Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Апта: Чек арада кайрадан чекишмей...


Чек ара айылдарындагы эл жаңжалдан кийин өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууга баратат. Баткен, 8-май, 2014.

Чек ара айылдарындагы эл жаңжалдан кийин өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууга баратат. Баткен, 8-май, 2014.

Узап бараткан жумада кыргыз-тажик чек арасында дагы жаңжал чыкты. Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши талкууланды.

Сүйлөшүүлөр алдында чыккан чыр...

7-майда кыргыз-тажик чек арасында дагы жаңжал чыкты. Тараптардын бири-бирин таш бараңга алуусунан ондогон адамдар жабыркап, ооруканага жаткырылды. Айрым депутаттар чоң согуш чыгып кетүү коркунучу жөнүндө сөз кылышты. 8-майда Жогорку Кеңеште маселе жабык каралып, күч структураларынын жетекчилери окуя тууралуу депутаттарга маалымат беришти.

Ички иштер министри Абдулла Суранчиев чырдын чыгышында чагымдын белгилери жатканын билдирди:

- Биз атайын даярдалган конфликт деп ойлоп жатабыз. Анткени кыргыз жараны Данияр Сулаймановду жаака экөө чапканда тигил бала качат. Аны бурчтан жыйырмадай тажик жарандары күтүп турушуптур. Анан машинасын... Бизде ушундай маалымат.

Айрым маалыматтарга караганда, мындай чырлар кыргыз-тажик сүйлөшүүсү болор алдында чыгып калууда. Маселен, бул жолу жаңжал 13-майда Дүйшөмбү шаарында вице-премьер-министрлер деңгээлинде сүйлөшүү алдында чыгып отурат. Ал жолугушуунун күн тартибине Ак-Сай - Тамдык - Көк-Таш жолун куруу маселеси коюлганын чек араларды делимитацияло жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирген.

Тажик тараптын кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдөгү негизги максаты жана стратегиясы Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен туташтыруучу коридор алууга жетишүү. Бирок андай коридор Баткен районунун жарымы, Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын анклавга айлануусуна алып келет жана бул Кыргызстанга кабыл алгыс.

Чек арадагы жаңжал, 8-майга караган түн


Эл Мамат Айбалаевди талап кылды


7-апрелде курчуган кырдаалдаалды жөнгөрүү үчүн 8-майда Баткенге вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев барып, жергиликтүү калк менен жолугушту. Бирок чек ара чатагынан көп жабыркаган калк Маматалиевди күч менен кармап, Баткен облусунун жетекчилигине Мамат Айбалаевди дайындап берүү талабын койду. Баткенде чек ара жана жол проблемаларын чечүүдө губернатор кезинде чечкиндүүлүктү көрсөткөн Мамат Айбалаев жергиликтүү калк үчүн ишенич туудурган жалгыз адам болуп калгандай.

Мамат Айбалаев өзү 75 жашка келип калганына карабай, элдин өтүнүчү менен губернаторлук кызматка барууга даярдыгын билдирип, бирок азыркы мезгилге карай өкмөттөн ага сунуш түшө электигин кабарлады:

- Мени азыр эч ким чакырган жок. Сүйлөшкөн жок. Бийлик макул болсо барам. Албетте, менин өзүмдүн оюм, программам бар. Ошол жерде туулуп өскөнмүн. Ошол жердеги эл менен акылдашабыз, аксакалдар менен сүйлөшөбүз, бир жыйынтыкка келебиз.

8-майда Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинин алкагында Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жолугушуп, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү премьер-министрлер деңгээлинде жүргүзүү чечимине келишти.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов жолугушуу тууралуу буларды айтты:

- Эки президент чек ара маселесин дагы талкуулашып, эки өлкөнүн өкмөттөрү бул маселени чечиш керек деп макулдашты.

Баткен облусунда чек арада январь айында болгон кагылышуудан кийин кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү вице-премьер-министрлер деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүү макулдашылган. Бирок кырдаалдын олуттуулугу сүйлөшүү жүргүзө турган делегациялардын деңгээлин дагы көтөрүүгө президенттерге түрткү берди окшойт.


Баткендеги кырдаалдан сүрөт баян, 8-май



Кыргыз-тажик чек арасында жол эмнеге ачылган?

7-майдагы жаңжал январдагы кагылышуудан кийин жабылган жолдор эмне үчүн ачылды деген суроону пайда кылды. Жол дээрлик эки жарым ай бою жабык туруп, анан ачылган. Ал кездеги вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, жолдун тосулушунун эффектиси Ташкен тараптан Тажикстан үчүн жол ачылгандан азайа баштаган. Андан сырткары жолду ачуу өтүнүчү ар тараптан түшө баштаган:
- Лейлек районунун тургундары, аким, губернатор кайрылды. Сүлүктүдө 27 шахтадан 15 шахты жабылып калды. 300 киши жумушсуз калды деп чоң кайрылуу болгон.

Мамытовдун айтымында, андан сырткары Тажикстандагы Жерге-Тал, Мургаб райондорундагы кыргыздар кыйынчылыкка туш болушу, экономикалык жоготуулар жолдун ачылышына жүйө болгон. Ошондуктан бул маселе ар тараптан кеңири талкууланып, андан кийин өкмөттө чечим кабыл алынган.


Бажы биримдигине бараткан жолдо...


Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча иштер активдешти. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Москвага, андан кийин Астанага жасаган иш сапарларында Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын талкуулап келди. Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жол карта боюнча орток пикир табылганы айтылган. Бирок кийинчерээк ал чийки катары бааланып, коомчулуктун кароосуна коюлган жок. 13-майга белгиленген парламенттик угуулардын мөөнөтү дагы которулду. Кыргыз-орус премьерлери Оторбаев менен Медведев, Москва, 29-апрель, 2014.

Кыргыз-орус премьерлери Оторбаев менен Медведев, Москва, 29-апрель, 2014.



Жеңиш майрамынын алдында президент Алмазбек Атамбаев Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, анда да Бажы биримдигине байланыштуу маселе сүйлөшүлдү.

Орус президенти Владимир Путин бул маселе көңүл чордонунда турганын айтты:

- Эки ортодо соода өсүп баратат. Биздин чоң биргелешкен долбоорлорубуз бар. Андан сырткары биз кооперацияны тереңдетүү, анын ичинде Бажы биримдигинин алкагында интеграция биздин көңүлүбүздүн борборунда болот деп ойлоймун.

Президенттер талкуулаган биргелешкен долбоорлордун айрымдарын турмушка ашыруу кечеңдеп, айрымдары кыргыз калкына оорчулуктарды алып келүүдө. Маселен, “Кыргызгазды” “Газпром” сатып алганы боюнча акыркы документке Бишкекте кол коюлар замат “Узтрансгаз” түштүк региондорго газ берүүнү токтотту. Ошону менен Ош тарапта 14-апрелден бери газ жок. Өзбекстан бул маселе боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

Кандайдыр маселе чыкканда эле өкмөттү парламентке чакырып, териштире калуучу Жогорку Кеңеш да унчукпай калды. Анткени “Газпромдун” башчысы Алексей Миллерди “кол баладай” жумшап алуу жана жемелөө мүмкүн эмес. Өкмөт да Миллер “акебиз сүйлөшөм” деди дегенден башкага жарабай олтурат.

Стратегиялык тармакты башка мамлекеттин колуна карматуу эмнеге алып келерин мына ушул жагдай дагы бир жолу даана көрсөттү окшойт. Бажы биримдиги жана ага Кыргызстандын кирүүсү боюнча жол картасынын үстүндө эксперттер тынымсыз иштеп жатканы маалым. Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдө бир катар жеңилдиктерди алып, Дордой жана Кара-Суу базарларына эркин экономикалык зона деген макам берип, өткөөл мезгилди беш жылга чейин созуу максатын айтып келген. Орусия ага кескин каршылыгын билдирбеген менен, Бажы биримдигинин калган мүчөлөрү Казакстан жана Беларус жаны мүчөлөргө эч кандай жеңилдиктер берилбеш керек деген позициясын билдирүүдө. Ошондуктан кыргыз өкмөтү учурда “жок дегенде бир жылдык өткөөл мезгил” керектигин айта баштады.

Кыргызстан коомчулугунда да Бажы биримдигине кирүү боюнча бир жактуу пикир жок. Коомчулуктун бир бөлүгү Бажы биримдигине кошулууга кескин каршы чыгып, бул Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жоготууга, социалдык-экономикалык кризистин күчөшүнө алып келет деген пикирди айтууда. Ал эми кирүүнү жактагандар Орусия жана Казакстан Кыргызстандын негизги соода жана стратегиялык, тарыхый өнөктөштөрү экенин эске салууда.

Толугу менен макулдашыла элек жол картсындагы маалыматтарга караганда, Кыргызстан 2014 жана 2015-жылдын ичинде Бажы биримдигине кирүү боюнча бардык даярдыктарды көрүп бүтүүгө тийиш. Башкача айтканда мыйзамдарды, нормативдик актыларды, стандарттарды Бажы биримдигинин талаптарына ыйлайык келтирүү, Дүйнөлүк соода уюму менен макулдашуу, чек ара жана бажы өткөрмө бекеттерин Бажы биримдигиндеги талаптарга төп келтирүү жана башка ондогон орчун маселелерди чечүүгө тийиш.


Бажы биримдигине кирүүгө каршы акция, Бишкек, 5-май.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG