Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

АКШ сенатору Орусияга жазаны күчөтүүгө убада берди


Сенатор Линдси Грэм
Сенатор Линдси Грэм

Америкалык сенатор Линдси Грэм АКШнын президенттик шайлоосундагы ыктымал ролу үчүн Орусияга каршы жазаны күчөтүүгө аракет көрөөрүн билдирди. Ал 19-февралда Мүнхендеги коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып, шайлоодон кийинки ички карама-каршылыктар жөнгө салынгандан кийин “АКШ Конгресси башка маселелерге көңүл бураарын, алардын башкы сабында Орусияга каршы санкциялар тураарын” билдирди. Республикачыл сенатор бул маселени эки партия тең колдойт деп үмүттөнүп жатканын айтты.

АКШнын атайын кызматтары январь айында жарыялаган баяндамасында орус президенти Владимир Путин Американын шайлоо системасына жана демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун рейтингине шек келтирүү үчүн киберчабуулдарды өткөрүүгө буйрук берген деген тыянакка келишкен. Орусия бул маалыматты негизи жок деп четке каккан.

XS
SM
MD
LG