Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Аялдар "супура жайышына" ким каршы?


Лейлектин Көк-Таш айылындагы "Супура салды" учурунда, сентябрь, 2011

Лейлектин Көк-Таш айылындагы "Супура салды" учурунда, сентябрь, 2011

Аялдар гана топтолуп, аялдар гана көңүл ачышы үчүн уюштурулуп жүргөн "Супура салды" такыр жоголуп баратканына жакында кабарчыбыз Лейлек районундагы Көк-Таш айылына барган кезде күбө болгон.

Кыргыздын көптөгөн той-мааракелери же көңүл ачуучу оюн-зооктору негизинен эркектердин жигердүү катышуусу же жалаң эле эркектердин катышуусу менен өтөт. Бирок аялдар гана топтолуп, аялдар гана көңүл ачышы үчүн уюштурулуп жүргөн жыйналыштар жок эмес. Алардын бири – Супура салды жөрөлгөсү.

“Супура салды” – бул бир нече күнгө созулчу чоң мааракелердин биринчи күнү десе да болот. Ал жалаң гана аялдар үчүн өткөрүлөт. Көкташтыктар аны “аялдардын тою” деп да атап коюшат экен.

Мен “Супура салдыны” алгач 2011-жылы ушул айылда сүннөт тойго келгенде көргөм. Ак элечек апалар, тойго жарашыктуу көйнөктөрүн кийип, айрымдары балдарын ээрчите келген жаш энелер, кыздар бир дасторконго чогула башташты.


Алды менен биринчи тамак, артынан экинчиси, эң соңунда палоо тартышып, бул күнү аялдарды жалаң эркектер тейлеп жатышты. Самоордо чай кайнатып, улам аялдарга сорпо узатып, дасторконго керектүү тамак-ашты толтуруп турушту.

Кыз-келиндер болсо концерттик программа уюштуруп, ыр-бий, оюн-күлкү, түрдүү конкурстарда ойноп жатышты.

Бул кааданын мааниси аялдар мурдагы кылымдарда тойго алдын ала нан жаап, даярдык көрүшкөнүндө, 14-сентябрь, 2011

Бул кааданын мааниси аялдар мурдагы кылымдарда тойго алдын ала нан жаап, даярдык көрүшкөнүндө, 14-сентябрь, 2011

“Супура салдынын” мааниси, кийинчерээк мага бул жердеги апалар айтышкандай, өткөн кылымдарда аялдар тойго даярдык көрүш үчүн ак супурасын жайып, бир күн толугу менен ун элгеп, камыр жууруп, анан тандырларга нан бышырган күн деген маанини берет экен. Чоң мааракеде нан да көп желет, демек жалпы айылга жетчү нан жабышкан.

Алар кечке нан жасап, ыр-күүлөрдү ойноп отурушкан. Ошондон улам камыр жууруш үчүн супура жайып, алдын ала ак жоолукчан апалардын батасын алышкан.

Мен “Супура салдынын” ушунчалык кооз, өзгөчө көңүлдүү маанайына суктанган элем. Ошондо эле мага көкташтыктар бул өңдүү ырым азыр алардын эле айылында калышканын айтышканы бар.

Арадан эки жыл өтүп, быйыл октябрдын башында мен кайрадан Көк-Ташка барганымда адатта “Супура салдыны” уюштуруп жүргөн Бүайлар эже ыйламсырап отурду. Көрсө, жергиликтүү айылдык өкмөт эми элге тойго кетчү чыгымды азайтыш үчүн “Супура салдыга” тыюу салып жаткан экен.

Бүгүн аялдар үчүн бул той керекпи-жокпу деген суроо бул жерде үч адамдын башы бириккен жерде эле көтөрүлүп жатат.

Бүайлар Сулайманова апа азыр бул жерде топтолгон эркектерге чынында “Супура салды” үчүн көп деле чыгып кетпей турганын айтып, аларды ынандырганга аракет кылып отурду.

"Тойдон калган тамак-ашка эптеп аялдарды чогултуп өткөрүп койсо деле жашарат экен. Өткөндө бир тойдо ушинтишти. Аялдар өздөрү бизге сынактарда уткандар үчүн берилчү арзан чүпүрөктүн кереги жок деп жатышат. Жөн эле ошол ырымды сактап калсак, бири-бирибиз менен кээде жолугушуп, көңүл ачып, сүйлөшүп турсак дешет", - дейт Бүайлар апа.

Бул күнү аялдарды жалаң эркектер тейлеши керек.

Бул күнү аялдарды жалаң эркектер тейлеши керек.

Тарыхчы-этнограф Амантур Жапаров “түрдүү административдик жолдор менен элдин канына сиңген каада-салттарды жоготууга болбойт” деп ишенет. Ал “Супура салды” өңдүү жалаң аялдар чогулуп өткөрчү жөрөлгөлөр тууралуу айтып берди. Алардын көбү, этнографтын айтымында, кызды турмушка берүүдө, сүннөт тойлордо, эгин жыйналып бүткөндө же үй тургузганда уюштурулчу жыйналыштар.

Азыр күзүндө Көк-Ташта да тойлор кызыган учуру. Бирок быйылкы тойлордо эч ким “супура салып”, аялдарды чакыра элек. Ал арада биз Бүайлар эже жана жергиликтүү тургундар болуп, дасторкон четинде отурганда, “Супура жайган каадабызды сактап калышыбыз керек” деген апанын айткандарына баары эле макул болгонсуду...
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG