Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Депутаттын тарапкерлери Ош-Бишкек жолунун боюна топтолууда


Базар-Коргон, Акман айылы.
Базар-Коргон, Акман айылы.

Ош-Бишкек каттамынын Базар-Коргон районунун Акман айылындагы бөлүгүнө депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогулуп жатат. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кубат Артыков "Азаттык" радиосуна маалымдады:

- Бүгүн да жол жээгинде нааразылык акцияны улантабыз. Эл чогулган соң кийинки кадамдарыбызды аныктайбыз.

27-февралда 300дөн ашык адам Базар-Коргон айылында райондук акимчиликтин алдында митингге чыгып, Текебаевди бошотууну талап кылышкан. Түштөн кийин чогулгандардын бир тобу Ош-Бишкек жолун тосууга аракет кылышып, милиция ага жол берген эмес. Нааразы тарап түнкү саат 9дарда тарап кетишкен. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG