Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Катуу суукта тоолуу аймактын эли кантип атканын билүү үчүн Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбековду сөзгө тарттык.

“Азаттык”: Нарын кыш-күрөөдө кантип атат? Катуу сууктан мал-жандыктар томурайып тоңуп, өлүм-житим көп болууда деп айтылууда.

Канатбек Муратбеков: Өзүңүздөр билгендей, биздин облуста кыш татаал жана узак болот. Биз кышка болушунча даярданганбыз. Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл абдан суук. Бирок буга карабастан биз өзүбүздүн калкыбызды көмүр менен жетиштүү камсыз кылып алдык. Көмүр өзүбүздүн тургундарыбыз үчүн ылайыктуу баада сатылып жатат.

Облустагы бюджеттик мекемелерге 24 миң тонна кетсе, калкыбызга 20 миң тонна деп жыл сайын эсептеп келебиз.

Көмүр азыр ар кайсы райондордо ар кандай баада сатылып жатат. Мисалы Жумгал районунда 1,5 миң сомдон, Нарын районунда 3,1 миң сомдон, Ак-Талаада 3,5, Ат-Башыда 2,8 миң сомдон болуп жатат.

Ат-Башыда өткөндө сууктун кесепетинен арыктагы суу тоңуп нугунан чыгып кетти. Ошол күнү суук 40 градус болду. Суу 12-13 үйдү каптап, мал-жандыктарыбыз суука тоңуп чыгымга учурады. Биз жабыркагандарга жарым тоннадан көмүр түшүртүп бердик. Азыр ал жерде иш уланып жатат. Өкмөткө да кайрылып, чукул кырдаалдар министрлиги аркылуу жабыркагандарга жардам сурап жатабыз.

“Азаттык”: Нарын менен Ысык-Көлдө маал-маал менен электр энергиясы өчүрүлөт деп маалымдалды эле. Жарык бир күндө канча жолу өчүп жатат?

Канатбек Муратбеков: Бүгүнкү күндө эч кандай маал-маалы менен жарык өчүрүүлөр болгон жок. Бизге чоң-чоң ишканаларды бир күндө төрт саттан өчүрүп туралы деген кагаз келген. Биз энергетика министри Аскарбек Шадиевге кат жөнөтүп, өзүм да жолугуп, эгер ошончолук кыйындап баратса бир саатка гана өчүрө алабыз, бирок төрт саатка өчүрө албайбыз деп айттык. Бүгүнкү күндө эч кандай өчүрүүлөр болгон жок.

“Азаттык”: Нарында канча мектеп көмүр, канчасы электр энергиясы менен жылытылат? Канча мектепте суукка байланыштуу каникул узартылды?

Канатбек Муратбеков: Бизде 136 мектеп бар. Ошонун 12си электр энергиясы менен жылытылат. Бул Кочкор районунда. Кочкор башка райондорго салыштырмалуу жылуу. Калган мектептин баары көмүр менен камсыз болгон.

Акыркы жумада бизде абдан суук болуп, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал жана Нарын райондорунда 40-43 градуска чейин чыгып кетип жатат. Ошондуктан бул райондордо биз бардык мектептерди 30-январга чейин жаптык. Себеби күндүз абанын температурасы 32-33 градустан ылдыйлабай жатат. Эми бир жумадан кийин сууктун мизи кайтып, күн жылый баштаса окуу кайра уланат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG