Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Атамбаев Түркия бийлигине көңүл айтты


Жардырууда мерт кетип, жабыркагандардын көбү полиция кызматкерлери экени кабарланууда.
Жардырууда мерт кетип, жабыркагандардын көбү полиция кызматкерлери экени кабарланууда.

Стамбулда 29 кишинин өмүрүн кыйган кош жардырууга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Түркия мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

«Кыргызстан эли түрк калкынын аза кайгысын тең бөлүшөт жана бардык көрүнүштөгү терроризмди чечкиндүү айыптайт»,- деп айтылат бүгүн жолдонгон телеграммада.

10-декабрда кечинде Стамбул шаарында "Бешикташ" менен "Бурсаспор" футбол командаларынын беттеши бүткөн маалда "Водафон Арена" стадионунун тегерегинде кош жардыруу болду. Андан 29 киши мерт кеткени кабарланды.

Стамбулда жайгашкан Кыргызстандын Башкы консулдугу ал жактагы кыргызстандыктарга зыян тийбегенин билдирүүдө.(SE)

XS
SM
MD
LG