Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Апта: Сот тандоодо собол көп


Сотторду тандоо кеңешине нааразы болуп, митингге чыккандар парламенттин имаратын ар тараптан курчап алды, 15-август.

Сотторду тандоо кеңешине нааразы болуп, митингге чыккандар парламенттин имаратын ар тараптан курчап алды, 15-август.

Бул апта Кыргызстандагы сот тутумунун жана укук коргоо органдарынын кургуйга түшүп калгандыгын дагы бир жолу ырастаган окуялар менен коштолду.

Жуманын башы Сотторду тандоо кеңешинин Жогорку Соттун судьяларын иргеп алуу чечимине каршы коомчулук өкүлдөрүнүн нааразычылыгы менен башталды. Мурдагы эле соттор кайрадан тандалып калды деп нааразылангандар тандоо кеңешин таркатуу демилгесин көтөрүп жиберишти.


Сыналгыдан сыналган соттор


Сотторду тандоо кеңешинин ишине ичи чыкпагандыгын айткан мамлекет башчысы Роза Отунбаева Жогорку Сотко судьялыкка иргелгендердин талапкерлигин кароодон баш тартып, алгач конституциялык палатага мүчө болобуз дегендерди сынактан өткөрдү. Анткен менен жуманын аягында президент акыры Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлгөндөрдүн талапкерлигин карап, анын жарымынан көпчүлүгүн парламентке бекитүүгө жөнөттү.

Кезексиз жыйын митинг менен коштолду

x
Талдоочу Руслан Ташанов сыналгы аркылуу жүргүзүлгөн сынакта талапкерлердин кесиптик деңгээли коомчулукту иренжиткендигине токтолду:

- Биз биринчи коомдук телеканалда көрүп, конституциялык сотко талапкерлер эң жөнөкөй, эң элементардык суроолорго кыйналып жооп берип же болбосо билбей тилин чайнап жатышкандыгына күбө болдук. Мисалы үчүн жаңы баш мыйзам менен буга чейинкисинин кандай айырмачылыктары бар деген суроого дагы оңгулуктуу жооп бере алышпай кыйналышканын көрүп кызык болдук. Бирок президенттин теленин алдында ачык-айкын сынак алганы оозго алаарлык саамалык болду. Мындан ары дагы сотторду тандоо мына ушундай жүргүзүлсө, анда чынында эле сапаттуу билими бар жана акыйкат сотторду тандап алууга өбөлгө болмок.

Жыйынтыгында президент конституциялык палатага мүчө болом дегендердин үчөөнүн талапкерлигин гана парламенттин кароосуна сунуштады. Ал арада сотторду тандоо кеңешинин төрагасын кызматтан кетирүү аракеттери башталды. Төрага Замирбек Базарбеков мыйзамдын чегинде иш алып баргандыгын айтып, кайсы бир тараптарга жакпай жатса, өз эрки менен кызмат ордун өткөрүп бере тургандыгын жарыялады.

Буга чейин президенттик шайлоодон мурун соттор корпусун толугу менен жаңылоо маселеси көтөрүлгөн болчу. Серепчилер мындай ызы-чуулардын шаңында сотторду алмаштыруу иштери оңойго турбастыгын эскертишүүдө. Анткени сотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамдын өзүндө бир топ алешемдиктер орун алгандыгы айтылууда.


Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Өмүрбек Текебаев мындай дооматты четке кагуу менен өкмөт менен президент сотторду жаңылоону кечеңедетип жатышат деп айыптады:

- Сотторду толугу менен жаңылоо бул бүтүндөй коомчулуктун жана мамлекеттин милдети болуш керек болчу. Бирок бир жылдан бери бул багытта өкмөт менен президент бир дагы иш кылышкан жок. Анан эми мындай болуп калыптыр деп мына ошол соттор кеңешиндеги 24 адамды айыптоо туура эмес. Буга бир жыл мурун көңул буруп, кандайча таза соттор келиши керек экендигин мамлекет талдап чыгышы керек болчу. Бирок андай болгон жок. Мына ошондуктан мен сотторду жаңылоо ишин кечеңдетүүгө президент менен өкмөт башчысынын салымы бар деп эсептейм.


Айыпкерлерди кыйнап, жактоочуларды жакалоо...


Мындан сырткары президент Роза Отунбаева укук коргоо органдарындагы олутуу көйгөйлөргө көңүл бурду. Ош шаарында болгон иш-сапарында мамлекет башчысы анын дарегине убактылуу кармоо жайларында жана тергөө абактарында уруп-сабоолор, кыйнап мойунга алдырган учурлардын күчөп кеткендиги тууралуу даттануулар байма-бай келип жаткандыгын билдирди. Кыйноо фактылары боюнча эле былтыр 34 кылмыш иши козголгон. Быйылкы көрсөткүчтөр деле ошого бараарын айткан Отунбаева мындай кылмыштарга каршы чечкиндүү чаралар көрүлө тургандыгын белгиледи:

- Кыйноолордун күчөп кеткендиги боюнча конкреттүү фактыларды берип жатышат. Бул бизде күнүмдүк темага айланып бара жатат. Ошондуктан биз буга абдан кабатыр болуп жатабыз. Прокурорлор ишке келе жатып да, бара жатып дагы мына ошол СИЗО, ИВС дегендерге кирип, андагылардын абалы менен таанышып турушу керек. Биз мына ошол жайларга видеокөзөмөл жабдууларын койдурууну көздөп жатабыз. Антпесек милиция кызматкерлери үчүн бул кадимки өнөкөткө айланып калыптыр.

Ошол эле учурда өткөн жылкы июнь окуялары боюнча айыпталып жаткандардын жактоочулары сот жараяндарында алардын коопсуздугу сакталбай жаткандыгын айтып президентке даттанышты. Эгерде сот жараяндары мына ушундай ызы-чуулар менен коштоло берсе, анда акыйкат сот өкүмдөрүн чыгаруу маселеси күмөн саноолор жарата тургандыгы айтылды.

Адвокат Равшан Садиров кылмыш иштерин кароодо аларга жабырлануучулардын басым көрсөтүшү адатка айлангандыгына токтолду:

- Кайсы гана сот ишине барбайлы июнь коогасы боюнча жабырлануучулар бизге асылышып, иштетпей жатышат. А биз болсок кааласак дагы, каалабасак дагы мына ошол иштерге катышууга милдетүүбүз да. Бул биздин ишибиз. Бирок бизге дагы куугунтук болсо, ага эч ким көңул бурбай жатат.


Талапкерлердин саны менен таңкалтырган Кыргызстан


16-августта Кыргызстандын президенттигине талапкерлик үчүн арыз берүү мөөнөтү аягына чыкты. Арыз берүүчүлөрдүн саны 83 адамды түзүп, алардын экөө кийинчерээк президенттикке талапкер болуу ниеттеринен кайтышты. Калган 81 адам калктын ар кайсы катмарынан куралгандыгы дайын болду. Анда жумушсуздардан тартып, ири ишкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, куудулдар, депуттар жана жогорку бийликтеги кызмат адамдарынан бери бар. Серепчилер президенттикке талапкерлердин мындай санда чыгышын алардын көпчүлүгүндө өзүн-өзү баалоонун жоктугу жана койулган талаптардын бошоңдугу менен байланыштырышат.

Анткен менен "легендарлуу" парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов саясий элитанын деңгээли кандай болгондугуна карабастан, анын ичинен күчтүүлөрү суурулуп чыгат деген ойдо:

- Жарышка чыгып жаткан азаматтарыбыздын баарын тең эле баягы Толубай сынчыдай сынап эле “силер жарабайсыңар” дегенге болбойт. Эл өзү карап көрүп, “биздин бычакка сап болоор, тирек боло тургандарыбыз бар экен” деп туруп анан бирөөсүн тандап алат. Бизде башкалар сыяктуу эле калыптанып келе жаткан саясий элита бар. Бирок анын деңгээли кандай, ал башка маселе.

Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн эми алар өздөрүн колдогон отуз миңден кем эмес адамдын колун топтоп, жүз миң сом өлчөмүндө күрөө акысын төлөөгө тийиш. Ошондой эле талапкерлердин соттолбогондугун, жарандыгын жана мамлекеттик тилди канчалык билээрин аныктоочу текшерүүлөр жүргүзүлөт. Серепчилер талапкерлерди электен өткөрүүдөн кийин деле алардын саны отуз-кырктын айланасында калышы мүмкүн деп божомолдошууда. Ошондуктан аталган сандагы талапкер катышкан саясий өнөктүк үчүн мамлекеттик бюджеттен оңой эмес каражат сарпталаары белгилүү болуп калды.

БШКнын мурдагы курамынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов баарынан дагы шайлоо бюллеттендерин даярдоодо кыйынчылыктар орун ала тургандыгын эскертти:

- Бул эми президенттиктин макамын түшүнбөстүктөн болуп жатат. Мени ойлондурганы бюллеттень даярдоонун кыйынчылыгы. Муну биз өткөн паралменттик шайлоодо көп партиялар ат салышкан учурда жон терибиз менен сездик го. Азыркы талапкерлердин жарымы расмий түрдө катталганда да бюллетень өзүнчө эле бир укмуштай болот да. Аны даярдап чыгуунун жана андан талапкерлерди издеп таап, добуш берүүнү мен азыр элестетип жатам...


Шайлоо коопсуздугун камсыздоо чаралары


Ошол эле учурда алдыдагы президенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң жоопкерчиликтүү жана эң татаал сыноолордун бири боло тургандыгы болжолдонууда. Анткени мында талапкерлердин көптүгү гана эмес саясий күчтөрдүн ортосундагы тирешүү өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирбейби деген суроо кабыргасынан койулууда.

Башкы прокурор Аида Салянова шайлоонун алдында ашынган улутчулдукту пайдаланган, аймактык ажырымга алып келүүчү, же болбосо мамлекеттик бүтүндүккө доо кетирчү чакырыктарга каршы кескин чаралар көрүлө тургандыгын эскертти. Ал укук коргоо органдарынын алдында түзүлгөн атайын топтор шайлоо алдындагы үгүт иштерине байкоо жүргүзүп тураарын белгиледи:

- Эгерде улуттар аралык кастыкты козуткан же болбосо аймактар аралык ажырымга чакырган чакырыктар, макалалар, эл алдына чыгып үгүттөөлөр боло турган болсо анда кылмыш-жаза кодексинин негизинде мындай жосунсуз жоруктар менен алектенгендер, же аларга буюртма бергендер жоопкерчиликке тартылышат. Бул аралыкта мына ушундай учурларды байкоого алып, көзөмөлдөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында атайын эксперттик топтор иш алып барышмакчы.

Шайлоонун алдында айрым талапкерлер көбүрөөк добуш чогултуш үчүн уруулук, улуттук же болбосо жердешчилик белгилери боюнча бөлүп-жарган усулдарды колдонушу мүмкүн деген тынчсыздануулар орун алууда. Ошондуктан коомчулук өкүлдөрү улуттук биримдикти сактоо менен шайлоону коопсуз шартта өткөрүүгө багытталган үгүт иштерин жүргүзүшмөкчү.

Кыргызстан калкы ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов бул максатта өлкөдөгү атуу-баштуу аксакалдар биригип жатышкандыгына токтолду:

- Бул шайлоо элди бириктире турган иш-чара болсо, биз баарыбыз мына ошого аракет кылсак жакшы болмок. Бирок азыртан эле талапкерлердин аракеттери бөлүп-жарууга түртүп жаткандыгы байкалып жатат. Айрыкча алар саясий атаандаштыкта эмес, уруусу, жердиги же башка бир жагдайлары боюнча бири-бирине каршы иштеп жатышкандыгы өкүнүчтүү. Мына ушундайды көрүп, анан биз карыялар элди биримдикке үндөө, шайлоону тынч-аман өткөрүп алуу боюнча коомчулук ичинде үгүт иштерин уюштурууну туура көрдүк. Мындай иштерди биз жакын арада баштайбыз.

Мындан сырткары шайлоого катышпаган саясий күчтөрдөн турган атайын кыймылдар өлкөнү бөлүп-жарууга алып келүүчү жагдайлардын алдын-алууну көздөп жатышат. Алар дымагы күчтүү талапкерлерди аймактык кызыкчылыктарды эске алуу менен тандемдешүү аркылуу шайлоого чыгууну сунушташууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG