Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Узап бараткан жумада Кумтөр боюнча түз сүйлөшүүлөр башталды. Өкмөт бюджет жана кыштын камын көрүүгө киришти.

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арадагы "Достук" чек ара бекетин бир тараптуу жаап салды. Чек аралардын жабылышына удаалаш Өзбекстандагы кыргыз элчилигинин дипломаттарына байланыштуу чатактар чыкты.

Өзбекстан өзү билгендей кылды

СССР урагандан кийин эгемендүүлүк алган Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара мамилесин жолго сала албай келатат. Ал мамиле жыл сайын начарлап баратканы байкалат. Маселен, эки өлкө ортосунда соода дээрлик токтоп калды. Транзиттик каттамдарга бөгөт коюлду.

Дипломатиялык карым-катнаш үзгүлтүккө учурап, жогорку эле эмес, андан төмөнкү деңгээлдеги жолугушуулар, сүйлөшүүлөр болбой калды.


Эки өлкөнү бири-бирине муктаж кылып келген суу-энергетикалык тармак жакындаштыруунун ордуна, курч талаш-тартыштардын булагына айланды. Эки тарап тең суу-энергетикалык көз карандысыздыкка багыт алды.

Жыл сайын газ үчүн Ташкенге баш уруп баруудан тажаган кыргыз бийлиги газ тармагын Орусиянын колуна өткөрүп берди.

Бирок мамлекеттер мына ушинтип бири-биринен канчалык окчундабасын, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда карым-катнаш, соода-сатык жүргүзүү муктаждыгы кала берүүдө. Бирок алардын бул муктаждыгы чек арада катаал чараларга туш болууда.

Ошентип расмий Бишкек менен Ташкенди сүйлөштүргөн чек ара маселеси гана калды. Бул маселе абдан татаал болгондуктан дээрлик туңгуюкка кептелип турат. Чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов бул ишти туңгуюктан чыгаруу үчүн мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги саясий чечимдер кабыл алыныш керек, ал эми комиссиялар деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр өз мүмкүнчүлүгүн иштеп бүттү деп эсептейт. Бирок Бишкек менен Ташкен ортосунда мамлекет башчылар деңгээлиндеги сапарлар үзгүлтүккө учураганына он жылга жакындап баратат.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн начар абалдын себеби тууралуу буларды айтты:

- Эң негизги себеп - Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик түзүлүшү, коомдук абалы, саясий-экономикалык саясаты боюнча айырмасы абдан күчтүүлүгүндө. Эн негизги себеп ушунда.

Жекшенкуловдун пикиринде, эки өлкөнүн саясатчыларынын тил табыша албашы, ийкемдүүлүктүн жоктугу бул абалды ого бетер оорлотууда.

Азыркы мезгилде Ташкен Оштогу “Достук”, Баткендеги “Кадамжай” өткөрмө бекеттерин, Барак эксклавынын жолун жаап салды.

Ага чейин чек ара боюнча сүйлөшүүгө өзбек делегациясы эки ирет келбей коюп, жолугушууну үзгүлтүккө учураткан. Эми 4-сентябрда жолугушууга макул болду дейт өкмөт аппаратынын чек араларды аныктоо боюнча бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров:

- Эки жолу сүйлөшүүнү жылдырышты. Биринчи жолу жылдырганда Кадамжай районундагы Майдан айыл округунда болгон окуяны шылтоолошту. Экинчи жолу Аксы районундагы Дейрез участкасында болгон окуядан кийин сүйлөшүүнү Өзбекстан убактылуу токтоткон. Азыр эми макулдугун берип, 4-сентябрда жолугушууга даярбыз деп нотасын жиберишти.

Чек ара бекеттеринин жабылышы боюнча өзбек тарап түшүндүрмө берген эмес. Ошондуктан кыргыз бийликтери бир жагынан аны Аксыдагы чек ара окуясына байланыштырса, экинчи жагынан Өзбекстандын эгемендүүлүк күнүнө карата коопсуздук чараларын күчөтүүсү менен байланыштырууда. Бирок чек аранын жабылышы мезгили боюнча эки окуяга тең байланышы күмөндөй. Анткени Аксыдагы окуя июль айында болсо, Ташкендин эгемендүүлүк күнүн майрамдоосуна дагы эки-үч жума бар.

Чек аралардын жабылышына удаалаш Өзбекстандагы кыргыз элчилигинин дипломаттарына байланыштуу чатактар чыкты. Ал чатактар кыргыз дипломаттарын терс мүнөздө көрсөтүү максатында интернетте маалымат өнөктүгү менен коштолду. Бул өнөктүк Аксыдагы чек ара окуясында кыргыз чек арачылары мас болгон деген, кыргыз бийлик өкүлдөрүн тартипсиз, бейбаш көрсөтүүнүн уландысы болуп калды.

Кыргызстан күз айларында Шанхай кызматташуу уюмунун саммитин өткөрөт. Ага өзбек президенти Ислам Каримов да келет. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жок дегенде эл аралык саммитте бет келишип, эки мамлекеттин эмес, эки элдин маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк алат деген ишеним бар.


Кумтөр боюнча түз сүйлөшүүлөр башталды

Кыргыз өкмөтү 17-августта “Центерра голд инктин” өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүлөрдү баштады. Премьер-министрдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов сүйлөшүүнү өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жүргүзүп жатканын билдирди:

- Сүйлөшүүлөрдү баштан-аяк премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзү жүргүзүп жатат. Августтун аягына чейин сүйлөшүүлөр болот.

Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнүн билдирүүсүнө караганда, эки тарап “Кумтөр оперейтинг компани” жана “Кумтөр голд компанинин” бириктирип, Кыргызстанда каттала турган биргелешкен ишкана түзүү макулдашылды. Ага эки тарап 50 пайыздан ээлик кылат.

“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары, Кыргызстандын “Центерра голд инкттин” директорлор кеңешиндеги үчүнчү өкүлү Кылычбек Шакиров сүйлөшүүлөр башталганын, бирок чечимдер жоктугун билдирди:

- Биргелешкен ишкананы сүйлөшөбүз. Башка варианттарды да карайбыз. Биз үч вариантты иштеп чыкканбыз. Азыр кайсы бирин тандап аларыбызды сүйлөшүүлөр көрсөтөт. Азырынча кандайдыр бир чечим жок. Андай факты жок. Ошондуктан бир нерсе дей албаймын.

Шакировдун айтымында. Кумтөр боюнча сүйлөшүү үчүн “Центерранын” жетекчилери Ян Аткинсон, Франк Герберт жана башкалар келди.

Кумтөр боюнча сүйлөшүүнү аяктоо үчүн парламент өкмөткө сентябрга чейин мөөнөт берген. Канадалыктар менен мунаса табылбаса, депутаттар 2009-жылкы келишимден чыгууну сунушташкан.

Ошентип күзүндө Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча депутаттарга отчетун берип, ошого жараша өзүнүн тагдырын чечиши да күтүлүүдө. Сатыбалдиев Кумтөрдөн сырткары келерки жылдын бюджети жана жылытуу мезгилине даярдык боюнча да депутаттар алдында турары бышык.

Бюджет багытында өкмөт ишин жылдырып, сентябрь айында долбоорду парламентке жиберүүгө камданууда. Анын негизги параметрлерине токтоло турган болсок, ал мурунку жылдардын бюджетинен айырмасы аз. Ошондой эле тартыштык жана өнүгүүгө каражаттын жоктугу байкалып турат.

Маселен, 2014-жылдын бюджетинин кирешеси 91 млрд. сом, чыгашасы 109 млрд. сом деп белгиленген. Натыйжада расмий тартыштык 18 млрд. сом деп чыгууда. Ал эми иш жүзүндө тартыштык 30 млрд. сомго барарын Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков билдирүүдө.

Дүйнөлүк базарда алтынга баанын арзандашы, Транзиттик борбордун чыгарылышы жана Кумтөрдөн салыктан алдын-ала алынышы киреше булагын өксүткөн жагдайлардан. Ошондой эле өткөн жылдары мамлекеттик баалуу кагаздарды көп чыгаруу ички карыздардын олуттуу өсүшүнө алып келген. Эми аны төлөш керек. Маселен, келерки жылы өкмөт ички карызды төлөөгө 10 млрд. сом, тышкы карызга 5 млрд. сом жумшоого аргасыз болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG