Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Апта: Саясий “трагикомедия”, Атамбаевдин жообу...


“Элдик парламенттин” камакка алынган лидерлери Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев

“Элдик парламенттин” камакка алынган лидерлери Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев

Кыргызстанда бир катар кадрдык чечимдер кабыл алынды. CASA-1000 долбооруна Тажикстанда старт берилди. “Элдик парламенттин” лидерлери камалды.

"Элдик парламент" "ээрден" куладыбы?

Узап бараткан жумада Кыргызстандын саясий сахнасында кезектеги "кичи трагикомедия" ойнолду. Анын аягы сахнага чыгууга аракет кылган айрым “саясий актерлордун” камакка алынуусу менен аяктады.

28-апрелде 12-майга чейин, андан кийин 17-майда президент Алмазбек Атамбаевдин “сөзсүз кызматтан кетишин”, андан кийин “парламент менен сүйлөшүп жаңы өкмөт түзүлүшүн” убада кылып жаткан “Элдик парламенттин” лидери Бекболот Талгарбековду, анын пикирлеши Төрөбай Колубаевди жана мурунку судья, азыр эч кандай кызматта иштебеген Марат Султановду 12-майда УКМК камакка алды. Аларды кармоого удаа эле бул адамдардын сүйлөшүүсү делген аудио үндөр интернет сайттарда жарыяланды. Ал үндөргө сереп салганда, 12-майда кармалгандарга да Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков сыяктуу эле “мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган” деген айып коюлары анык болот.

"Элдик парламенттин" үч мүчөсүн кармоодо эч кандай тоскоолдук жасалган жок. Алардын тарапкерлери топтолуп митингге да чыккан жок. Ошондуктан алар убада кылган 20- 60 миң колдоочулар жөнүндөгү сөздөр негизсиз экени аныкталууда. Бирок ага карабай “Элдик парламент” бийликти өтө чочуткан шекилдүү.

Күч структураларында кадрдык өзгөртүүлөр жүрүп, “Чет элдик тыңчы” жөнүндөгү мыйзам парламенттен өткөн жок.

Белгилүү болгондой, “Элдик парламенттин” 12-майга белгилеген жыйынынын алдында президент Куралдуу Күчтөрдүн Башкы командачысы Жаныбек Капаровду жана Улуттук гвардиянын башчысы Мелис Сатыбалдиевди кызматынан бошотту. Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөмбиев Башкы штабдын башчысы болуп дайындалды.

Жаныбек Капаров Башкы штабдын башчысы кызматында алты ай иштеп-иштеген жок. Ал бул жогорку кызматка чейин Тажикстанда Жамааттык коопсуздук күчтөрүндө, Коргоо министрлигинин башкармалыктарында жетекчи, Коргоо министринин орун басары жана Башкы штабдын башчынын орун басары кызматтарын аркалап, Башкы штаб башчылыгына тажрыйба менен келген. Ошондуктан алты ай иштетип-иштетпей кызматтан бошотуунун артында саясий олку-солкулук учурунда ишенбөөчүлүк жатканы чындыкка жакындай.

Негизи эле бийликтин коркуп-чочулоосу үч себепке негизделет. Анын биринчи себеби, өлкөдө социалдык-экономикалык абал дурус эместиги, ошого жараша бийликке ишенимдин кетиши, экинчиден, “Элдик парламенттин” артында Орусия жана Орусиядагы белгилүү мекендештер турат деген сөздөрдүн реалдуулукка жакындыгы жана үчүнчүсү - көшөгө артында жергиликтүү бир топ таасирлүү адамдардын “Элдик парламентти” колдоого даяр турушу.

Президент Атамбаевдин каары

“Элдик парламент” лидерлеринин кармалышы боюнча президент Алмазбек Атамбаев өзү кечиктирбестен эле курч пикирин билдирди. 14-майда мамлекет башчысы жетиден ашык баланы чоңойткон 1902 аялга “Баатыр эне”, алты баланы өстүргөн 437 аялга “Эне Даңкы” төш белгилери менен сыйлады. Бул иш-чарада президент куттуктоо менен кошо саясий билдирүү да жасады. Президент 12-май күнү камакка алынган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрүн сындап, мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланарын эскертти.

- Мен эмне үчүн “Энелер күнүндө” ушул билдирүүнү жасап жатам? Себеби өлкө элинин эмес, өз айылынан керектүү добуш алууга көзү жетпегендер бүгүн бийликти күч менен басып алууну көздөп жатышат. Баягы эле баатыр энелерди алдыга салып, аларды пайдаланып, бийликти талашканы турушат. Биз сыйлаган энелер чыккынчылардын саясий куралына айланып калбасын деп айтып жатам. Мындан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттери аёосуз жазаланат. Антпесе булар эсирип кетишти. Буларды абак аябай сагынып, күтүп аткан.

Атамбаев чет өлкөлүк генералдар маселесине да токтолуп, “Элдик парламентти” колдогон мекендеш генералдарды “чыккынчы” деп атаса, Орусиянын падышалык генералдары 1916-жылы Түндүк Кыргызстандын жарым калкын кырып салган деп айыптады. Президент ошондой эле 2010-жылдагы июнь каргашасына да жоопкерчиликти чет өлкөлүк генералдарга жүктөдү. "Манас" аба майданындагы "Ганси" базасын коррупцияны Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин жайылткан деп айыптады. Президент Атамбаев ошентип ири державалардын дарегине “ачуусун” чыгарды.

Кыргызстандык саясат таануучу Эмил Жураев “Элдик парламенттин” ишинде табышмактуу жана бүдөмүк жагдайлар арбын дейт:

​ - Кыргызстанда ондогон миң адамдарды чыгарабыз дегени калп болуп чыгышы мүмкүн. Бирок күчтүрөөк демөөрчүлөрү бар болсо керек деген ой келет. Анткени жөн жерден эле ошондой талаптарды коюп, опузалап чыгуу кыйын. Мына ошолорго ишенип сүйлөшү ыктымал. Бул кишилер деле жаңылышы мүмкүн, ишенген кишилери да жаңылышы мүмкүн. Менимче бир нерсеге ишенип, таянып сүйлөгөн, бирок анысы ишке ашпай калды го.

Жураев Талгарбеков баштаган лидер делгендер камакка алынган менен “Элдик парламенттин” аракети уланат деген сөздөр токтобогонун кошумчалады.

“Независимая газетанын” баяндамачысы Виктория Панфилова “Элдик парламенттин” артында Кремль турат дегенге ишенбейт. Анын пикиринде, Москва президент Алмазбек Атамбаев мыйзамдуу мөөнөтүн аяктоосуна кызыкдар:

- Менин оюмча Орусия Атамбаевди мөөнөтү бүткөнчө колдойт. “Элдик парламенттин” артында Орусиядагы кишилер турат деген сөздөргө күмөнүм бар. Бул жакта андай маалымат уккан жокмун. Андай сөздөр Бишкектен гана чыгып жатат. Бери дегенде Кремль деңгээлинде “Элдик парламентти” колдойт деген калп.

Ошол эле учурда Панфилова расмий Бишкек менен Москванын ортосунда мамилесинде чыңалуу бардыгын белгилейт. "Бул Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин кайрымын көрө албай жатышы, экономикасынын катастрофалык абалга жетишине байланыштуу" дейт Панфилова. Ал ошондой эле президент Атамбаевдин Улуу жеңиш күнү “скинхеддер” жөнүндө сөз кылышын кандайдыр бир таарынычтан кабар берерин, анткени азыркы кезде Орусияда бул маселе өтө деле курч эмес деп эсептейт.

Экономикалык кризис күчөп, ал эми президенттик шайлоо жакындап келатат. Мындай учурда саясий күчтөрдүн активдешүүсү, бийликтин ар кандай кемчиликтерин саясий күрөштө пайдалануусу мыйзам ченемдүү нерсе.

Экономика "эңкейген" абалда

Экономикалык абал демекчи, республиканын экономикасы быйылкы жылы төмөндөө ыргагынан жаза элек. Төрт айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция 5% төмөндөгөн. Өзгөчө текстиль тармагы 46%, түстүү металл өндүрүшү 45%, кийим тигүү 13%, электр энергиясын өндүрүү 15% кыскарган.

Түстүү металл өндүрүшүнүн көрсөткүчү Кумтөргө байланыштуу. Кумтөрдө азыркы кезде кен казуу солгун. Бийлик менен апрель айынын соңунда болгон табышмактуу келишпестиктин эмне менен аяктары дагы белгисиз.

Экономикадагы мындай абал албетте тышкы сооданын кескин кыскаруусуна алып келүүдө. Быйылкы жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча, экспорт 26% кыскарып, жалпы көлөмү 287 млн долларды түзгөн. Импорт дагы кыскарып, жалпы көлөмү 733 млн доллар болгон. Тышкы соодада көнүмүшкө айланган эки эседен ашуун тескери сальдо сакталууда.

Кыргызстан экономикасына Евразия экономикалык биримдигиндеги, анын ичинде өзгөчө Орусия жана Казакстандагы экономикалык кризис таасир этип жатканы маалым.

Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөштөр экономикалык кризиси менен эле эмес, биримдик ичинде эркин соодага ар кандай тоскоолдуктарды коюу менен да терс таасирин тийгизүүдө. Маселен, Кыргызстан менен Казакстан чек арасында ветеринардык көзөмөл алына элек. Тескерисинче фитосанитардык көзөмөл кайсы бир деңгээлде калыбына келтирип, Кыргызстандын картошкасын Казакстанга чыгарууга тыюу салынды. Кыргызстанда бул Казакстандын өз базарын коргоо аракети катары кабылданууда. Республиканын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов:

- Жыл башында бизге "картошкаңарда алтын түстүү нематода деген илдет табылды" деген нота келген. Бишкекте жана Ошто Айыл чарба министрлигине караштуу эки фитосанитардык лаборатория бар. Ошол кезде негизинен картошка Талас облусунан чыгып жаткан. Ошондо биз реакция жасап, Айыл чарба министрлигине айтып, анан таластыктар картошкасын Бишкекке алып келип, лабораториядан өткөрүп чыгарып жаткан. Андан бери эч кандай нота болгон эмес. Картошкалар таза кетип жаткан. Казакстан менен чек арада фитосанитардык көзөмөл алып салынган эле. Анан киргенден кийин ошондой маселени жаратып жатышат. Эми азыр алар башка шылтоо таба албай, өз рыногун коргойбуз дегенсип, ушундай жолго барышууда.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Казакстан жана Орусия фитосанитардык жана ветеринардык тоскоолдуктарды алуу үчүн өкмөт, президент деңгээлинде чапчаң аракеттер жүргүзүлүшү керек деп эсептейт.

Ал эми Евразия экономикалык биримдигиндеги сооданын төмөндөшү тууралуу маалыматтар реалдуу абалды чагылдырбайт деп эсептейт Акенеев:

- Себеби бажы бекеттери алынгандан кийин Чек ара кызматы Статистикалык комитетке маалымат берип атат, чоң жүк ташуучу машиналардын саны тогуз ай ичинде үч эсе көбөйдү деп. Ошол эле учурда соода 30% кыскарды деп берип жатышат. Жүк ташыган автоунааларды текшерсе 20 тонналыктар 2 тонна деп жазылат экен. Бааларды да ылдыйлатат экен. Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин ага мүчө өлкөлөр менен аласа-бересе көбөйдү, ал эми Кытай сыяктуу алыс өлкөлөр менен азайды.

Жумакадыр Акенеев Евразия экономикалык биримдигинин келечегин, анын Кыргызстанга алып келе турган пайдасын жогору баалайт.

Кыргызстандын өзүндө электр тартыш

12-майда Тажикстанда CASA-1000 долбоорунун бет ачаар аземи болду. ​

Ага тажик президенти Эмомали Рахмон, Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф, Ооганстандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла жана Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Кыргызстандан бул иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышары тажик тараптан кабарланган. Алмазбек Атамбаев өзү да Тажикстанга жакынкы кезде боло турган сапарында чек ара боюнча келишимге кол коюларын буга чейин билдирген болчу. Бирок 12-майда Атамбаевдин ордуна Тажикстанга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков барды.

Атамбаевдин Тажикстанга барбай калышын үч себеп менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиси - республиканын ичиндеги саясий кырдаал. Экинчиси - президент Атамбаев Өзбекстан менен март айында Аксы, Ала-Букада чек ара кризиси күчөп турган маалда Тажикстан менен чек ара келишимине кол коебуз деп жарыялаган келишимдин даяр эместиги, үчүнчүсү - Кыргызстандын CASA-1000 энергетикалык долбооруна азыркы шартта катышуусу таптакыр реалдуу эместигине байланыштуу.

Белгилүү болгондой бул долбоор аркылуу Кыргызстан жана Тажикстандан электр энергиясын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоо каралган. Кыргызстан болсо акыркы жылдары электр энергиясын экспорттоо эмес, импорттоочу өлкөгө айланган. Маселен, 2014-жылдын аягында Кыргызстан Казакстандан өтө кымбат баада 100 млн долларга электр энергиясын сатып алууга аргасыз болду. Быйылкы жылы да Бишкек Казакстандан 218 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алууну макулдашты.

Ал эми Тажикстандан былтыр 225 миллион киловатт саат, 2014-жылы 240 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алган.

CASA-1000 долбоорун геосаясий өңүттөн караган тараптар дагы жок эмес. Ал биринчиден Орусия жана АКШ. Анткени бул долбоор менен Борбор Азия үчүн түштүк тараптан альтернатива пайда болот.

CASA-1000дин ачылышынын алдында Тажикстанга расмий сапар менен келген Ооганстандын президенти Ашраф Гани долбоордун маанисин белгиледи:

- CASA-1000 бул жөн эле долбоор эмес. Бул символ, бул биздин эркибизди көрсөтүүнүн символу. CASA ажыратылган Азияны кайрадан бириктирет. Мамлекеттердин улуттук кызыкчылыгына кызмат кылып жаткан энергетикалык системалар эми жалпы региондун пайдасына да иштейт. CASA долбоорунун ар бир метри Тажикстан, Кыргызстан, Ооганстан жана Пакистанды байланыштырат. Келечекте ага Индия да кошулат деп үмүттөнөм.

CASA-1000 үчүн 1 млрд доллардан ашуун Дүйнөлүк банк баш болгон эл аралык финансылык уюмдар бөлгөн. Анын ишке кирүүсү Тажикстан үчүн пайдалуудай. Анткени жаз-жай мезгилинде Тажикстанда электр энергиясы ашыгы менен өндүрүлөт. Андан сырткары тажик өкмөтү курууга аракеттенип жаткан Рогун ГЭСи бар. Жылына 13 млрд саатка чейин электр энергиясын өндүрүүгө потенциалы боло турган Рогун ГЭС CASA-1000 үчүн маанилүү. Бирок ал да Кыргызстандын Камбар-Атасы сыяктуу эле Өзбекстандын каршылыгына жана инвестордун жоктугуна байланыштуу аксап турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG