Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Апта: Кумтөрдөгү “үчүнчү күчтүн” кыйрашы


Барскоон, 31-май, 2013-жыл
Барскоон, 31-май, 2013-жыл

Узап бараткан жумада Кыргызстан эгемендигинин 22 жылдыгын белгиледи. “Центерра голд инктин” жетекчилигинен 3 млн. доллар доолаган кыргыз жарандары кармалды. Күзгү саясий сезон бийлик үчүн ыңгайлуу шарттарды ыроолоп жатат.

Абалды өзгөрткөн видеотасма

Кумтөрдү талылуу жеринен кармап, ал аркылуу жалпы мамлекеттик абалга таасирин тийгизген “үчүнчү күч” нейтралдаштырылды. Буга бийликке да, оппозицияга тиешебиз жок деп “үчүнчү күч” катары май айында өлкөнү титиреткен Жети-Өгүз жаштарынын лидери Эрмек Жунушбаев жана Бактияр Курмановдун “Центерранын” жетекчилигинен 3 млн. доллар талап кылган видеотасманын жарыяланышы себеп болду.

Эрмек Жунушбаев жана Бактияр Курманов башында турган жаштар жана жергиликтүү тургундар 27-майда Кумтөргө барчу жолду тосуп, кенди мамлекетке кайтаруу талаптарын койгон эле. Жетиөгүздүктөрдүн ал акциясы Кумтөргө баруучу электр кубатын өчүрүү жана тартип коргоо органдары менен кагылышуу менен коштолгон. Президент Жети-Өгүз районуна өзгөчө кырдаалдар киргизүү боюнча жардык чыгарууга аргасыз болгон. Жардыктан кийин Токмоктон аскер жөнөтүлгөн.

Жети-Өгүздө кырдаалдын курчушу менен “Ата-Журттун” лидерлеринин соттолушуна нааразы болгондор Жалал-Абадда облустук бийликти басып алышып, өздөрүнчө губернатор шайлоого жетишкен. Кырдаал ушунчалык опурталдуу болгондуктан экс-президент Роза Отунбаева да өлкө тагдыры боюнча кайрылуу менен чыгууга аргасыз болгон.

Мына ошондуктан күзгү саясий күрөштө жана Кумтөр боюнча канадалыктар менен сүйлөшүүдө Жети-Өгүздөгү “үчүнчү күч” өзгөчө орунда турган. Бирок видеотасманын жарыяланышы абалды өзгөрттү. Коркунуч жаратып келген Жунушбаев жана Курманов тасмада айтылгандарды толук танып жатканга карабай, өздөрү “жан соога” суроо абалына түшүштү. Тартип коргоо органдары аларды камакка алып, кылмыш ишин козгоду.

Тасма 31-июлда УКМК тарабынан соттун уруксаты менен тартылган. Муну УКМКнын төрагасынын орун басары Бектен Сыдыгалиев тастыктады. Бирок тасма тартылар замат эмне үчүн Жунушбаев жана Курмановго чара көрүлгөн эмес деген суроо туулат? Анын бир нече себептери болушу мүмкүн.

Барскоон, 31-май, 2013-жыл
Барскоон, 31-май, 2013-жыл
Биринчиден, Жунушбаев жана Курмановдун оппозиция лидерлери менен байланышын тастыктоо үчүн, экинчиден, Кумтөр боюнча сүйлөшүүдө жетиөгүздүктөрдү канадалыктарга каршы басым көрсөтүү фактору катары пайдалануу үчүн. Ошондуктан канадалыктар менен кандайдыр бир макулдашууга жетишилгенден кийин жана оппозиция аракетин активдештире баштагандан кийин капкандагы курмандыктар ачыка чыгарылды.

Оппозиция лидерлери Курманов жана Жунушбаев менен эч кандай байланышы жоктугун билдирип чыгышты. Маселен, Садыр Жапаров ал балдар менен байланышы жоктугун билдирип, ал эми пара берүү Кумтөр жетекчилигинин көнгөн иш ыкмасы дейт:

- 20 жылдан бери Акаевден баштап, бүгүнкү күнгө чейин чоң-чоң чиновниктерге канча алтын, канча акча бергенин канадалыктар жаздырып, архивине сактап койгон. Анан бирдемке болгондо эле көрсөтүп, коркутуп соодалаша баштайт. Мына интернетке чыгарып жиберем же мындай кылам деп. Ишти ичинен билген киши катары айтып коёюн, булар биринчи кезекте өздөрү келет сунуштап. Мына мен дагы комиссияны жетектеп текшерип жүргөндө беш жолу келген. Анан соодалашпаганыма көзү жеткенден кийин башка депутаттарга өтүшкөн.

Албетте, “Центерранын” өкүлдөрү мындай айыптоолорду четке кагат. Бирок “Центерра” жергиликтүү ар кандай долбоорлорго берген акчалар коррупциялык көрүнүштөрдүн уюгуна айланганы баарына маалым. Ал эмес Кумтөр кени боюнча келишимдер баштан аяк коррупциялык экендиги жогорку трибуналардан байма-бай айтылып келет.

Мына өкмөт Кумтөр боюнча кезектеги келишимге жетишүүнүн алдында турат. Президент Алмазбек Атамбаев жаңы келишимде Кыргызстан Кумтөрдүн 50% ээлик кылса, жетиштүү болот дейт:

- Кумтөр маселесиндеги талаш-тартышка бул өкмөт чекит коё алат. Тарыхты эскерте кетейин, Кумтөр долбоору жаңы башталганда Кыргызстандын 67% үлүшү болгон. 33% "Сиабеко" тараптыкы болчу. Андан кийин Кыргызстан 17.5% же 17.3% акциясын саткан. Расмий түрдө саткан. Ошол 17.5%, 17.3% 67% алганда биздин акциябыз 50% азыраак болмок. Бул долбоор ошол бойдон түз кетсе. Ошондуктан азыркы өкмөттүн аракети, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айткандай өкмөтүбүз үлүштү 50 пайызга алып барса, бул тарыхый адилеттүүлүк болот.

Албетте, Кумтөрдү толук Кыргызстанга өткөрүш керек дегендер да бар. Бирок Кумтөрдү алуу менен бирге Кыргызстанга кендин айланасында түзүлгөн оор экологиялык абалга жоопкерчилик да кошо жүктөлүшүн эстен чыгарбоо зарыл.


Күзгү саясий сезон бийликке ыңгайлуулук ыроолоп турат


31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгын белгиледи. Жыйырма эки жылдын ичинде өлкө экономикалык эгемендүүлүккө жетише албаганы баарына айгине. Мамлекеттин финансы-экономикалык абалын бюджеттеги эбегейсиз тартыштык көрсөтүп турат. Эгемендүүлүк майрамынын алдында, 29-августта өкмөт келерки жылдын бюджетин карап, аны жактырды. Эми ал Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилүүгө тийиш. Өкмөт жактырган бюджет долбоорунда тартыштык 18 млрд. сомго жакын деп белгиленген. Ал эми келерки жылы ички дүң продукция 6.9% өсөт деп болжолдонгон.

Эгемендик майрамынан кийин жаңы окуу жылы башталгандай эле Жогорку Кеңештин да күзгү сессиясы башталат. Күзгү сессияда парламент үч чырлуу маселе боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүп турат. Анын бири Кумтөргө байланыштуу болсо, экинчиси Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусуна жооп алуу. Бул маселе боюнча мурунку вице-премьер-министр Шамил Атаханов башкы жоопкер болуп калары президенттин сөзүнөн кийин айкын болду. Мамлекет башчысы “Азаттыкка” маегинде Батукаевдин бошотулушунда Атахановдун кемчилиги бар экенин белгилеген эле.

Үчүнчү маселе, апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулук жана ал боюнча кылмыш иштин жыйынтыгын угуу. Бул боюнча бийликтеги үзөңгүлөштөр Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда сөз атышуулар болуп келатат. Маселен, Текебаев жакында “мырза президент ким мененсиз, Юсупов мененби же “Ата Мекен” мененби” деп сурайм деп жаткан. Алмазбек Атамбаев болсо “мен Юсуповду да эмес, Текебаевди да эмес, Кыргызстанды тандап алгам” деген жообун берип койду. Бул сырттан кайым айтышуулар ачык кармашка айланып кетпейби деген жоромолдор да жок эмес.

Бирок мына ушундай чырлуу иштердин турушуна карабай күзгү саясий мезгил бийлик үчүн ыңгайлуу жагдайды ыроолоп турат. Биринчиден, парламентте оппозиция жокко учурады. Оппозиция ролун кыска мөөнөткө аткарган “Республика” фракциясы башкаруучу коалицияга кирүүгө уруксат сурап келип турат. Лидерлери депутаттык мандаттан ажыраган “Ата-Журт” фракциясы да башкаруучу коалицияга кирүүгө даярдыгын ишара кылууда. Маселен, “Ата-Журттун” лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков алар башкаруучу коалицияга кирүү демилгесин колдоого аларын билдирди. Бул фракциянын мүчөсү Курманбек Осмонов коалицияга кирүү маселеси сессия башталгандан кийин караларын билдирген. Фракциянын дагы бир мүчөсү Азамат Арапбаев ал жеке өзү коалицияга кирүүнү колдоорун айтты:

- Мамлекеттин биримдиги үчүн, туруктуулук үчүн “Ата-Журт” фракциясы коалицияга кошулса, мен каршы болбойм.

Мына ошентип, президент жана анын фракциясы КСДП үчүн коалицияны каалагандай куроого жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып турат.

Системалык эмес оппозиция ичинен болсо Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев кандайдыр бир биримдикке жетишүүгө аракет жасап жатат. Ал боюнча кандайдыр бир келишимге жакын арада кол коюлары да кабарланган.

Саясаттагы дагы бир өзгөрүү - “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун президент менен кызматташууга кетүүсү болду. Маалым болгондой, ал президенттин жардыгы менен түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин баш катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул дайындоо менен Мадумаров президент Атамбаевдин келечектеги “жаңы оппозиция” долбооруна билет алышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG