Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Сотко да сурак бар


(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

Кыйды күйөө аялын үйдөн кууп чыгып, соттордогу байланышынын күчүнө салып, эки баласын мыйзамсыз алып калды.

Гүлнараны сотто иштеген Акылбек (этикалык жагдайдан улам каармандардын ысымдары өзгөртүлдү) ала качып алган. Армияга кеткен сүйлөшкөн жигитин күтөм деген кыз бейтааныш жигитке башын байлагысы келген эмес. Иши кылса Гүлнараны Алайдын эң алыскы айылдарынын бирине зордоп алып келишет. Кыз алынын барынча каршылык көрсөтүп, Акылбектин жеңелери салган жоолукту алып ыргытат. Акыры Акылбектин апасы босогого жатып алат да, "мени аттап өтсөң, турмушуң бузулат, кудайдын каарына каласың" деп коркутат.

Ошентип Гүлнара болочок кайненесин аттап өтө албай, тагдырына моюн сунуп отуруп калат. Жылдар өтүп, бакандай эки уул төрөйт. Аңгыча Акылбек ар кайсы шылтоолорду бетине кармап, кечкисин кечигип келе баштайт. Ал эми алагүү болуп келгенде Гүлнарага тийишип, бир кезде отурбайм дегенин эске сала баштайт.

Эки баласын аяган Гүлнара күйөөсүнүн кылганына чыдагандан башка аргасы жок, көтөрүп жүрө берет. Бир курдай мас келген Акылбек аялынын бетин арак ичкен рюмка менен жара чабат. Ошондон кийин аялдын туугандары келип, сотко арыз беришет. Акылбек сотто иштегенден кийин баарын тааныйт да, иши кылса, сот экөөнү ажыраштырат, бирок эки уулду атасына калтырган чечим чыгарат.

Ошентип соттон сотко арызданып, араздашуулар айларга созулат. Гүлнараны уккан киши жок, ал болсо ар кайсы мекеменин босогосун жыртып, жок дегенде бир уулун берүүнү өксүп сурайт. Акылбек али ажырашып бүтө элек жатып башкасына үйлөнөт. Гүлнара көчөдө калат, адегенде туугандарыныкында баш калкалоого аргасыз болот.

Акыры туугандары жалдаган адвокат анын таламын талашып, бирок иш чиеленишип кеткендиктен, Гүлнара түйшүктөн тажап, Акылбек менен адамча сүйлөшүүнү чечет. Мына ошондо мурдагы күйөөсү атырылып бир тийип, эсинен тангыча сабап салат.

Гүлнара милициянын нөөмөт бөлүмүнө арыз таштайт, бирок бир канча күндөн кийин ал жактан арызын таппай жатышканын билдиришет. Гүлнаранын андан кийинки арызы да жоопсуз калат. Ошондон кийин ал кризистик борборго кайрылып, иш оррдуна жыла баштады. Акылбек болсо эки балага акым бар деп айгай салат, Жогорку Сотто тааныштарым бар, уулдарымды бердирбейм деп наалыйт.

Ошентип биринчи сотко Акылбек келбеди. Анын мурдагы зайыбы болсо эми өз укугун талашууга аттанды жана Кыргызстанда акыры акыйкаттык болот деп ишенет.

XS
SM
MD
LG