Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Апта: Жазда жанданган акциялар


Камактагы депутат Келдибековдун тарапкерлеринин митинги. Бишкек, 12-март, 2014.

Камактагы депутат Келдибековдун тарапкерлеринин митинги. Бишкек, 12-март, 2014.

Узап бараткан жумада Акматбек Келдибековдун тарапкерлери активдешти. Сомдун курсунун түшүүсүнөн кийин баалардын өсүшү өрүш алды.


Мындан тышкары бул аптада Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Украинанын эгемендигин жана биримдигин колдогон билдирүү таратты.

Келдибековдун тарапкерлери активдешти

Узап бараткан жумада өлкөнүн саясий турмушу Кадамжай районунда калктын бир бөлүгүнүн Шамбесай алтын кенинин ачылышына каршы жөө жүрүшү, Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин митинги жана “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматовдун суракка чакырылышы менен коштолду. Булардан сырткары Сарууда жана 17-мартка Бишкекке белгиленип жаткан курултайлардын мөөнөттөрү которулду. Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин кызматтан кетүүсүн жарандык коомдун өкүлдөрү талап кылып чыгышты. Алар өкмөт башчы Медициналык академиянын ректорун кызматка мыйзамды бузуп дайындаган деп айыпташууда.

Мына ушул окуялар Кыргызстанда жазгы саясий күрөш активдешкенин айгинелегенсийт. Бирок алардын чачкындыгы жакында эле түзүлгөн Бириккен Улуттук оппозициялык кыймылдын нааразылык акцияларын координациялоочу мүмкүнчүлүккө жетише албай жатканынан кабар берет.

Ал эми Акматбек Келдибековдун бир нече жүздөй тарапкери Башкы прокуратуранын алдына чогулушту.

Келдибековдун тарапкерлеринин митинги. Бишкек, 12-март, 2014.

Келдибековдун тарапкерлеринин митинги. Бишкек, 12-март, 2014.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Керим Сарбашев алардын талабы Келдибековду үй камагына чыгаруу экенин билдирди:

- Биздин талап - мындан кийин Башкы прокуратура жалган маалымат таратпасын. Сот чыгара элек туруп, булар чечим чыгарып жатат. Үй камагына чыгарышсын. Эч нерсени далилдей албагандан кийин чыгарып коюшсун.

24-мартта Ошто март ыңкылабынын тогуз жылдыгына карата митинг уюштурулууда. Ал жергиликтүү бийлик, милиция башчыларына каршы багытталары кабарланды.

12-мартта Башкы прокуратуранын алдындагы Келдибековдун тарапкерлеринин митингине милиция кызматкерлеринен сырткары айтылуу Эркин Мамбеталиев да көз салып турганы маалым болду. Милициянын полковниги Чыныбек Алиевди атып өлтүргөн, кылмыштуу топтун мүчөсү деп айыпталып, өмүр бою абакка кесилген Мамбеталиев апрель ыңкылабынан кийин боштондукка чыгарылып жиберилген. Мамбеталиев митингге көз салуусунун себебин Келдибеков менен достук мамилесине байланыштырган.

Оппозиция бийликти диалогго чакырат

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери уюштурган митингиге оппозиция лидерлери катышкан жок. Бириккен Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбековдун билдирүүсүнө караганда, алар өлкөнү өнүктүрүүнүн альтернативдүү программасын иштеп чыгып, бийликти диалогго чакырышат:

Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты.

Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты.


- Биз алдын-ала сүйлөшүүнүн форматын даярдайбыз. Мисалы, үч-үчтөн же башкача. Баары ачык болот. Ал жерде эч кандай жеке маселе көтөрүлбөйт. Бардыгы мамлекеттеги маанилүү маселелер. Азыркы кыйын абалдан чогуу, чатагы жок, тынч чыгып кетүүнүн жолдорун сүйлөшөбүз деп сунуштайбыз.

Жээнбековдун айтымында, алар диалогго президент сөзсүз катышуусу керек деп эсептейт. Ансыз диалог болбойт. Ал эми ар кандай акцияларды уюштуруу жагы кыймыл тарабынан карала элек. Ал маселе жакын арада боло турган координациялык кеңештин жыйынында каралышы күтүлөт. Мына ошентип ар кандай конфронтациядан өзүн оолак кармоого аракеттенген Бириккен Улуттук оппозициялык кыймыл Садыр Жапаров 31-мартка уюштуруп жаткан курултайдан да баш тартууда.

Саясат таануучу Марс Сариев оппозиция ресурстун жоктугунан ушундай абалга келди дейт:

- Менин оюмча, Кыргызстан эки ыңкылапты башынан кечирди. Ошондуктан эл дагы саясатты абдан жакшы түшүнүп калды. Азыр оппозицияда мобилизация кылганга ресурс жок. Кумтөр проблемасы бар, башкалар да бар. Бирок ошолорду көтөрө албай жатышат. Себеби мобилизацияга ресурс таппай турушат. Түндүк-түштүк, улуттар аралык, диний факторлор мобилизацияга туура келбей жатат. Элди көтөрүүгө идея жок. Тышкы оюнчулар да каражат бербей, аяктан да ресурс жок. Ошон үчүн чакчелекей болуп, бир жыйынтыкка келе албай жатышат.

Марс Сариевдин пикиринде, быйылкы жылы 2005-жылдагыдай, 2010-жылдагыдай окуялар болбойт.

Келдибековдун тарапкерлеринин митинги, Бишкек, 12-март




ТИМдин билдирүүсү

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Украинадагы кырдаалдын курчушу боюнча эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун Кыргызстан тең бөлүшөөрү жана кырдаалды курчутууга багытталган ар кандай аракеттерди айыптаары белгиленген. Кыргызстан ошондой эле Украинадагы кырдаалды тынчтык, сүйлөшүү жолу менен эл аралык мыйзамдардын жана Бириккен Улуттар уюмунун уставына ылайык жөнгөрүлүшүн жактаарын билдирген.

Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнүн мазмуну жана багыты стратегиялык өнөктөш Орусиянын позициясына карама-каршы келиши менен бир топ таңданууларды, талаш-тартыштарды жаратты.

КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина бул билдирүүнү президенттин позициясына каршы келет деп атады. Ал бул маселе парламенттин комитетинде каралууга тийиш дейт:

Ирина Карамушкина, ЖК депутаты

Ирина Карамушкина, ЖК депутаты

- Менин оюмча, бул маселени Эл аралык иштер боюнча комитет кароого тийиш. Алар министрлик эмне үчүн жана кандай максатта мына ушундай билдирүү менен чыкканын угуш керек. Мүмкүн министрлик түшүндүрмө берет.

Ирина Карамушкинанын пикиринде, кандай болгон шартта да тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү кыргыз-орус мамилесине терс таасирин тийгизбейт.

Саясат таануучулар ТИМдин мындай мазмундагы билдирүүсүн Кыргызстан Украинадагыдай окуяны эки жолу башынан кечирүүсү менен байланыштырат. Маселен, саясат таануучу Бакыт Бакетаев буларга токтолду:
Бакыт Бакетаев, саясат таануучу.

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу.


- Украинадагы азыркы көрүнүштөр бизде 2010-жылы апрелде болгон. Мындай иштер боюнча бизде тажрыйба бар. Ошондуктан биздин Тышкы иштер министрлиги унчукпай отурбастан, Кыргызстандын көз карашын билдиргенге аракет жасады.

Украинадагы ыңкылап, өзгөчө Крымды Орусияга кошуп алуу аракети Москва менен Батыштын катуу каршылашуусун жаратты. Мына ушундай жагдайда Кыргызстан стратегиялык өнөктөшүн колдобогон билдирүү менен чыкты. Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, мындай кадамдардын натыйжасы дипломатияда дароо эмес, акырындап болот.


Доллар, баалар өстү. Экономика эки айда эмнеге жетишти?


Февраль-март айларындагы сомдун курсунун кескин түшүүсү коомчулукту бир топ бейпайга салды. Улуттук валютанын наркы Кыргызстанда эле эмес, бардык мурунку советтик жумурияттарда арзандап, чет элдик валюталар кымбаттаганы Кыргызстанга да таасир этти. Улуттук банк жана өкмөт биргелешип, чараларды көрүүгө тийиш деген сунуштар айтылды. Бирок өлкөнүн финансы, акча жана насыя саясатын аныктоочу эки орган девальвация болуп өткөндөн кийин биргелешкен билдирүү таратты. Ага караганда, Улуттук банк сомдун курсу боюнча саясатын өзгөртпөйт. Демек, сомдун курсун базар аныктайт. Эгерде ал кандайдыр бир күчтүү басымга туш болсо, анда Улуттук банк интервенция аркылуу кийлигишет.

Эки ай ичиндеги экономиканын көрсөткүчтөрүнө токтоло турган болсок, январь жана февраль айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ички дүң өнүм 5.9% өскөн. Бул өсүш өткөн жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу төмөн. Маселен, 2013-жылдын январь-февраль айында мурунку жылга салыштырмалуу ички дүң өнүм 9.4% өскөн эле.

Экономикадагы тармактар ичинен курулуш 134%, ал эми байланыш 116.7% өсүш берген. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, негизги капиталга инвестиция 146% өстү. 7.7 млрд. сом болгон инвестициялык салым негизинен курулуш тармагына багытталган. Ал эми республикада катталган жумушсуздардын саны 4% кыскарып, 59 миң киши болгон. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Кыргызстанда жумушсуздардын саны абдан эле көп, бирок алардын 90 пайыздан көбү катталбайт дейт.

Республикада орточо айлык болсо 11 миң сомго жеткен. Азыркы курс менен эсептегенде бул туура 200 долларды түзөт. Улуттук статистикалык комитеттин эсеби боюнча, эки айдын ичинде инфляция 1.2% болгон. Бул сан реалдуулуктан алыс дейт Айылчы Сарыбаев:

Айылчы Сарыбаев, экономист

Айылчы Сарыбаев, экономист

- Алар эмне сомдун курсунун кескин түшкөнүн, баалардын аябай өскөнүн байкабай калышыппы? Булар тамак сатып жебесе керек...Эгерде тамак сатып жешсе, анда алар баанын көтөрүлгөнүн билет эле. Баа кескин көбөйдү. Баа көтөрүлсө, инфляция өстү деген сөз. Анын баалар 1.2% эмес, толук 12% өстү.

Чындыгында азык-түлүккө баалар 10-20% өскөнү байкалат. Маселен, бир эле кумшекерди алганда ал 45 сомдон 55 сомго чыкканы байкалат. Бул 20 пайыздан ашуун өсүштү билдирет. Азык-түлүккө баалардын өсүшүнүн себеби доллардын курсунун өсүшү менен байланыштуу. Ал эми доллар жана евро өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн валюталарана карата бекемделип баратканы маалым. Бул тенденция өткөн жылы Индия, Иранда башталып, быйылкы жылдын башында Орусия, Казакстан жана Кыргызстанды капшап өтүүдө.

Кыргызстан экономикасындагы көнүмүш терс көрүнүшкө айланып калган экспорт жана импорттун катышындагы тескери сальдо кыскаруу жолуна түшкөнү байкалбайт. Маселен, январь айында Кыргызстандын жалпы тышкы соодасы 542 млн. долларды түзсө, анын ичинен экспорт 125 млн. доллар гана болгон.
Валютанын курсуна да таасир эте турган бул терс көрүнүштү эмгек мигранттарынын которгон акчалары жана көмүскө экономика кайсы бир деңгээлде жумшартып келатканын экономисттер белгилеп келатышат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG