Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Кыш ызгаарында дарыяга түшкөн Кайрат -“морж”


Кайрат Жапаров муздак сууга жуунууда. Ош, 2012-жылдын 6-февралы.
Кайрат Жапаров муздак сууга жуунууда. Ош, 2012-жылдын 6-февралы.

Элдин көбү кыш ызгаарында тумчуланып, жылуу үйдөн чыккысы келбей жатса, кээ бир кишилер шыргалаң сууга чүмкүп жатат. Оштук Кайрат Жапаров да өспүрүм кезинен бери кышкысын муздак сууга жуунуп жүрөт.

Кайрат азыр 25 жашта, кесиби журналист. Жергиликтүү жана борбордук гезиттерге байма-бай макала жазып жүргөн бул жигитке кышында сууга түшүү сапаты чоң атасынан өтүптүр.

- Чоң атам Жапар балбан киши болгон. Ал ооруп калганда же тумоолоп баштаганда эле дайрага барып жуунуп алчу экен. Башынан өткөндөрүн айтып бергенде, менде да кышындасы сууга түшүүгө кызыгуу пайда болгон. Бир күнү сасык тумоо болуп калдым эле, чон атам “сууга түшүп албайсыңбы”,- деди. Башында корктум. Чон атам жетелеп дайрага алып барды. Акыры-ын сууга түштүм, көрсө сыртка караганда суунун ичи жылуу болот экен да. Анан бат эле тумоом жоголуп кеткен.

Кайрат Баткендин Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылынын кулуну. Айылын жарып аккан Сох дайрасына кышында чоң атасы экөөсүнөн башка эч ким келчү эмес экен. Тиричиликке суу алганы келгендер чоң ата менен неберенин муздак суу кечип жүргөнүн көрүп, таң калышчу дешет. Ал тургай үй-бүлөсүндөгүлөр да экөөнүн жоругун түшүнбөй, “ноокастап калсаңар не болот” деп тыюу салышчу тура.

Ошентип Кайрат мектепти аяктап, Ошко келгенде да Ак-Буурага барып, сууга түшүп жүрөт. “Бирок баары бир айылымдагы чоң дарыянын суусуна жетпейт”,- деген Кайрат кыш чилдеде Ак-Турпакка барып, Сох дайрасын бир кечип келмейи бар.

- Жакында эле айылга барып келдим. Сасык тумоо болуп баштадым эле, сууга түшүп чөмүлдүм. Айылга жаңы келген келиндер жүрөктөрү түшүптүр да, “суук өтүп калат” дешип. Мончого барганда деле сөзсүз түрдө жылуу сууга жуунгандан соң муздак сууга жуунуп албасам, өзүмө келбейм. 8-классымдан бери муздак сууга түшүп келем, бир да жолу ооруй элекмин.

- Үйлөнө элек экенсиң, суук тийет деп чочулабайсыңбы?

- Чочулоо жок. Бирок дарыгерге текшерилип көрө элекмин. Жигиттик сапатым жакшы эле, кайрат курч...

Тааныштары Кайратты көбүнчө өз атынан эмес, “морж” деп чакырышат. Ушул күнгө чейин дарыканадан дары сатып албаган бул мекендешибиз тумоонун душманы муздак суу деп эсептейт. Бирок өзүнө ишенбегендер муздак сууга түшпөсүн деген кеңешин айтат.

XS
SM
MD
LG