Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Соңку кездери кыз-келиндер катышкан чыр-чатактар тууралуу маалыматтар көбөйдү. Акыркылардан болуп ичкилик ичкен абалында Алматы − Куала-Лумпур багытындагы учакта чатак чыгарып, жүргүнчүлөрдү бейпайга салган кыргызстандык селки тууралуу видеотасма интернет желесинде кызуу талкууланууда.

Сөгүнүп, мушташкан кыздар

Ага чейин мас кыздардын айланасындагы ызы-чуулар түшүрүлгөн видеотасмалар чыккан. Бул кыз-келиндер арасында сейрек жолугуучу фактыларданбы же өнөкөт көрүнүшкө айланып баратабы? Өнөкөт болсо ага кандай жагдайлар себеп болууда? "Аялзат" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы ушул маселеге арналат.

Бишкекте кыздардын чатакташканы тууралуу тасма интернетте 6-майда тарады. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мырзабек Токтосуновдун айтымында, башкалаадагы кафелердин биринде адегенде сыйлашып, көчөгө чыккандан кийин мушташып, ачуу сөздөргө алдырган курбуларга тартип сакчылары ээ боло албай калган:

- Кыздар өз ара тил табыша албай урушуп кетишет. Сыртта ызы-чуу болуп жатканда ошол жерден өтүп бараткан милиция кызматкерлери көрүп калып, ажыратуу аракетин көрүшкөндө аларга каршылык көрсөтүп, оозго алгыс сөздөрдү айтышкан.

Жыйынтыгында Октябрь райондук милиция бөлүмү бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иш козгоп, териштирип жатат. Ал аяктаганда сот чечиминин негизинде тартип бузган кыздар айыппулга жыгылып же беш күндүк камак жазасы чегерилет.

Социалдык тармактар бул тасманы талкуулап бүтө электе, Казакстандан Малайзияга бараткан учакта кыргызстандык 23 жаштагы кыз болуп алып, жаңжал чыгарган видеосу тарады. Кыз салган тополоңдун айынан учак 45 мүнөт кечигип сапарга чыкканын казакстандык маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Казак милициясы бул боюнча административдик протокол түзүп, анан кыргызстандык жаранды бошоткону кабарланды.

Элеттик аялдардын акциясы, 2012-жыл

Элеттик аялдардын акциясы, 2012-жыл

Мындай көрүнүштөр акыркы кезде Кыргызстанда көндүм адатка айланып бараткандай. Маспы-сообу мектептеги тестиер окуучу кыздардан тартып, акыл токтотуп калган аялдарга чейин сөгүнүп, бири-бири менен эркектердей мушташканы, бири-бирине же башкаларга үстөмдүк кылганы камтылган видеолор интернетте байма-бай пайда болууда.

Кыз-келиндердин арасындагы бул өңдүү агрессивдүү маанайдын себептерин адистер түрдүүчө жоромолдошот. Психолог Самат Аалканов мунун башкы себебин таалим-тарбиянын жоктугунан көрөт:

- Үй-бүлөлүк, улуттук баалуулуктардын өзгөргөнү таасир этип жатат. Башка өлкөлөр эмне кылса, биз да ошону кайталап жатабыз. Ата-энелер балдарын уруп-сабап, көп нерсеге үйрөтпөйт. Кыргыздын баалуулуктары азыркы коомго адаптация болуп, өзгөрүп кетпедиби.

"Миграция аялзатын бузду"

Үй-бүлөдө аялзатынын орду чоң экени маалым. Абалтан кыргыз аялзатын баалап, кызды кадырлап жүргөн. Бирок азыр мындай баалуулуктар урап, аялга түйшүк көп түшкөндүктөн, жогоркудай окуялар катталып жатканын үй-бүлө жана гендер маселелерин иликтеп жүргөн адис Мариям Эдилова белгилейт.

Социологдун айтымында, Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдардагы тартыш заманда жашоо үчүн күрөш, элди жапырт Орусия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерге жетеледи. Ата-эненин тарбиясы менен мээриминен тышкары чоңойгон балдарда пайда болгон өксүк ушундай жолдор аркылуу көрүнүп жатышы мүмкүн:

- Кыздар тышта иштеп, күчтүү болуп, чарчап, анан ошондон кийин эс алышым керек, иштеп атпаймынбы, кыйраттым дешип, чылым чегип, ичимдик ичип жатышат.

1990-жылдары Советтер Союзу ыдырагандан кийин Кыргызстандагы жапырт миграция агымына аялдар кабылганы белгилүү. Ал кезде көбүнчө аялдар иштегени сыртка кетип, күйөөлөрү балдарын карап калган болсо, азыркы тапта бөтөнчө элет жергесинде ар бир үйдүн жок дегенде бир мүчөсү сыртта жүргөнүн статистикалык маалыматтар көрсөтүүдө. Аялзатына туура келбеген жүрүм-туруму менен коомчулуктун талкуусуна түшкөн кыз-келиндердин балалыгы дал ушул доорго туш келген.

Кезинде балдар ата-эне мээримине суусап, ошол убакта агартуу тармагы да чабал болуп, алардын жеткиликтүү билим албаганы буга кошул-ташыл болду дейт жазуучу Насыпбек Асанбаев. Ошондой эле сабаты тайкы жарандар гендердик тең укуктуулук деген түшүнүктү аша чаап кабыл алды дейт:

- «Мен өзүм билем», «мени эч ким тыйбаш керек» деген түшүнүк балдарыбызга жаштайынан сиңип жатып, ушундай абалга келишти. Бул түшүнүк балким интеллектуалдык, адамдык жактан кандайдыр бир деңгээлге жеткендер үчүн туура нерседир. Бирок эч нерсени көрбөй, билбей туруп эле "менин укугум, өзүм билем" дей берүү жакшы көрүнүш болбой калды. Мына ошол эле мас болгон кыздар, ошол эле мектепте мугалимге баш бербеген балдар, улууну укпагандар жалаң ушул түшүнүктүн артынан келип чыгып атат. «Менин укугум бар, ичсем болот» деп ичип жатышат. "Менин укугум бар, көчөдө бассам болот" деп басып атышат. Акыры, аша чаап кеткенде башкаларга да тил тийгизип, милицияны баш кылып сөгүп өзү түшүнүп алган укугун коргогонго аракет кылууда. Буга баягы сейил бакка отуруп алып семичке чаккан кызды да мисал келтирсе болот. Эсиңерде болсо ал эч кандай ичимдик ичпей отуруп эле көчөнү булгап, кайра сын айткан балдарга өзүнүн укугу бар экенин тайманбай билдирип чыкпады беле? Эгер бул жерде ичимдик гана күнөөлүү, кептин баары ошондо дей турган болсок, анда мектептеги адепсиздиктерди, бул кызга окшогон текеберликти эмнеден келди дейбиз? Демек, баары ушул адепсиздиктен, өзүн баарына укуктуумун дегенден келип чыгып атат. Так ошол баарына укуктуумун деген түшүнүк менен каалаган жагына басып, каалаган сөзүн сүйлөп, каалаганын ичип калышты.

"Эркектин да күнөөсү бар"

Ошол эле маалда аялдардын мындай абалына эркектерди күнөөлөгөндөр да чыгат. Ажырашып, күйөөсүнөн запкы көрүп кыйналып жүргөн аялдар көйгөйлөрүн унутуу үчүн ар кандай тескери кадамдарга барып, кыял-жоругу да өзгөрүп жатканын психологдор айтышат. Соңку окуяларга кайрыла турган болсок, мас абалындагы кыздарды тыйып, үйлөрүнө жеткирип койгондун ордуна видеого тартып, мазактап, интернетке тараткан эркектердин аракети да социалдык түйүндөрдө сынга кабылууда. Бишкектин тургуну Лола ар-намысты бийик койгон жигиттер мындай кылмак эмес деген ойдо:

- Кыргыздын мурдагы намыстуу, мекенчил жигиттери болгондо, ошол жерде каткырып шылдыңдап турбай, мас немелерди ары-бери тарткылабай, акырын үйлөрүнө таштап коюшмак. Кыргыздын кыздарын башкаларга маскара кылбай, жаап-жашырып коюшса деле болмок.

Бул өңдүү окуялардын коомчулукка кеңири жайылышы элдин адептүү болушуна аз да болсо көмөктөшөт деген ойлор да айтылууда.

Кыздардан сурасам, алар "Атасынан боозуган кыз" деген сыяктуу акылга сыйбаган окуялар жазылган китептерди окугандыгын айтышат. Менимче, ушундайлардын таасиринен балдарын таштап кеткен, күйөөсүн жиликтеп салган аялдардын окуялары катталууда.

Буга чейин жарандык коом үй-бүлөлүк саясатты жакшы иштеп чыга албай жатканы үчүн бийликтин дарегине бир катар сын-пикирлерди айтып келишкен. Адистер чакан мамлекет - үй-бүлө бекем болгондо гана өлкөдө да ошондой туруктуулук өкүм сүрөрүн белгилешет. Бул жааттан алып караганда биринчи кезекте мамлекеттик деңгээлде үй-бүлө институтун чыңдоо зарылдыгы турат дешет алар.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар да көп. Мунун айынан болгон ажырашуулар, аялдардын тагдыры балдардын аң-сезимине тескери таасирин тийгизип, болочок муун жабыр тартып жатканын, андыктан коомдогу туруктуулук үчүн аларды үй-бүлөдөн, бала бакчадан баштап адеп-ахлакка тарбиялоо керектигин президенттин алдындагы «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков билдирди:

- Кыздар ата-эненин карамагынан кетип, студент болуп же иштеп кетип өз алдынча болгондон кийин эле өзүн кармай албай калган фактылар кездешүүдө. Ичимдиктен алыс болушса, ата-бабабыз үчүн маанилүү болгон адеп-ахлагы, тарбиясы бекем болсо, мындай көрүнүштөр катталмак эмес.

Адепсиз кино, чыгармалардын таасири

Интернетте чыккан ар кандай тасмалардагы келечектеги энелер - жаш кыздардын өздөрүн эркектердей алып жүргөнү да түрдүү талкуулардын чордонунда калды. Байкоочулардын баамында, буга телеканал, интернеттеги ар кандай берүүлөрдөгү этиканын сакталбаганы, аң-сезимди буза турган кинотасмалардын каармандарынын баскан-турганы балдар, жаштар арасында «модага» айланганы таасир тийгизүүдө. Мындан тышкары элдин руханий азыкка суусап турганы, аны камсыздоо үчүн бийлик аракет көрбөй жатканы менен байланыштырышат. Үй-бүлө, тарбия боюнча мамлекеттик идеологиянын жоктугун сынга алган жазуучу Насыпбек Асанбаев:

- Муну кантип чечүүкерек? Муну чечүү үчүн туш-тараптан киришүү зарыл. Бир эле ичкиликти тыюу же мектепте мугалимдерди оңдоо, айлыгын көбөйтүү менен маселе чечилбейт. Ошол эле убакта ата-энелер дагы, эже-агалар дагы, деги ар бир жаран аракет кылышы керек. Мисалы, балдар же жаштар үйдө каалаган тасмаларды көрүп жыргап отурат. Аны ата-энеси деле, чоң атасы деле чогуу көрүп атат. Бирок, кептин баары ошол тасмаларда болуп атпайбы. Ал жерде сөгүнгөнү да, ичкени да, терсаяктанганы да бар. Бала ошолорду көрүп отуруп «аа ушинтсе болот экен» деп атат. Ал тургай, так ошол терсаяктык, каалаганын кылуу балдар үчүн чоң эрдик сезилип, же жок эле дегенде андай болбоо замандан артта калуу дегенди түшүндүрүп калды. Демек, бул жерде ата-эне үйдө отуруп кандай көзөмөлгө алса, мамлекет да ошого жараша чара көрүп, баланын аң-сезимине туура багыт бере турган кинолорду, тасмаларды тарта баштаса болмок. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү өзүбүздүн тасмалар деле жаштарга кыйраткан үлгү боло албай отурат.

ОБОНчу аялдар. Дүйшөнбек Исаковдун сүрөтү

ОБОНчу аялдар. Дүйшөнбек Исаковдун сүрөтү

Аялзатына мүнөздүү эмес жаңжалдар тууралуу кеп кылуу аркылуу бардык аялдар агрессивдүү болуп кетти дегенден алыспыз. Адистердин пикиринде, бул нерсе үй-бүлөдөгү тарбияга, адамдардын жеке маданиятына жана билим деңгээлине көз каранды. 22 жаштагы жаш ишкер Орозайым Нарматова баалуулуктар биринчи орунга коюлган үй-бүлөдө туулуп-өскөн. Ал эркектер да аялды барктай билсе, аялзатынын агрессиясы азаймак деген пикирлерди толуктап, мээримге бөлөнүп чоңойгон, андан кийин билим алган, тарбиялык мааниси чоң китептерди окуган балдар-кыздардын болочогу да кеңири болорун белгиледи:

- Мен айылда эле чоңойгон кызмын. Апам бизди тарбиялаганда жалаң жакшы сөздөрдү айтчу. Үйдө жаман сөз уккан эмесмин. Бирок, кээ бир курбуларымдыкына барып калганда, алардын энелери жаман сөздөрдү айткандарына күбө болуп, таң калчумун. "Куш уядан эмне көрсө, учканда ошону алат", "Кайсы элде жүдөө күтсө зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты" деген кептер бар го. Ошол сыңары эле. Мындан тышкары адамды руханий жактан тарбиялоодо маданияттын, адабияттын орду чоң. Бизде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындай китептер жок болуп атат. Акыркы учурда Айгүл Шаршендин китептери сыяктуу чыгармалар Кыргызстанды басып кетти. Мен кыздардан сурасам, алар Айгүл Шаршендин "Атасынан боозуган кыз" деген сыяктуу акылга сыйбаган окуялар жазылган китептерди окугандыгын айтышат. Менимче, ушундайлардын таасиринен балдарын таштап кеткен, күйөөсүн жиликтеп салган аялдын окуялары катталууда.

Орозайым жалпы билим берүү мекемелеринде кыздарды тарбиялоо, кээ бир учурда чогулушка салып уяткаруу менен ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алса болорун кошумчалады. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде балдардын терс жоруктарынын алдын алуу аракети көрүлүп жатканын маалымдады. Мекеменин өкүлү Гүлшан Абдылдаева тарбия милдетин бир эле агартуу тармагына жүктөп койбой, ата-энелер да жабыла аракет көрсө, абалдан чыгууга болорун айтат:

- Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо, Ички иштер, Социалдык жактан коргоо министрлиги жана башка тиешелүү мекемелер менен биргеликте мектептерде адаттан тыш жосундардын алдын алуу боюнча биргелешип иштөө тууралуу келишим түзүлгөн. "Сергек жашоо" деген долбоор да иштейт. Анда кыздарга ден соолукка зыян келтирүүчү жаман өнөкөттөр тууралуу маалымат берилет.

Психологдордун көз карашында, бардык бала үчүн ата-эне идеал болуп саналат. Алардын жүргөн-турганын бала үйрөнүп, тарбиянын башаты ушул жерден башталууда. Ошол эле маалда телеберүүлөр, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да болочок муунга туура багыт көрсөтүү маселесин колго алууга мезгил келип жеткендей.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG