Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Апта: Бажы, базар, папке талаш...


Кыргызстан Бажы биримдигине кириш-кирбеш маселеси бул жумада дагы назар бутасына чыкты.
Кыргызстан Бажы биримдигине кириш-кирбеш маселеси бул жумада дагы назар бутасына чыкты.

Парламентте жаңы коалиция үчүн күрөш башталды. Бишкекте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси талкууланды.

Бажы биримдиги: дагы эле арсар

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси бул жумада кайрадан көтөрүлдү. Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн жетекчилиги, Бажы биримдигинин катчысы Сергей Глазьев жана эл аралык эксперттердин
катышуусу менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси талкууланды. Анда эки түрдүү пикирлер айтылды.

Эксперттер бир жагынан Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе Орусия, Казакстандын базарына жол ачылып, экономикасы өсүшкө өбөлгө алат десе, экинчи жагынан, өлкө реэкспорттон алып жаткан пайдасынан кур калат, натыйжада Дордой, Кара-Суу сыяктуу ири дүң базарларда соода азайып, жүз миңдеген жарандар жумушсуз калат деген чочулоолор айтылды.

Кыргызстандын каржы министри Мелис Мамбетжанов Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндөгү тобокелчиликтер тууралуу буларды билдирди:

- Кыргызстан Бажы биримдигине кирген учурда опурталдуу жагдайлар сөзсүз түрдө болот. Биринчиден, Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнүн Бажы биримдигине кирген төлөмдөрү менен ыңгайлаштыруу маселелери. Азыркы учурда биздин орточо бажы төлөмү жалпы көлөмдүн 5,1 пайыз түзсө, ДСУнун алындагы милдеттемелердин көлөмү 7 пайызды түзөт. Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн орточо бажы төлөмү 10,6 пайызды түзөт. Мындай жол менен Бажы биримдигине кире турган болсок, бажы төлөмүнүн көлөмүн эки эсеге көтөрүү керек болот.

Бажы биримдигине кирүү боюнча Кыргызстандын жумушчу тобу учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Аны Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев жетектөөдө. Шайланган президент Алмазбек Атамбаев Бишкек биримдикке кирүүдө жеңилдиктерди сураарын билдирди. Бажы биримдигинин катчысы Сергей Глазьев андай тажрыйба бар экенин айтып, мисал катары Казакстан Бажы биримдигинин алкагында 80 түрдүү товарга жеңилдик алганын атады. Кыргызстан да жеңил өнөр жайына жеңилдик алса болот.

Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү маселесин бир топ жеңилдетерин бир топ адистер белгилеп жатышат.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов да ошолордун бири:


- Биздин эки ири соода өнөктөшүбүз бар. Алар Кытай менен Орусия. Экөө тең Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү. Бул бизге чоң өбөлгө жана тирек болот. Албетте, убактылуу кыйынчылыктар болот. Бирок келечекте биз үчүн Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдиги ыңгайлуу жана пайдалуу.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков:

- Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна киргени биз үчүн аябагандай чоң жеңиш. Ооба, Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кирип, биз да Бажы биримдигине кире турган болсок бизде бир топ өзгөрүүлөр болот. Чынын айтыш керек бизде адамдар, компаниялар банкротко учурайт. Бирок ошентсе да Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кирбей тургандагыдай зыян болбойт. Андан азыраак болот.

Бажы биримдиги болсо Евразия экономикалык биримдигине айланууга ылдамдап кадам таштоодо. Мына жакында эле Москвада Орусия, Казакстан жана Беларус президенттеринин жолугушуусунда Евразия экономикалык комиссиясы түзүлдү. Анын жетекчилигине орус өкүлү Виктор Христенко дайындалды. Бул комиссия келерки жылы январь айынан баштап ишке кире турганы кабарланууда.


Парламентте "папке" талаш

Фракциялар ортосунда өкмөт жана парламент жетекчилиги үчүн
айыгышкан кармаш башталды. Бир жагынан “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары азыркы коалицияны, аны менен кошо азыркы ээлеп турган кызматтарын сактап калууга аракеттенсе, экинчи жагынан коалицияны жаңы форматта түзүү далалаты жүрүүдө. Андай демилгенин башында Кыргызстан социал-демократиялык фракциясы турат. Бул фракция мурункудай башкалардын шартында коалиция түзүүнү каалабай калды. Анткени кырдаал алардын пайдасына өзгөрдү. Бир жагынан, социал-демократтардын лидери президенттикке шайланды. Экинчи жагынан, “Ар намыстын” “кол куушуруп” келүүсү социал-демократтарга тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүдө.

Жаңы коалиция үчүн күрөш парламентте маалымат согушунун чыгуусуна алып келди. Согушту жаңы коалицияга бешинчи болуп кирүүдөн баш тартып турган “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары баштап, төрага Акматбек Келдибековдун ишиндеги кемчилик жана аша-чапкандыктардын бетин ачып чыкты. “Атамекенчилерди” социал-демократтар сүрөөнгө алды. Айып төраганын отуздан ашуун кеңешчиси, KG номерлерин берүүсү, автонуаасы үчүн көп каражат жумшалышы боюнча коюлду.

КСДПчы депутат Данияр Тербишалиев:

- Мына, Кытайдын жараны, спикердин коомдук кеңешчиси Тен деген мырза “00156 kg” деген номурлуу Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа менен жүрөт экен. Өзү болсо таш көмүр менен алектенет. Эмне үчүн төрага Кытайдын жаранын коомдук кеңешчи кылып алды? Экинчиден, эмне себептен ага “kg” үлгүсүндөгү номурларды берип жатасыз?

Төрага Акматбек Келдибеков 23-ноябрдагы кескин жана күчтүү чабуулга 24-ноябрда жооп берди. Ал парламент менен президент, өкмөттүн чыгашаларын салыштырып, мамлекеттин каражатын ким, канча сарптап жатканын ачыктап берди:


- Президенттин иш башкармалыгы жылына бир жарым миллиард сом, өкмөт болсо бардык министрликтери менен кошкондо 20 миллиард сом чыгымдап жатат. Биздин парламенттин бюджети болсо болгону жылына жети жүз кырк миллионду түзөт. Анан мына ушундай көзгө сайса да көрүнүп турган айныгыс факт турса бизди кайра каралап жатышканы кандай...

Талдоочулардын баамында, бул маалымат согушу КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыстын” бир жээкте болуп жатканын көрсөтсө, “Республика” менен “Ата-Журт” аргасыз союздаш болуп жатканынан кабар берет. Бул эки фракция азыркы коалицияны, ошого жараша ээлеген позицияларын сактап калууга далалат кылып жатканын башында белгилеген элек.

Муну “Республика” фракциясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев да тастыктады:

-Ооба, биздин фракциянын көз карашы ушундай. Ушул турган коалиция калып, андан кийин кошулам деген саясий партиялардын сунуштарын, программаларын карап, кеңири коалиция түзүлүшүнө каршы эмеспиз. Жеке менин оюмча, эмне үчүн парламентте сөзсүз түрдө оппозиция болуш керек? Парламентти эл шайлагандан кийин туруктуу коалиция түзсөк, аткаруу бийлигине тажрыйбалуу адамдар келсе. Парламент мыйзамдарды жазып, өкмөткө жардам берсе. Өкмөт дагы иштеп, бир өзгөрүү жасашыбыз керек. Эл деген сезсин жакшы өзгөрүүнү.

Ошентип, фракциялар ортосунда жаңы коалиция түзүү жараяны кеп-кеңешүү менен эмес, ачыктан-ачык кармашуу менен башталды. Бул кармаш кийинки жумаларда күч алышы күтүлөт. Анткени 1-декабрда Алмазбек Атамбаевдин кызматка киришүү аземинен кийин өкмөт кызматтан кетип, ошону менен бирге коалиция ыдырашы күтүлүүдө. Жаңы коалиция түзүүнү президент кимге тапшырат жана ал фракция кимдер менен коалицияга барат, ошого жараша саясий күрөш өнүгөт.


Өзбекстанга электр энергиясы экспорттолот


Кыргызстандын экономикасында узап бараткан жумада олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок. Улуттук валюта сом долларга карай өткөн жумадагы калыпта калды. Бир доллар 46 сом 80 тыйындын тегерегинде кармалууда. Ал эми бензинге баа жума сайын акырындап өсүүдө. Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев күйүүчү майга баанын көтөрүлүшүн доллардын өсүшү менен байланыштырууда.

Ошентсе да энергетика тармагында көңүл бура турган бир жаңылык болду. Өкмөт
башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун 23-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Өзбекстанга 500 млн. килловатт саат электр энергиясын экспорттойт. Ташкенге сатыла турган бир килловатт электр энергиясынын баасы 3.37 цент болмокчу. Бул 1 сом 58 тыйынга барабар.

Өзбекстанга электр энергиясы экспорттолоорун “Электр станциялар” акционердик коомунун маалымат катчысы Нурия Искандерова да тастыктады:

- Ооба, Өзбекстанга электр энергиясы экспорттолот. Андай келишим бар. Бирок азырынча анын деталдары боюнча толук маалымат бере албайбыз.

Кыргызстан Өзбекстанга 2006-жылы акыркы жолу электр энергиясын экспорттогон. Анда 1.3 млрд. килловат саат электр энергиясы 1.1 центтен сатылган. Электр кубаты менен бирге Өзбекстанга 1.5 млрд. куб. метр суу да берилген. Бул ишти ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жүзөгө ашырган. Мына ошондон кийин Токтогул суу сактагычында суу кескин азайып, Кыргызстан катаал энергетикалык кризиске кабылган эле.

Энергетика боюнча адис Райымбек Мамыров Өзбекстандын Кыргызстандан электр энергиясын кайрадан сатып ала башташын мындай түшүндүрдү:

- Өзбекстан алганга аргасыз болуп калды. Анткени аларда кыйынчылык болуп жатпайбы. Алардын жылуулук станциялары газ менен иштейт. Газ болсо жетпей жатат. Биринчиден, менин маалыматым боюнча, аларда газдын запасы азайып калды. Экинчиден, кыш мезгилинде газ көп чыкпай калат. Ошондуктан Өзбекстандын өзүндө өзүнчө эле трагедия болуп жатат. Элде газ жок. Ошондуктан баары көмүргө өтүп жатат. Жылуулук станциялары да электр энергиясын аз чыгарып жатат. Ошого байланыштуу бизден аргасыздан эле алып жатышат. Болбосо алмак эмес.

Өкмөт башчынын милдетин аткрауучу Өмүрбек Бабановдун айтымында, Казакстанга электр энергиясын экспорттоодон Кыргызстан 85 млн. доллар тапты. Бул каражат көмүр, газ, карамай сатып алууга жумшалууда.

Энергетика тармагын мыкты билген адис Райымбек Мамыров болсо Өзбекстанга электр энергиясын экспорттодон түшкөн каражатка "Электр станциялары" ремонт иштерин жүргүзүп алса дурус болоор эле деп эсептейт.

Бул адистин айтымында, эгерде Өзбекстан менен макулдашууга жетишилсе, анда Кыргызстан Ооганстанга да электр энергиясын экспроттоого мүмкүнчүлүк алат. Анткени Ташкенде даяр инфраструктура бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG