Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" картошка бышыргандардын тек-жайы Бишкек мэриясынын арызынын негизинде аныкталды. Алар ошол жерге жакын унаа токтотуучу жайда иштегендер экенин милиция кабарлады. Азырынча кармалыша элек.
29-ноябрда жигиттер аталган жерде картошка бышырганы тартылган видео тараган.
Калаа жетекчилиги элде терс маанай жараткан бул окуяны иликтөөнү суранып күч органдарына кайрылган. Тасмадагылардын тек-жайын аныктоого Свердлов райондук милициясы киришкен.
"Өчпөс от" Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине орнотулган.