакалаганга чейин барышты. Муну чечпесе болбой калды. Карап көрүңүздөр, жер айдабай, башка иш кылбай эле топтошуп алып, бирден чаап кетпесин деп, 50-60ы бир үйдө отурса бул эмне жашоо? Чек арачыны тебелеп, басып, айылдын бир жагынан кирип, экинчи жагынан чыгып кетип атат. Эмне үчүн ошо жерден атпайт?

Саясатчылар чек арадагы жагдайды түзөө үчүн тез арада Баткен облусун жоюп, түз өкмөттүк башкаруу киргизүү, Чек ара кызматын кайра аймакка көчүрүү зарыл деген маселени күн тартибине коюп жатышат. Бирок адистердин ишениминде, чек ара кызматы кубаттуу болмоюнча дегеле чек арада коопсуздук камсыздалбайт.

Күч түзүмдөрүн тейлөө милдетин аркалаган жаңы вице-премьер-министр Токон Мамытов ошол көтөрүлүп жаткан демилгелердин бардыгын ишке ашыруу үчүн каражат керек экендигин белгилеп, парламент чек арачылардын, инженердик-техникалык куруулардын санын көбөйтүү маселелерине буга чейин өңүл бурбай келгенин айтты:

- Жетишпей атат. Чек арачынын саны аз болуп атат. Каражат аз болуп атат. Тиешелүү күйүүчү май, техника берилбей атат. Бюджет кимде? Бюджет парламентте. Так бөлүп бергенден кийин талап кылыш керек.

Чек ара кызматынын мурдагы башчысы, жаңы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтканына караганда, Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстандыкынан он эсе, Тажикстандыкынан үч эсе аз.

Үч депутат акталды

Тогуз ай камакта отурган оппозициячыл үч саясатчынын апта башында бошотулушу коомдук-саясий чөйрөдө чоң талкуу жаратты. Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана анын үч жардамчысын Бишкек шаардык соту актап, 17-июндун түнүндө сот залынан бошотту.

Тасмада: Үч депутат акталды, 17.06.2013



Жумуш орундарына кайтып барышкан саясатчылар коомчулукка чыгып, камалышын саясий ишмердиктерине байлап, бошотулушун сот акыйкаттыгынын далили деп баалашты. Парламенттеги коалициялык азчылыктагы “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында президент болуу дымагын да айта кетти.

Былтыр 3-октябрдагы нааразылык акциясы маалында Ак үйдүн темир тосмосун ашып өткөндөн кийин үч депутатты кармап, бийликти басып алууга аракет кылды деген негиз менен кылмыш ишин козгогон башкы прокуратура болсо сот чечимин дароо айыптап чыкты. Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотун айыпталуучулардын тарапкерлеринин жетеги менен кетти деп, Жогорку Сотко кайрыларын шардана кылды.

Мындай айыптоолорго сот коллегиясынын сотту 24-июнга которорун жарыялап коюп, кайра улантканы негиз берүүдө. Судьялардын жарыясынан кийин залдагы депутаттардын тарапкерлери чуу көтөрүп, сотторду бут кийим, желим бөтөлкөлөр менен ургулашкан эле.

Депутаттардын бошотулушуна нааразы болгон дагы бир тарап – “Мекен шейиттери” кыймылынын мүчөлөрү эртеси эле сотторду айыптап, шаардык сотко, судьяларынын үйлөрүнө чейин омуроолоп барышты.

Тасмада: Сот өкүмүнө нааразылык, 18.06.2013



Саясат таануучу Марат Казакбаев бул эки окуяны тең сотко басым жасоо деп, мындай окуялар Кыргызстанда көндүмгө айланганын кошумчалады:

- Ушундай окуялар боло берет. Бирок бийлик дагы соттун иштешине шарт түзүп, күзөт коюшу керек эле. Аябай эле чоң басым болду чечим чыгарып жатканда. Соттордун үйүнө чейин барышты.

Талдоочунун баамында, соттун депутаттарды таптаза актап коюушу күмөн жаратат. Мамлекет сот коопсуздугун камсыздоого маани бербесе, маселен Жогорку Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн караганда деле тигил же бул тараптын басымына кабылышы ыктымал дейт талдоочу.

Батукаев темасы кайрадан козголду

Анткен менен айрым байкоочулар бийликти басып алууга аракет кылды деп, чоң чуу менен камакка алынган үч депутаттын акталышына кылмыш төбөлү саналган Азиз Батукаевдин чыгарылышы олуттуу роль ойногондугун айтып чыгышты.

“Мекен шейиттерин” сынга алган депутат Садыр Жапаров парламентте сүйлөгөн сөзүндө буларды айтты:

- Эмне үчүн Батукаевди чыгарып ийгенде ошол элибиз ушинтип чыккан жок. Биз эми Батукаевден да коркунучтуу болуп кеттикпи? Биз эми киши өлтүргүч эмеспиз го. Болгону саясатчыбыз.

Ошентип Азиз Батукаевдин айыккыс дарттын шылтоосу менен бошотулуп, чет өлкөгө чыгарылып кетиши түрдүү түкшүмөлдөргө жем таштап, бийликтин аброюна көлөкө түшүрүп турган чакта Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун бул маселени кайрадан козгоду. Ал жума күнү уюштурган маалымат жыйынында Батукаевдин чыгарылышына президенттик администрациянын өкүлдөрүнүн жана башкы прокуратуранын тиешеси бар деп айтып чыкты.

Азиз Батукаев Нарын түрмөсүндө "жайыл дасторкондун" четинде отурат. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Азиз Батукаев Нарын түрмөсүндө "жайыл дасторкондун" четинде отурат. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)


Талдоочу Марат Казакбаев Батукаевдин түрмөдөн бошотулушун коррупциянын жемиши деп эсептеп, бирок Турсунбек Акундун бул аптадагы “чуулгандуу” деп аталган билдирүүсү ишеним жаратпай тургандыгын белгиледи:

- Бул чындыгында эле коррупциялык кылмыш иш. Ал үчүн Турсунбек Акунду баш кылып жоопко тартыш керек. “Бомба, бомба” дейт. Ушу да компроматпы?

Акыйкатчы Турсунбек Акун “кылмыш төбөлүнүн” чыгарылышын негиздүү деп алгачкылардан болуп билдирүү жасаган. Ал эми Батукаевдин иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия кызматтан кетсин деп чечкен мамлекеттик кызматкерлердин тизмесинде Турсунбек Акун да бар. Анткен менен акыйкатчынын өтүп бараткан аптага белгиленген жылдык баяндамасы келерки жумага жылып кетти.

Саратандагы кар

17-18-июнь күндөрү Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарына калың кар түшүп, жолдор жабылып, мал кырылып, жергиликтүү элдин да, өкмөттүн да шаштысын кетирди. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “Азаттыкка” берген интервьюсунда белгилегенге караганда, Нарын облусу 640 баштай малга чыгаша болду, алардын негизгиси майда жандыктар:

- Өлүмдүн көпчүлүгү Кочкор районунун Үкөк жайлоосунда болгон. 261 баш майда жандык, 2 жылкы, бир музоо, бир баш жылкы, Жумгал районунда 285 майда жандык, эки бодо мал. Ал эми Нарын районунда бүгүн абал оор болгону менен, чыгым азыраак. Алтымыштын тегерегиндеги мал чыгаша болгон.

Анткен менен адистер Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймагына жай саратанда түшкөн кар алып келген чыгашанын эсеби дагы эле такталып бүтө электигин айтып жатышат. Көп жашаган жергиликтүү карыялар жай саратанда мынчалык калың кар жарым кылым илгери бир түшкөнүн эстеп атышат. Нарын өрөөнүнүн малы жайлаган Кара-Кужур, Солтон Сары, Үкөк сыяктуу жайлоолордо кардын калыңдыгы 70-80 сантиметрге чейин жеткени кабарланды.

Нарындагы кардан сүрөт баян: 18.06.2013

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG