Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Жырткычтар кала берсе айылга чейин түшүп келип, короодогу мал-жанга кол салууда. Мисалы, Ат-Башыда бир үй-бүлөнүн 12 коюн жара тартып кеткен экен.

Адистердин айтымында, тоо эчки, кийиктерди адамдар кырып азайткандыктан, кашабаңдар арга жоктон малга кол салууда. Ат-Башы районунун тургуну, жергиликтүү журналист Жекшенбай Курманов "Азаттыкка" карышкырларды атып азайтууга эмнелер жолтоо болуп жатканы тууралуу айтып берди.

Жекшенбай Курманов:
Карышкыр азыр өтө эле күч болуп атат. Жылдан-жылга көбөйүп, жылдан-жылга күчөп атпайбы. Азыр айрыкча Кара-Суу, Ак-Жар, Ак-Муз, Талды-Суу деген айыл округдарынын бөксөө кыштоолорунда өтө күч болуп атат. Мисалы Ак-Муздан Алымкулов Бозгун деген фермерден эки баш бээ, Акедеева Айшакан деген эженикинен бир баш бээ, Черикбаев Токой деген аксакалдын үйүрүнөн төрт баш бээни, Заиров Мукаш деген фермерден бир баш тайды, талдысуулук Жапаров Шерик деген аксакалдыкынан бир баш бээ, бир баш тайын жайлаган. Анан акжарлык Манапбаев Кален деген фермердин короосуна түшүп он эки баш коюн кырып кеткен.

-Карышкылар айылдарга чейин түшүп, короолорго кирип жаткан экен, адам өмүрүнө коркунуч туулган жокпу?

Жекшенбай Курманов: Адам өмүрүнө коркунуч туулган жагдайлар жок. Бирок короого түшүп жаткандан кийин үйдө ээлери бар да, майда бала-чака болуп калса албетте коркунуч болот. Кудай сактасын, андай боло элек.

- Бул карышкырлар кол салганда тобу менен келип жатабы же жалгыздан келип эле малды жыра салып атабы?

Жекшенбай Курманов:
Жалгыздан келбейт булар. Үйүр-үйүр болуп жүрөт деп эл айтып жатат. Бештен-ондон. Бирден-экиден жүрбөйт булар. Мисалы чоң бээлер эч качан алдырбаш керек эле, оңой менен да алдырбайт. Анан жанагы топ менен жеп кетип атат да.

- Ал эми ошол карышкырлардын короолорго кирип, мал-жанга кол салуусуна бөгөт коюу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кандай аракеттерди көрүп жатат?

Жекшенбай Курманов: Облустук мергенчилик инспекциясы ички иштер бөлүмү менен бирдикте атайын үч топ келип, Ат-Башынын бөксөө кыштоолорунда иштеп атат. Талды-Суудан бир карышкыр атышыптыр.

-Жергиликтүү калкта карышкырдан коргоонууга кандай мүмкүнчүлүктөрү бар? Мылтыктары барбы?

Жекшенбай Курманов: Эми аларда мылтык болгон күндө алар бар деп айтпайт да. Мылтык менен аттым десе, эртең "ал мылтыкты кайдан алдың эле, бул кимдики эле, эмне болдуң эле" деген маселе болот. Бул болуп да келген. Анан мына азыр ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчи келип ал кичине түшүнгөн жигит экен, ал маселени мындай чогуу чечишкен. Мылтыктын тек жайы суралбайт, чогуу иштейбиз деп, жергиликтүү мергенчилерге мылтык берилип иштеп жатышат.

- Жекшенбай мырза, карышкырлардын адамдар отурукташкан жерлерге чейин даап баарып киргенинин себеби жапайы тоо эчки, кийиктерди адамдар кырып азайткандыктан, аталган жырткычтар арга жоктон короодогу малга кол салып жаткан жокпу?

Жекшенбай Курманов: Бул да туура. Себеби кийиктерди атып эле этин сатып атпайбы, 150 сомдон 200 сомго чейин. Анан кийик деген талкаланып бүттү. Бул бир. Экинчиси жазында анан күзүндө атайын мергенчилер, беркиндей жашыруун мергенчилер жазгы суурду алат да. Карышкырлар суур менен да жан сактайт да. Ушунун баары кырылып атса аларга жем керек анан аргасыз малга кол салып жатпайбы.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG