Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Конституциялык палата тергөө учурундагы тыңшоону мыйзамдуу деп тапты. Буга чейин адвокат Нурбек Токтакунов менен Кыргызстандагы ири байланыш операторлорунун бири “Винлайн” компаниясы тыңшоо системасын киргизүү тууралуу мыйзамдар адамдын жеке жашоосуна кийлигишүүгө жол ачарын айтып, Конституциялык палатага доо арыз менен кайрылган.

Конституциялык палата адвокат Нурбек Токтакунов менен Кыргызстандагы ири байланыш оператору эсептелген “Винлайн” компаниясынын доо арызын карап чыгып, телефон жана интернет байланыштарды көзөмөлдөөчү СОРМду колдонууну мыйзамдуу деп тапты.

Кайрылган тараптар “Электрондук жана почта байланышы", "Оперативдик - издөө ишмердиги” тууралуу мыйзамдардын айрым беренелери жана өкмөт токтому бекиткен укук коргоо органдары менен уюлдук байланыш операторлорунун кызматташуу жоболору Баш мыйзамдын 29-беренесине каршы келерин айтып чыгышкан.

Анткени Баш мыйзамдын бул беренесине ылайык, ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна, өз ара кат-кабар алышууга, телефон менен сүйлөшүүгө, почта, электрондук жол менен байланышынын купуялуулугунун сакталышына укуктуу. Мындан тышкары адам макулдук бермейин анын жеке турмушу тууралуу жашыруун маалыматты жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтууга жол берилбейт.

Конституциялык палатанын пресс-катчысы Назгүл Нурбекова палата бул маселени териштирип көрүп, Баш мыйзамга каршы келчү жагдайды көрбөгөнүн билдирди:

- Кайрылуучулар талашып жаткан ченемдер абсолюттук укук болуп эсептелбейт. Конституциянын 29-беренесинде каралган бул укуктар ошол эле Конституцияда каралган максаттарга ылайык чектелиши мүмкүн. Ал эми Конституциянын 20-беренесинде адамдын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деп жазылып турат. Демек, мыйзам чыгаруучулар улуттук коопсуздукту жана адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында мыйзамдарда ушундай жоболорду караштырган да.

Өкмөт “Электрондук жана почта байланышы” мыйзамына ылайык, байланыш операторлорун тыңшоочу жабдууну орнотууга милдеттендирген болчу.

Мындай кымбат баалуу жабдуу үчүн мамлекет операторлорго салыктан жеңилдик караган эмес. Ошондой эле маалымат базасына тиешелүү органдардын кирүүсүнө күнү-түнү мүмкүнчүлүк берүүгө байланыш операторлору милдеттенме алган. “Винлайн” компаниясы муну ишкер чөйрөнүн укугун тебелөө деп эсептеп, ага каршылык билдирген. Назгүл Нурбекова бул жобо компанияларга бут тосуу максатында эмес, биринчи кезекте улуттук коопсуздукту сактоо максатында гана киргизилип жатканын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тыңшоо-аңдуу жүргүзүү ар кандай террордук актылардын жана башка жаман иштердин алдын алууга мүмкүнчүлүк берерин, бул мамлекеттин жана элдин коопсуздугу үчүн жүргүзүлөрүн айтып келет. Комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, тыңшоо кайсы бир жарандын үстүнөн кылмыш иши козголгон учурда гана соттун чечими менен ишке ашат.

- Жарандын үстүнөн кылмыш иши козголгон күнү соттун уруксаты менен тыңшоого мүмкүндүк берилет. Мобилдик компаниялар, байланыш операторлору өздөрү ким, кантип тыңдаларын көзөмөлдөп карап турса, бардыгы мыйзам чегинде болуп жатса эч кандай кооптонууга негиз жок деп ойлойбуз. Бардыгы ошол байланыш операторлору менен биргеликте болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, дүйнө өлкөлөрүндө прокуратура санкция берген учурда коммуникациялык компаниялар тарабынан укук коргоо органдарына тыңшоо жүргүзүүгө уруксат берилет. Ал Кыргызстанда мындай прокурордук көзөмөл жок болгондуктан СОРМ улуттук коопсуздукту сактоо максатында колдонулбай эле, Бакиевдин учурундагыдай саясий атаандаштарды ооздуктоонун куралы болуп кала берерин белгилейт.

- Биринчиден, телекоммуникациялык компаниялар менен интернет компаниялары УКМКга көз каранды. Анткени бизде ошол телекоммуникациялык компанияларга жыштык берүүдө ошол УКМКнын төрагасы ал жыштыкты бөлүү боюнча комиссиянын башчысы болуп эсептелет. Компаниялар эгер лицензия алабыз десе, бардыгы кор болуп УКМКнын башчысына барат. Ошол кор болуп баргандан кийин эртеңки күнү УКМКнын башчысы телефон чалып, тигинин-мунун артынан тыңшоо коюп койгула десе, ошол интернет компаниялар аткарбай кое алабы? Албетте аткарбай кое албайт. Алар бардыгын кылат. Анткени лицензияны ошол кишилер берген, ал кааласа алып да коет. Экинчиден, бийликке жакпаган адамдарга компромат чогултуу үчүн, өзгөчө оппозициялык саясатчыларга карата муну сөзсүз түрдө шайлоонун убагында колдонот. Бир эле оппозиция эмес, өткөргүсү келбеген саясатчыларга дагы колдонот. Бул бизде башынан эле келе жаткан салт да.

Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 30-июнунда “Электрондук жана почта байланышы тууралуу” мыйзамды бекиткен. Ага удаа эле СОРМду колдонуу шарттарын караган өкмөттүн токтому чыккан. Анда электрондук жана мобилдик байланыш операторлорун ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзгөн органдар менен кызматташуунун тартиби иштелип чыккан.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG