Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Узап бараткан жумада кыргыз оппозициясы бириккенин жарыялады. Улуттук валюта - сомдун курсу төмөндөөсүн токтоткон жок.

Оппозициялык күчтөр бирикти

Кыргызстанда Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл ишке киришкенин 26-февралда жарыялады. Алар негизги максаты катары авторитаризмге каршы күрөшүүнү аташты. Албетте, андан сырткары бийликтин дарегине бир топ ачуу сын айтылды. Алардын ичинде Кумтөр маселеси, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Батукаевдин бошотулушу, саясий оппоненттерди куугунтуктоо, коррупциялык схемалар сакталып калды деген айыптоолор бар.

Кыймылдын мүчөсү, “Эркин эл” партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков бийликке коюлган айыптарга буларды кошумчалады:

- Бул чек ара маселеси, бул криминалдашуу. Бул реформалардын токтоп калышы. Конструктивдүү диалогдун жоктугу. Жергиликтүү кеңештерде, мэрлерди шайлоодо мыйзамдарды бузуу. 2015-жылкы шайлоого ыплас технологиялар менен даярдык көрүшүүдө.

Оппозиция максатына жетиш үчүн бийлик менен сүйлөшүүгө барууга аракет жасап, эгерде бийлик тараптан жооп болбосо, массалык нааразылык акциялары уюштуруларын билдирди.

Бет ачар аземге Мелис Мырзакматов жана Камчыбек Ташиев катышкан жок. Иш-чарага алардын жакын пикирлештери жана партиялаштары катышканы менен ал экөөнүн жоктугу эки анжы ойду жаратты.

Маселен, бул бир жагынан мына ушул эки саясатчы менен бийликтин ортосунда кандайдыр бир сүйлөшүүлөр, соодалашуулар жүрүп жатат деген түкшүмөлдөрдү күчөтсө, экинчи жагынан оппозиция лидерлиги үчүн күрөш жана кыймылдын тышкы саясатта позициясы кандай болушу боюнча орток пикир табыла электигинен кабар берди.


Маалым болгондой азыркы кезде Камчыбек Ташиев соттолгонун жоюп, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга укук алууга кызыкдар. Бул максатка ыңкылаптан сырткары, бийлик менен мамилени оңдоо аркылуу жетишүү да мүмкүн.

Ал эми Мелис Мырзакматовго ар кандай кылмыш иштер ачылып, ал кыйын абалга кептелгени кабарланууда. Экинчи жагынан ага бийликтегилер чон кызмат сунуштаптыр деген тастыкталбаган маалымат тараган.

Ташиев жана Мырзакматов улутчул багыттагы саясатчылар катары таанымал. Ошол эле учурда алар Москванын интеграциялык долбоорлоруна каршылыгын ачык билдире элек. Ал эми кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков анти-орусиячыл позициясын баймай-бай билдирип келет.

Жогорудагы факторлор таасир эттиби же башка нерсеби, айтор бет ачарга Мырзакматов жана Ташиевдин катышпагандыгы кыймылдын салмагына таасирин тийгизди. Анткени бул экөө региондордо тарапкерлери арбын саясатчылар. Ошондуктан кыймылдын таасирдүү күчкө айлануусу мына ушул эки саясатчынын позициясына көбүрөөк көз каранды.

Мына ушундай карама-каршылыктарга карабай оппозиция өкүлдөрү Кыргызстанда авторитаризм кайрадан орноп баратат дегенде бир пикирде болушуп, ага каршы турууга биригишти.

Президенттин өзүнөн оппозициянын талаптарына жооп боло элек. Ал эми анын тегерегиндеги саясатчылардан оппозицияны жамандоодон тартып, сүйлөшүүгө даярдыкка чейин пикирлер айтылды.

Маселен, парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү Абдыманап Кутушев азыркы кезде нааразылык үчүн негиз жок деп эсептеп, оппозиция Украинадагыдай акча алуу далаалатын жасап жатат деп эсептейт:

- Алар шайлоону жеңип келерине көздөрү жетпейт. Элдин көңүлүн ала турган идеялары да жок. Башка жол менен бийликке келе алышпайт. Себеби ээрчий турган масса жок. Анда эмне үчүн оппозициябыз дегендердин кыймыл-аракети акыркы кезде катуу жанданды? Менимче, жооп жөпжөнөкөй, долбоордун максаты - акча алыш керек.

Ошол эле учурда вице-премьер-министр Токон Мамытов өкмөт оппозиция менен сүйлөшүүгө, алардын сынын угууга даяр экенин билдирди. Бирок сүйлөшүүнүн форматы кандай болору чоң маселе.

Оппозиция лидерлери эмне дейт?




Сом салмагын жоготуп баратат


Улуттук валюта - сом күн сайын күчүн жоготуп баратат. Февралдын соңуна карай бир АКШ доллары 55 сомго жакындап, анын токтоор түрү көрүнбөйт. Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандагы белгилүү финансисттердин бири Марат Султанов бул кырдаалды кооптуу деп санап, ал боюнча Улуттук банк менен өкмөт биргелешкен чара көрүүсү керектигин айтып чыкты.

Улуттук банк сомдун курсу эркин коюлган жана аны базар аныктайт деген позицияда турат. Бирок Улуттук банк курсту кармоо үчүн айрым чараларды көрдү. Маселен, насыяларынын үстөгүн 6 пайызга жеткирди, ошондой эле өткөн жумада ондон ашуун акча алмашуу жайларына эскертүү берди. Бирок алар жетишсиз болуп жаткандай.

Экспорту күчтүү өлкөлөрдө улуттук валютанын күчүнүн кетүүсү экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ал эми Кыргызстандай импорту өтө көп өлкөдө ал кымбатчылыкты жаратат. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Сүйөркул Абдыбалытегин андай факторду тастыктап, бирок азыркы кезде сомдун курсу үчүн өтө эле тынчсыздана турган жагдай жок деген пикирин билдирди:

- Сомдун түшүп кетүүсүнө негиз жок. Биз кечээ күнү эле биздин экономикага келип түшүп жаткан акчаларды тактаганбыз, көлөмү, темпи кандай болуп жатканын. Темпи басаңдаганы бар. Бирок көлөмүн алганда дурус эле келип жатат. Анан экинчи жагынан, курска сезондук фактор таасирин тийгизүүдө. Үчүнчүсү, январь, февралда девальвациялар болуп кеткенге байланыштуу көпчүлүк сата турган валюталарын сатпай кармап отурушат.

Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын маалыматы боюнча, Улуттук банк интервенция жасаган долларлар да банк, ишканалардын эсебинде кармалып, тегеретүүгө түшпөй турат. Эл да ишенимсиздикке байланыштуу валютасын сатпай олтурат. Мына ушул жагдайлар сомдун күчүнүн кетүүсүнө таасирин тийгизүүдө.

Өкмөт азырынча сомдун курсуна карата позициясын билдире элек. Ал салыкты көбөйтүү менен бюджетти бүтөөгө басым жасоодо. Бирок салык саясатында ойлонулган, эсептелген саясат жүргүзгөнү байкалбайт. Маселен, өкмөт патентке бааны беш эсеге көтөрүүнү чечип, бирок ишкерлердин басымы менен аны артка кайтарууга аргасыз болду.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров салыктарды көтөрүү ишкерликтин басаңдашына алып келерин эскертип, маселе Кыргызстанда чогултулган каражаттын сарамжалдуу пайдаланылбай жатышында деген пикирде:

- 2008-жылдан кийин бюджетти тейлегендер көбөйүп кетти. Бүгүнкү күнү бюджетти премьер-министр, беш фракция, парламент тейлеп жатат. Мына ошондуктан бюджет каралбай калды. Бюджет саясатташтырылып кетти. Маселен, 100 чакырым жол курула турган болсо, ошол 120га бөлүнүп, жүз жерге жол салып жатабыз. Мына ошондуктан бюджеттин кирешеси өспөй атат.

Албетте, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди бюджет, салыктан башка жеке тагдырына байланыштуу маселе да түйшөлтүп турат. Анткени “Республика” фракциясы 40тан ашуун депутаттын колун топтоп, өкмөткө ишеним көрстөтпөө маселесин парламенттин күн тартибине киргизүү алдында турат. Андан сырткары Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин Эсеп палатасы менен Башкы прокуратура текшерип, үч айдан кийин парламентке маалыматын берүүгө тийиш.

Жазгы саясий күрөш курчуп кетсе, өкмөт биринчилерден болуп “садагага чалына турган сары улакка” айланышы да ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG