Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Кышкы спорт өнүкпөй жатат


Кыргызстандын жаратылышы спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүдө абдан ыңгайлуу. Бирок эгемендик алганы кышкы спортко аз көңүл бурулуп келүүдө.

Кышкы Азия оюндарынын жана кышкы олимпиаданын дүйнөлүк таасири артып баратат. Кыргызстандын атынан орусиялык же казакстандык жалданма спортчулар Лиллехамер, Солт-Лейк-Сити, Турин шаарларында өткөн кышкы олимпиадаларга, Харбин, Кангвон, Аомори шаарларында өткөн Кышкы Азия оюндарына катышкан.

Учурда өлкөдө лыжа спортунун деңгээли да төмөндөп кеткенине адистер кабатыр. Бул спорттун түрү боюнча Кыргызстанда беш-алты гана машыктыруучу калды. Үчөө Бишкекте, калган экөө Нарын менен Караколдо иштейт.

Ошентип мыкты адистердин көбү башка жактарга кетип, жыл өткөн сайын лыжа спорту көңүлдөн чыгып баратат. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын ректору Токтобек Иманалиев окуу жайда кышкы спорт адистери даярдалбай калганын айтты.

- Чынында лыжа спортунун таасири төмөндөп кетти. Эми кайрадан жандануу башталды. Дем алыш күндөрү биздин Кой-Таштагы лыжа базабызда эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калды. Биздин институт да лыжа спорту боюнча адис-машыктыруучуларды даярдабай калдык. Себеби лыжа адистиги боюнча билим берүүчү мугалимдер жок.

Азыркы учурда жакшы лыжанын баасы бир жылкынын кунуна барабар. Карапайым калк болсо лыжа сатып алууга чамасы да жетпейт. "Нооруз", "Оруусайдагы" лыжа тебүү базалары Президенттин алдындагы иш башкаруу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, киреше табуунун булагына айланып калган.

Кыргызстандагы лыжа спорт базалары жеке менчик болгондуктан, пайда табуунун булагы болуп калганын Дене тарбия жана спорт агентигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев да айтты. Кыскасы лыжа тебүү базалары капчыгы калың эс алуучулардын жайына айлангандай.

Лыжаны бир күнгө арендага алсаңыз 500-600 сом турат. Сноуборддун ижара акысы 600 сом. Зым жолу менен жогору чыкканыңыз үчүн саатына 300 сом төлөөгө туура келет. Эгерде сизге ушул базанын спорт инструктору лыжа тебүү ыкмаларын бир саат үйрөтсө, анда ага 400 сом төлөп бересиз.

Азия аймагында да кышкы спортту өнүктүрүүгө убакыт жетип, бул континенттеги бай өлкөлөрдүн спортчулары Европанын спорт базаларында машыгып жүрүшөт. Коңшулаш Казакстан мамлекети былтыр Астана жана Алматы шаарларында Кышкы Азия оюндарын өткөрүп, мурдагы "Медео" муз аренасын калыбына келтирип, дагы жаңы лыжа базаларын куруп алышты.

Кыргызстанда 2013 -жылы өткөрүлүүгө белгиленген беш жүздөн ашык мелдеш, иш-чаралардын ичинен кышкы спорттон ондон ашуун турнир белгиленгени өтө аздык кылат.

"Балдар арасында хоккей боюнча «Алтын шайба» мелдештери өткөрүлүп турчу. Эгемен өлкө болгону хоккей оюнуна эми гана көңүл бурулуп, биринчиликтер өткөрүлө баштады", - дейт машыктыруучу Чынарбек Бейшенбеков.

Бир жылдан кийин Орусиянын Сочи шаарында кышкы олимпиада болмокчу. Бул оюндарга катышуу үчүн кыргыз спортчулары азыртадан даярдык көрүп, жолдомо алууга тийиш.

"Кышкы спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа, багыт жок", - дейт Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчы Канат Аманкулов:

- Чет өлкөлөргө барганда кесиптештерим да «кардан бизнес жасасаңар болот эле» деп белгилешет. Кышкы спорт - бул ден соолукка өтө пайдалуу. Өлкөбүздүн мөңгүлөрүндө жыл бою лыжа тепсе болот. Бирок мамлекеттин кышкы спортту өнүктүрүү боюнча эч кандай программасы, багыты да жок. Ошондой болсо да Эл аралык олимпиада комитетинин колдоосу менен эки спортчунун Сочи олимпиадасына даярдык көрүүсү үчүн Улуттук олимпиада комитети бир жарым жыл стипендия төлөп берүүдөбүз.

Бишкектин айланасындагы «Оорусай», «Чуңкурчак», «Койташ» жана «Нооруз» лыжа базаларына көңүл буруп, спорттун бул тармагын өнүктүрүүгө мамлекет каражат бөлүп, көз кырын салса дешет адистер.

Ушул жылдын февралында бүткүл Орусия аймагында массалык лыжа жарыштары өткөрүлөт. Мамлекеттин башчылары, губернаторлорунан тарта бардык лыжа спорт сүйүүчүлөрү катышат. Жеңүүчүлөргө ири өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар, жеңил машина баш болгон баалуу белектер ыйгарылат. Мындай саамалыктар кыргыз жергесинде болсо, "Кыргыз кышы" деп аталган лыжалык массалык жарыштар уюштурулса гана деген ой-тилектер ишке ашпай келет.

Чындыгында Кыргызстанда кыш мезгилинде гана эмес, жаз жана жай айларында да ак кар-көк музу кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө шарт бар. Мындай жагдайды Орусиянын Президенти Владимир Путин да байкап, бир топ жыл мурда эле биргелешип лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилге Кыргызстандын жетекчилери тарабынан колдоого алынган эмес. Атүгүл өлкөгө келген чет элдик меймандар да эл аралык лыжа базаларын куруу менен кар менен жаратылыштан пайда көрсө болоорун суктануу менен айтып жүрүшөт.

Жазма даректерге үңүлсөк, кыргыздар VI - IX кылымдарда эле лыжа тебишкендиги белгиленет. XIII - XIV кылымдардагы көрүнүктүү тарыхчы Рашид - ад - диндин летописинде кыргыздардын кар үстүндө лыжа, чана тээп, аңчылык кылгандыгы, эңкейиш өрдөн чебердик менен түшүп чыгышкандыгы айтылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG