Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Апта: Оппозиция биригүүнү көздөөдө


"Эл үнү" оппозициялык кыймылы Кумтөр кенине байланыштуу уюштурган митинг. Бишкек, 24-аперль, 2013.

"Эл үнү" оппозициялык кыймылы Кумтөр кенине байланыштуу уюштурган митинг. Бишкек, 24-аперль, 2013.

Бишкек, Ош шаарларынын башчыларын шайлоо, Кумтөр маселесин чечүү алдында оппозициялык күчтөр биригүү аракетин көрүп жатканы маалым болду.

Узап бараткан жумада Бишкек, Ош шаарларынын статусу жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду. Кыргыз бийлиги “Кыргызгазды” “Газпромго” сатууну чечип, бирок Бажы биримдигине кирүүдө такалып калды.


Мэрлерди шайлоо мыйзамына кол коюлду



Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул мыйзамдарга кол коюлушу менен өлкөдөгү эки башкы шаардын мэрлерин шайлоонун жол-жобосу жана мөөнөтү аныкталды.

Мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы эми он күндүн ичинде мэрлерди шайлоонун күнүн аныктоого тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов шайлоо келерки жумада жарыяланарын бышыктады:

- Мыйзам жарыялангандан кийин он күндүн ичинде биз (БШК) күнүн белгилейбиз. Жыйырма күндөн кеч эмес убакытка белгиленет. Ошол жыйырма күндүн ичинде шайлоо өтүш керек.

Акматовдун айтымында, мэрлерди шайлоону жергиликтүү шайлоо комиссиялары өткөрөт жана ага дээрлик атайын каражат бөлүнбөйт.

Мэрге талапкерди көрсөтүү жагына келсек, талапкерлерди шаардык кеңештердеги фракциялар жана өкмөт башчы көрсөтө алат. Бишкек жана Ош шаарларына талапкерлерди карай турган болсок, азырынча Мелис Мырзакматовдун шайлоого катышуу максаты айкын болуп турат. Ал Ош шаар мэрлигине кайрадан ат салышууга даярдыгын билдирген. Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын ичинен 23 депутат анын тарапкери экенин эске алсак, Мырзакматовдун мүмкүнчүлүгү дурус. Албетте, бийлик Оштун мэрлигине өз талапкерин өткөрүүгө аракет жасайт.

Оштогу “Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбековдун пикиринде, Мырзакматовдун партиясындагы депутаттар колдоого ант беришти. Бирок кысымга туруштук берери белгисиз. Бийлик тараптан болсо Сүйүн Өмүрзаков, Аалы Карашев жана Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлиги каралып жатканы айтылууда.

Бишкек шаар мэрин шайлоодо КСДП фракциясы үстөмдүк кылаары белгилүү. Анткени бул партиянын борбор шаардын кеңешинде 21 депутаты бар. Алты депутаты бар “Замандаш-Современник” партиясы КСДПнын өнөгү болуп келатат. Ошондуктан КСДПнын үстөмдүгү түшүнүктүү. Бирок борбордук бийлик Бишкек шаарына кимди коёрун так аныктай электей. Бул борборго такшалган, сыналган кадр керектигине байланыштуу. Анткени борбор мэринин ишине жараша жалпы бийликтин ишине да баа берилери анык.

Жогорку Кеңеште атаандашкан “Республика” менен “Ата Мекен” фракцияларынын Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттары биригип, болгону 18 депутатты түзөт. Анын он бири “Республикага” таандык, жетөөсү “Ата Мекендин” депутаттары.

Оппозиция биригеби?

Кыргызстан оппозициясы кезектеги жолу биригүү аракетин баштаганы байкалууда. Бишкек, Ош шаарларынын мэрин шайлоо, Кумтөр маселесин чечүү алдында оппозициялык күчтөр биригүү аракетин көрүп жатканы маалым болду. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, оппозициялык саясатчылар жакын арада Ошко чогулуп, биригишкенин жарыялашат:

- Жакын арада бардык оппозициялык күчтөрдүн бириккен жыйыны болот. Жаңы жылга чейин биригет. Өлкөдөгү саясий кырдаал дагы жаңы жылга чейин аныкталса, жазга барып кризис туу чокусуна жетет. Эгерде азыркы президент, Жогорку Кеңеш өз саясатын өзгөртпөсө, тактап айтканда Кумтөр маселеси боюнча, саясий куугунтук боюнча, мыйзамдарды кош стандарттуулук менен пайдалануу боюнча - мына ушул үч негиздүү нерсени жолго салбаса, анда мурунку бийликтин кейпин кийип калышы мүмкүн.

Оппозициялык саясатчылардын Ошто жыйын куруусу Ош шаарынын мэрин шайлоодо Мелис Мырзакматовго колдоо катары болчудай. Оппозиционерлер электораты көбөйүп бараткан Мырзакматов менен чоң үмүттөрдү байлап жатканы байкалат.

Оштогу биригүү жыйынына “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Мыктыбек Абдылдаев, саясатчылар Мелис Мырзакматов, Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров жана башкалар катышары күтүлүүдө.

Албетте, булардын катарында абакта жаткан Акматбек Келдибековдин тарапкерлери да болот. Келдибековдун тарапкерлеринин ичинен он беш аял бир нече күндөн бери Ошто ачкачылык кармап олтурушат. Ооздорун скотч менен чаптап алган аялдар, кемпирлер Келдибековду үй камагына чыгаруу талабын коюшууда.

Башкы прокуратура болсо 12-декабрда Акматбек Келдибековго үч кылмыш иш боюнча айып койду. Анда Келдибеков Социалдык фондду башкарып турган мезгилде “Ротак Бишкек” компаниясы менен келишим түзүп, 24 млн. сомго мамлекетке зыян келтирген, Салык кызматын жетектеген мезгилинде “Бизнес-партнер” компаниясына салык кызматынын ыйгарым-укуктарын ыйгаруу менен мамлекетке 2.4 млн. сом зыян келтирген жана Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн Москвада ачкан деп айыпталган.

Келдибековдун жактоочуларынын бири Азимбек Бекназаров “Бизнес-партнер” компаниясы боюнча айыпка Келдибековдун тиешеси тууралуу буларды билдирди:

- Бул укук Салык кодексинин 46, 47-беренесине ылайык, салык төлөөчүлөргө берилген. Салык төлөөчүлөр патентти же салыкка байланыштуу мамилелерин кааласа түздөн-түз өзү, кааласа фирмалар аркылуу жүргүзөт. Мына ошондой фирмалар түзүлгөн. Ошондуктан бул жерде салык төлөөчүлөрдүн өз эрки ким менен келишим түзөт же түзбөйт. Экинчи кылмыш иш боюнча, 2004-жылы Социалдык фонддун башкармалыгы жыйын өткөрүп, чечим кабыл алат. Анда Соцфонддун төрайымы Аманалиева 2004-жылы ноябрь айында “Ротак Бишкек” менен беш жылга келишим түзөт.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, “Ротак Бишкекке” 24 млн. сомдун биринчи бөлүгү же 13 млн. сом 2005-жылы январь айында Келдибеков төрага болуп келгенде которулган. Калган бөлүгү ошол эле жылы сентябрь, ноябрь айында которулган. Бул мезгилде Соцфондду азыркы каржы министри Ольга Лаврова жетектеп турган. Чечимди башкармалык чыгарган, келишимге Аманалиева кол койгон, аткаргандар Келдибеков жана Лаврова болгон. Демек бул мыйзамдуу нерсе. "Эгерде бул кылмыш болсо, анда баарына кылмыш иши козголуш керек дейт", - Азимбек Бекназаров.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо Келдибековго байланыштуу ишке тергөө жана сот чечим кабыл аларын билдирди.


Бажы биримдигине кирүү токтоду...


Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндө маселе пайда болду. Кыргыз бийлиги “Жол картасы” биз менен макулдашылган эмес, ошондуктан Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбаган Бажы биримдигине кирбейбиз деп чыкты. Белгилүү болгондой 19-ноябрда Москвада Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болуп, анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн “Жол картасы” кабыл алынган. Ал карта Кыргызстан менен макулдашылбагынын экономика министри Темир Сариев буга чейин эле билдирип чыккан.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” Бажы биримдигине кирүү маселеси тууралуу буларды билдирген эле:

- Биздин кызыкчылык сакталбаса, биз эч кайда кирбейбиз. Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөй бизде конкуренцияга туруштук берген продукцияларыбыз жок. Ошондуктан биз керектөөчү гана болуп калышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн биз айттык, өнүктүрүү фонду дейбизби, экономика фонду дейбизби, ошондой фонд түзүлсүн. Андай болбосо, биздин абалыбыз оор болуп калат. Экинчиден, бул жерде биздин чоң үч базарыбыз бар. Алардын маселеси да чечилиш керек. Алар да буларды түшүнөт. Андан сырткары биз Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсүбүз. Бажы биримдигине кирип жатып, алар менен да сүйлөшүү жүргүзүшүбүз керек. Ошон үчүн бул жерде иш алдыга жүрө берет. Быйыл кирбей калсак, кийинки жылы, анда болбосо дагы нары жылат.

“Жол картасынын” Кыргызстан менен макулдашылбай кабыл алынганын 12-декабрда президентке биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев да маалымдады. Кыргыз жетекчилигинин бул карама-каршылыкты коомчулукка ачык шардана кылуусу Бишкектин быйылкы жылы “Жол картасын” кабыл албашынан кабар берет. Ошондуктан Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөтү дагы белгисиз убактарга созулчудай болуп калды. Бажы биримдигинин негизги мүчөсү Орусия тарабынан Кыргызстандын бул кадамы кандай кабыл алынары белгисиз. Бирок кыргыз бийлиги бир жагынан “Кыргызгазды” бир долларга “Газпромго” өткөрүп берүү маселесин оң жагына чечти. Жогорку Кеңеш бул боюнча келишимди үч окууда ратификациялады.

Жогорку Кеңеш узап бараткан жумада “Кыргызгазды” 1 долларга сатуудан сырткары быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизип, келерки жылдын бюджетин талкуулоого үлгүрдү.

Экономика өстү, бюджет кыскарды...

Быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүүдө чыгаша бөлүгү 9 млрд. 600 млн. сомго кыскартылды. Ошого жараша бюджеттин тартыштыгы 6 млрд. 400 млн. сом болуп калды. Келерки жылдын бюджети да чоң тартыштык менен түзүлгөн. Маселен, кирешеси 93 млрд. сомго жакын, чыгашасы 111 млрд. сомго жакын деп белгиленген. Тартыштык 18 млрд. сом болууда. Өкмөт келерки жылы экономика 7 пайызга жакын өсөт деп болжоодо.

Ал эми быйылкы жылдын он бир айындагы көрсөткүчтөргө токтолсок, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, он бир айда ички дүң продукция 110.8%га өскөн. Кумтөрдү кошпогондо 106.2%га өсүш берген. Өсүштү негизинен Кумтөрдүн дурус иштеши, курулуш, соода, тейлөө тармактары камсыздаган.Энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жайы тескерисинче төмөндөп кеткен. Тоо-кен тармагы -5.2% төмөндөсө, энергетика дээрлик -2% ылдыйлаган.

Энергетиктер муну Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы менен түшүндүрүп келатат. Текстиль жана жеңил өнөр жайы болсо -18.3% төмөндөгөн.

Кыргызстан тышкы соодасында эбегейсиз тескери сальдо өзгөрбөй кала берүүдө. Он айдын жыйынтыгы боюнча, импорт 4млрд. 800 млн. доллар болсо, экспорт болгону 1 млрд. 300 млн. долларга жакындаган. Төрт эседен көп тескери сальдо түзүлгөн. Каржы министрлиги бул абалды өлкөнүн макроэкономикалык туруктуулугуна коркунуч келтирген фактор катары баалоодо.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG