Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Апта: Оторбаевдин кел-кели, “Республиканын” таарынычы...


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев (солдо) баштаган өкмөт мүчөлөрү ишембиликте. Бишкек, 29-март, 2014.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев (солдо) баштаган өкмөт мүчөлөрү ишембиликте. Бишкек, 29-март, 2014.

Жаңы коалиция куроо иши активдешип, өкмөт башчылыкка Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Президент Алмазбек Атамбаев Алматыда Нурсултан Назарбаев менен сүйлөштү.

Жантөрө Сатыбалдиев жаңы өкмөттүн түзүлүшүн күтпөстөн премьер-министрлик кызматты тапшырып кетти. Анын ордуна өкмөт башчынын милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Жоомарт Оторбаевге жүктөлдү.

Сатыбалдиев ордун Оторбаевге бошотуп берүү менен анын өкмөт башчылыкка келүү маселеси жогору жакта чечилгенин жана өкмөт тизгинин анын келечектеги ээсине эртелеп тапшыруу максатка ылайыктуу экенин туюнтту.
Жантөрө Сатыбалдиев, 10-декабрь, 2013.
Жантөрө Сатыбалдиев, 10-декабрь, 2013.


Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн, тагыраак айтканда Сатыбалдиевдин өзүн “техникалык өкмөт башчы” катары сыпаттап келишкен. Буга анын артында парламентте фракциясынын жоктугу, президент тараптан сунушталып келиши себеп болгон. Жоомарт Оторбаев шайланып келе турган болсо, ал дагы саясий амбициясы жок “техникалык өкмөт башчы” болору айтылууда.

Бул сөздөрдү Жоомарт Оторбаев 28-мартта КСДП фракциясынын жыйынында өзү да тастыктады:

- Биз таза, кесипкөй кадрларды тандашыбыз керек. Мен эч кандай партиялык артыкчылык бербеймин. Эл ошондой болгонун көрүп жатат. Акыркы эки өкмөттү талдап, ошондон да сабак алышыбыз керек. Мен технократиялык жол менен барышым керек.

Парламенттик бийлик системасында өкмөт башчы эң башкы фигурага айланат. Бул Түркияда Режеп Тайип Эрдогандын, Германияда Ангела Меркелдин, Британияда Дэвид Кэмерондун мисалында көрүнүп турат. Парламенттик бийлик системасын курууга багыт алган Кыргызстанда өкмөт башчы негизги ролго чыкпай, анын натыйжасында бийлик системасын өзгөртүү максатында жасалган Конституциялык жана башка реформалар өксүп турат деген сындар айтылууда. Албетте, мындай учурда Кыргызстанда таза парламенттик эмес, парламенттик-президенттик бийлик системасы орнотулган деген жооп айтылат. Бирок ал оппозицияны муюткан жери жок.

Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги тууралуу сөзүбүздү улай турган болсок, анын өкмөт башчылыкка келиши Алмазбек Атамбаев үчүн да, Өмүрбек Текебаев үчүн да ыңгайлуу. Биринчиден, президент Атамбаев өкмөт башчылыкты “Ата Мекендин” өкүлүнө берүү менен бийликти “КСДП жана президент ээлеп алды” деген сындарга бөгөт коёт. Ошол эле учурда Жоомарт Оторбаев Алмазбек Атамбаев үчүн да жат эмес. Ал аркылуу кыйыр түрдө өкмөттүн ишине мурункудай эле таасир эте алат.

Ал эми “Ата Мекен” өз кишисин өкмөт башына алып келүү менен бийлик ресурсуна көбүрөөк ээ болот. Жакындап келаткан шайлоо алдында бул зыян эмес.

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев өкмөттү алмаштырууга ушул кезде баруу менен коомчулуктун көңүлүн Улуттук оппозициялык кыймылдын аракеттеринен өкмөт куроого буруп кетишти. Бул тажрыйбалуу саясатчылардын кырдаалга жараша кабыл алган чечими болду. Жоомарт Оторбаев өкмөттү мына ошентип аласалдырган ушул эки эң таасирлүү саясатчынын көлөкөсүндө калып, өз алдынча чечим кабыл алууга, саясат жүргүзүүгө жөндөмсүз болот деген чочулоо эксперттик чөйрөдө, депутаттар арасында абдан эле күчтүү.

Оппозиция лидерлеринин бири Садыр Жапаров системалык өзгөрүү болмоюн абал оңолбойт дейт:
- Бүгүнкү күндө премьер-министр парламентке дагы, президентке дагы түздөн-түз көз каранды болуп, кайсы адам келбесин президенттин “кол баласына” айланган премьер-министр болуп калат. Ошондуктан эч убакта экономиканы да, ички-тышкы саясатты дагы оңдоп кете албайт.

Жапаровдун пикиринде, системалык өзгөртүү киргизүү үчүн курултай институтун киргизип, ал жыл сайын президент жана парламенттен отчет алып турууга тийиш.

Коалицияга кирүүдө "Ата-Журтта" талаш, "Республикада" таарыныч пайда болду...

Көпчүлүк коалицияны куроо КСДП фракциясы үчүн жеңил болуп жаткан жери жок. “Ата Мекен” фракциясы эч кандай маселеси жок, ал эмес премьер-министрликке өз талапкери менен кирүүгө даярдыгын билдирди. Ал эми калган “Ар-намыс”, “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларында түрдүү маселелер чыгууда. Маселен, “Ар-намыс” фракциясы бытырандылыгы жана президент Алмазбек Атамбаев айыптагандай кызмат орундарга “тендер” өткөрүү менен маселе жаратса, “Республика” фракциясы рейтингдик шайлоо менен өкмөт башчыны дайындоо шартын көтөрүп чыкты. Мындай ыкма менен шайлоодо баягы эле акча маселеси алдыңкы орунга чыгат деген шек пайда болду. Акча жагынан болсо “Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдо мүмкүнчүлүк жетиштүү.

“Республика” фракциясынын лидерлеринин бири Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, андай шектенүүлөр суу кечпейт. Жумшак рейтинг болуп, бир нече талапкер болсо түрдүү программалар таймашы болот эле:
- Булар эми коррупциялык схема, тигиндей-мындай деп шылтоолоп жатышат. Эми үч талапкер болсо, үч программа болсо биз да, жалпы кыргыз эли ачык көрмөк. Мунун программасы мындай экен. Айыл чарбасы боюнча, инвестиция боюнча, энергетика, экономика, коррупция боюнча мындай көз карашы бар экен деп көрмөк да.

Дыйканбаевдин пикиринде, “Республика” фракциясына мына ошондуктан коалицияда орун жок. Ал эми “Ата Мекен”, КСДП жана “Ар-намыс” фракциясы кайра эле коалицияга бириге турган болсо, анда коалицияны бузбай туруп эле Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетирип, ордуна Жоомарт Оторбаевди шайлап алса болмок. Мына ошондо өкмөт бир ай бою башаламан болмок эмес.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары көпчүлүк коалицияга кирүүгө даярдыгын билдирди. Бирок партиянын лидери Камчыбек Ташиев ага кескин каршы чыгып, алар азыркы бийликке оппозицияда экенин фракция мүчөлөрүнө эскертти. 29-мартта “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү партия лидери Камчыбек Ташиев менен жолугушуп, коалицияга кирүү маселесин кеңешкен.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун билдирүүсүнө караганда, аларга коалиция куроого берилген мөөнөт чукулдап баратат. Конституцияга ылайык, коалиция куроо үчүн мандат берилгенден кийин 15 күндүн ичинде коалиция куралып, өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтүлүүгө тийиш. Өкмөт башчылыкка талапкер ошондой эле өкмөттүн структурасын, курамын жана программасын сунуштоого тийиш. КСДП фракциясына коалиция куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-мартта тапшырган. Эсеп боюнча коалиция 9-апрелге чейин куралууга тийиш.


Алмазбек Атамбаевдин активдүүлүгү

Президент Алмазбек Атамбаев 26-мартта Алматы шаарына барып, казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Ал эми жергиликтүү эксперттер Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев Крым жана Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу маселелер көтөрүлгөн деген пикирди айтууда.

Кыргыз-казак мамилесине келе турган болсок, ал өтө жакындашып да, алысташып да кетпегени байкалат. Президенттер эки өлкөнүн соодасы 2011-жылга салыштырмалуу 40% өсүп, 1 млрд. долларга жакындап калганын айткан менен эки тарап белгилеген бир катар долбоорлор ордунан козголбой турат. Маселен, Казакстан кеминде 100 млн. долларлык инвестициялык фонд түзүүнү убада кылып, ал аткарылбай келатат. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча Астана Бишкекти кубаттап чыккан жок. Соода жагында ар кандай чектөөлөрдү маал-маалы менен киргизип келет. Кыргызстан Бажы биримдигине эч кандай шартсыз кирүүгө тийиш деген катаал позицияны да Казакстан билдирген. Бирок буга карабай эки өлкө президенттеринин байланыш кармап туруусу жакшы белги.

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан сапарынан кийин бир катар жергиликтүү телеканалдарга интервью берип, анда өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, Орусия менен мамилеге байланыштуу суроолорго жооп берген. Президент “Кыргызгаздын”, ГЭСтерди куруунун Орусияга берилишин туура деп баалап, ал эми “Манас” аба майданы меморандумда каралгандай 51% эмес, 49% “Роснефтиге” берилерин белгилеген:
- Аэропорт “Манасты” алсак, орустарга 51% кетет деп атышат. Биринчиден, 51% деп меморандумда жазылган менен, чындыгында 49% көндүрдүк деп аэропорт “Манастын” президентти мага айтты. Эмне үчүн бизге “Роснефть” керек? Аэропорт “Манас” кийин да иштеп кетсин десек, аэропорт “Манастын” керосини Астана, Алматы, Ташкен, Душанбеге караганда арзан болушу керек. Арзан керосин кайдан келет? Орусиядан келет.

Президент Атамбаев Конституциянын айрым беренелерин карап чыгуу зарылдыгын айткан. Мамлекет башчысында мындай ой Конституциялык палата Конституцияга таянып, мамлекеттик кызматкерлерге каршы кылмыш ишин прокуратура кызматы гана козгой алат деген корутунду чыгаргандан кийин келген. Конституциялык палатанын мындай корутундусу Антикоррупциялык кызматтын иш-аракетин чектейт, бул коррупцияга каршы күрөшкө жолтоо болот, деп эсептейт президент.

Албетте, Кыргызстанда бийлик системасын, демек Конституцияны өзгөртүүнү каалаган саясий күчтөр бар. Айрымдар, өлкө таза парламенттик бийлик системасын курууга багыт алыш керек десе, башкалар Кошмо Штаттардагыдай өкмөттү президент түз башкарган, парламенти күчтүү ыйгарым-укуктарга ээ бийлик системасы болуш керек дейт. Кандай болгон күндө да президенттин пикири айтылгандан кийин Конституцияны реформалоо боюнча талкуулар кайрадан жанданышы күтүлөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG