Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Апта: Батукаев менен шайлоонун байланышы барбы?


Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006

Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006

Орусияда кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин кармалышын Кыргызстандагы келерки шайлоого байланыштыргандар да бар.

Узап бараткан жумада мындан сырткары Жогорку Кеңештин сессиясы соңуна чыкты. Кыргыз-тажик сүйлөшүүсүндө Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык-Кишемиш жолун курууну улантуу макулдашылды.

Жогорку Кеңеш танаписке тарады

30-июнда Жогорку Кеңеш акыркы пленардык отурумун өткөрүп, депутаттар жайкы эс алууга тарады. Эми чукул маселе чыгып, кезексиз сессия чакырылбаса, парламентарийлер 1-сентябрда чогулушат.

Сессиянын акыркы күнүндө депутаттар электр энергиясына тариф саясатын карап, бул маселени чечүүнү мыйзам менен өкмөткө өткөрүп берди. Өкмөт 1-июлдан тарта үч фаза колдонгон абоненттерге тарифти көбөйтүп, алардын 1 сом 20 тыйындан төлөөсүнө жетишүүнү көздөп жаткан.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин билдирүүсүнө караганда, парламент кабыл алган жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейин убакыт талап кылынат:

- Жогорку Кенеш кабыл алган мыйзам биринчиден күчүнө кириш керек. Тийиштүү жол-жоболордон өтөт. Бир айдын ичинде ишке кириши күтүлөт. Аны тез арада ишке киргизгенге милдеттүүбүз. Ал биздин даярдыгыбызга да байланыштуу.

Демек, жаңы тариф саясаты 1-августтан тарта башталышы күтүлөт. Бирок 1-июлдан тарта жылуулукка жаңы тариф күчүнө кирди. Ага ылайык үй жылытуу жана жылуу сууга баа 27% көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 2-июлда парламенттин өткөн жылдын сентябрынан берки ишин жыйынтыктап, депутаттар 176 мыйзам кабыл алганын, анын 137сине президент кол койгонун маалымдады.

Бул мезгил ичинде Жогорку Кеңеш өкмөттү алмаштырып, Кумтөр боюнча жаңы келишимди жактырууга жетишти. Бирок парламенттин кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевдин бошотулушу, Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жакын “Градиент” компаниясына байланыштуу жаңжалдарга чекит коюуга кубаты жетпеди. Парламенттеги башкаруучу коалиция акыйкатчыны кызматтан кетирүү үчүн да аракетин жасап, бирок 30-июндагы добуш берүүдө жетиштүү добуш топтой алган жок. Маселе күзгү сессияга калтырылганын төрага Жээнбеков белгилеп кетти.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын иштөөсүнө дагы бир жыл калды. Конституцияга ылайык 2015-жылы күзүндө шайлоо өтүш керек. Ал эми ал шайлоого азыртан эле даярдыктар башталганын президент Алмазбек Атамбаев да белгилеп жатат.

Батукаев жана шайлоо...

Шайлоого даярдык демекчи, кыргыз бийлик башчыларынын кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевди Кыргызстанга кайтаруунун негизги максаттарынын бири да мына ошол саясатка барып такалгандай.

2013-жылы апрель айында Азиз Батукаевди Нарындагы абактан тез арада бошотуп, "Манас" аба майданынан атайын учак менен узатуу бийликтин аброюна эбегейсиз сокку урду. Бир нече күндүк өмүрү калды деп абактан чыгарылган Батукаев эсен-соо жүргөнү маалым. Башкы прокурор Аида Салянова Батукаев мыйзам чегинде бошотулган деп парламентте кайра-кайра кайталаган менен соңунда анын бошотулушу боюнча кылмыш ишин козгоп, аны кайтаруу үчүн Орусияга суроо-талап жолдогон.

Айрым маалыматтарга караганда, президент Алмазбек Атамбаев орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда Азиз Батукаевди кайтарууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Шайлоо өнөктүгүнө Батукаев көөсү менен баруу бийлик үчүн канчалык ыңгайсыз экени түшүнүктүү. Ошондуктан аны алып келүү менен бийлик өзүн кайсы бир деңгээлде реаблитациялоону ойлогондой.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Азиз Батукаевди алып келүүгө тийишпиз дейт:

- Кармалды деп угуп жатабыз. Эгерде ал кармалса, аны Кыргызстанга алып келишибиз керек. Бизге юридикалык кагаздар келе элек.

Эксперттердин пикиринде, Батукаевди Кыргызстанга алып келүүгө анын орус жарандыгы тоскоол болушу мүмкүн. Анткени Орусия мыйзамы боюнча өз жаранын башка өлкөгө өткөрүп бербейт. Бирок КМШ мамлекеттери кол койгон Минск келишимине ылайык, тараптар кылмышкерлерди өткөрүп берүү милдетин алышкан.

Белгилүү юрист жана саясатчы Мукар Чолпонбаев Батукаевди Орусия бербейт деп эсептейт:

- Батукаев Кыргызстандан чыгары менен Орусиянын жарандыгын алды. Орус паспортун алды. Демек, конституцияга ылайык, Орусия аны бизге бербейт. Анын үстүнө биздин соттор аны актап, абактан чыгарып койгон. Экинчиден, Батукаевдин бияка келиши кылмыш дүйнөсүндө тынчтык алып келбейт. Анткени кылмышкер абакта жатса дагы, чыкса дагы санаалаштарына, жакындарына таасири күчтүү болот.

Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, Батукаевди алып келүүгө кызыкдар эмес күчтөр бар. Анткени анын келиши менен көп чиновниктердин бети ачылып калат.

Батукаевдин чыгарылышына тиешеси бар жогорку даражалуу чиновниктерди жазага тартуу, кызматтан бошотуу боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган. Бирок ал аткарылган эмес. Бир гана акыйкатчы Турсунбек Акун кызматынан бошотулду.

Өз ыктыяры менен 2013-жылы июнь айында вице-премьер-министр кызматынан Шамил Атахановдун кетиши да Батукаев жаңжалына байланыштырылган. Анын үстүнө Атаханов Батукаевди бошотууга тиешеси бар экенин моюнга алган. Бирок оппозициялык саясатчылар бир нече бийлик органдарын бирдиктүү иштешин Атаханов камсыздай алмак эмес, ошондуктан Батукаевди бошотуунун артында биринчи жетекчилер турат деп айыпташкан.

Атахановдон кийин 2013-жылдын соңунда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев кызматынан бошоп кетти. Рысалиев Батукаевди бошотууга салым эле кошпостон, аны аба майданына чейин узатып барганы парламентте айтылган. Бирок Рысалиевдин кызматтан кетиши анын “Ата Мекендин” лидерлери менен жаңжалына көбүрөөк байланыштуу экени маалым.

Кыргыз-тажик делегациясы жол курууну макулдашты

2-3-июлда Бишкекте чек ара, чектеш аймактарда жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү болду. Бул сүйлөшүүлөр 19-июнда Баткенде башталган сүйлөшүүлөрдүн уландысы эле. Баткендеги сүйлөшүүдө тажик тараптын делегациясы Ворух-Исфара жолун куруунун варианттары боюнча чечим кабыл алуу үчүн убакыт сурап, Душанбеге кеткен.

Вице-премьер-министрлер Абдырахман Маматалиев жана Мурадали Алимардон баштаган делегациялардын Бишкектеги сүйлөшүүсүнүн соңунда протоколго кол коюлду. Ага ылайык 10-июлдан тарта Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жолун куруу улантылат. Ошондой эле тараптар Исфара-Ворух жолун курууну да макулдашты. Бул жолдорду куруу улантылары май айында Душанбеде ушул эле вице-премьер-министрлердин жолугушуусунан кийин да айтылган. Бирок иш ордунан жылган эмес.

Абдырахман Маматалиев бур ирет эки тарап бир чечимге келди деп билдирди:

- Бул маселе боюнча талкууда бир чечимге келдик. Жолдун курулушун 10-июлда баштайлы деп протоколго кол койдук. Бул жолдорду кантип пайдалануу боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдайлы деп чечтик. Долбоор даярдалса, жолдун курулушун да күз айларына бүтүрсөк деп жатабыз.

Жол маселесинин чечилиши менен кыргыз-тажик мамилесин уулап келген оор жагдайлар жеңилдейт деген пикирлер айтылууда. Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров жол маселесинин чечилиши менен эки өлкө жарандарынын ортосундагы жаңжалдар кескин кыскарат дейт:

- Бул жерде жол маселеси гана чечилди. Чыр-чатактын баары жолдордун айылдарды аралап өтүүсүнөн чыгып турган. Буюрса, эми андай чыр-чатактар кескин азайат. Кан төгүүгө чейин алып келген чыр-чатактар болбойт деп ойлоймун. Мындан ары делимитациялоо иштерин жылдырууну сүйлөштүк. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорун даярдоо ишин баштайбыз. Буюрса, мындан ары иш жакшы жүрөт деген ойдобуз.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп жаңыдан дайындалган Мирослав Ниязов чек ара, суу, жер маселелери эки өлкөнүн кызматташуусуна тоскоолдук жасап келгенин белгилейт. Бул маселелер биринчи кезекте чечилип, стратегиялык кызматташтык өнүктүрүлүш керек дейт Ниязов:

- Кыргыз-тажик чек арасы чечилиш керек. Аны чечпей биз согушмак белек? Ал чечилиш керек. Ал эми негизги максат эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү. Алдыда чоң-чоң иштер бар. Гидроэнергетикалык потенциалды бириктирип, сыртка чогуу сатканга аракет жасоо керек. Келечек абдан чоң. Ошого жетиш керек. Бирок адегенде суу, жер, чек ара маселелери чечилбесе, долбоорлорду токтотуп коёт.

Мирослав Ниязов буга чейин да, 2000-жылдардын башында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматын аткарып келген.

Вице-премьер-министр Мурадали Алимардонду 3-июлда Бишкекте өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кабыл алды. Анда эки тараптуу кызматташууга байланыштуу кеңири маселелер, чек араны делимитациялоо жана тажик өкмөт башчысы Кохир Расулзоданын Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселеси талкууланган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG