Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Бишкекте Нарынга караганда суук күч


Кышкы Бишкек
Кышкы Бишкек

Бишкекте тайгалактан ооруканага түшкөндөр көбөйдү. Бирок өлкөдө негизги ички жана стратегиялык жолдор жабылган жок. Ал эми синоптиктер декабрь ичи суук болгон менен январда жылуураак болоорун болгоолоп жатышат.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймагы ызгаар кучагында калды. Бирок таң калыштуусу - Нарын, Ысык-Көл, Суусамыр өрөөндөрүнө караганда Чүй менен Бишкекте аяз алда канча күч.

Жолдор көк жалтаң, бирок кыймыл токтогон жок

Бишкекте унаа жолдор да, адам басчу жолдор да көк жалтаң. Башка аймактарды бириктирген жолдор үчүн деле ушул нерсени айтса болот.

Бирок Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол башкармалыгынын башчысы Мелисбек Алыпсатаров Кыргызстанда кум, туз төгүү ыкмасы менен гана жол тазалангандыктан музду такыр алып салуу мүмкүнчүлүгү жок дейт. Анын айтымында учурда Кыргызстан боюнча бардык жолдор ачык:

- Биз бир метр кар түшсө да каттамды токтотпой тазалап турабыз. Мисалы, Европада 40 сантиметр кар түшсө унаалар токтоп, телевизордон тынбай көрсөтүп калышат. Кытайда болсо ар бир жашоочу же ишкер өзүнүн имаратынын алдын тазалаганга милдеттүү. Жолдогу музду толугу менен алып сала албайбыз. Бирок тыгын пайда болгон жок, унаалар токтоп калган жок. Биз учурунда эле баарын тазалап, кум, туз себип жатабыз. Машиналар кааласа жүрүп, кааласа тайгаланбай эле токтоп жатышпайбы. Кыргызстандын бардык жолдорундагы абал дурус .

Жолдор тазаланып эле жаткандай болгону менен муздан тайгаланып колун, бутун сындыргандардын саны арбыды. Мындай маалыматты шаар боюнча сыныктарды кабыл алган жалгыз Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакыт Исаков билдирди:

- Кар жааганга чейин күнүнө 50дөй киши колу же буту сынып түшсө, азыр алардын саны 80ге жетти. Алардын 10-15ин жаткырып, калганын үй шартында дарылайбыз. Быйыл кыш эрте түшкөндүктөн жылда ушул маалдагыга караганда оорулуулар көп кайрылып жатат. Шаар боюнча эле эмес, аймактардан келгендер дагы бар.

Жол кайгуул кызматынан болсо ири жол кырсыктары катталбаганын, бирок тайгактан улам материалдык чыгымга алып келген унаалардын кагыылшуусу көбүрөөк болуп жатканын айтышты.

Сууктун мизи качан кайтат?

Суук түшөөрү менен үй-жайсыздар маселеси да күчөйт эмеспи. Бишкекте андайларды кабыл алган 4 муниципалдык үй бар. Алардын бири “Коломто” кайрымдуулук үйү гана селсаяктарга туруктуу жашаганга уруксат берет. 50 орунга ылайыкталган үйдө суук түшкөндөн бери 70тен ашуун адам баш калкалап калды. Андагы кызматкерлер сууктан келип “Коломтодо” каза болуп калгандар да бар экенин айтат.

Бишкекте бир нече күндөн бери орточо күндүз -13...-14, кечинде -17 ... -21 градус сакталып, аба температурасы эми жылый баштады. Бул учурда өлкөнүн башка аймактарында бир аз жылуурак.

Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев "декабрдын аягына чейин ушундай аба ырайы сакталат, 1-2 градуска гана температура көтөрүлөт" дейт:

- Бул эми нормалдуу эле көрүнүш, коркунучтуу суук эмес. Болгону жылдагыдан быйыл 4 градуска суук болуп жатат. Январда бир аз жылуурак болот. Январда жада калса жаан-чачын нормадан аз түшөт деп божомолдоп жатабыз. Ал эми ызгаар деп эсептелген Нарын, Суусамыр өрөөндөрүндө Чүйдөн жылуу болуп жатканынын себеби – циклон. Ал алмашып турат. Аба кайсы тарапка соксо ошол тарап суук болушу мүмкүн. Азыр Нарында күндүзү абанын температурасы -4 градус эле болуп жатат.

Циклон улам алмашып тургандыктан кеч күздө Нарын, Суусамырда эң суук болсо, азыр бул аймактарда Бишкекке салыштырмалуу жылуу болуп жатыптыр. Түштүк аймактарда да өтө суук эмес. Ал эми январь айында бул тескерисинче алмашып калышы мүмкүн. Бирок быйылкы кышты өзгөчө суук деп айтууга болбойт. Орус ырында айтылгандай “жаратылыштын жаман аба ырайы жок”, жайсыз кийим болушу мүмкүн эмеспи.

XS
SM
MD
LG