Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

8-март майрамында Кыргызстандагы аялдар да куттуктоолорду кабыл алып, өздөрүн назик, сулуу жана мээримдүү сезип турган учуру.

Анткен менен кийинки жылдары аялдар өздөрүн күчтүү сезип, эркектердин камкордугуна муктаж эместигин көрсөткөн сайын, коомдо аялдар энелик жана жар катары гана милдетин аткарышы керек деген көз караштар көбөйүп барат. Буга эмне себеп? Глобализация доорунда аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү милдетинин өзгөрүшү кандай өнүгүүгө же кесепетке алып барышы мүмкүн?

"Арай көз чарай" талкуусуна Кыргызстандагы “Кырк кыз” кыймылынын төрайымы Перизат Суранова жана Улуттук маданият университетинин ага окутуучусу Руслан Жумабаев катышты.

“Азаттык”: Кыргызстандын аялдарын бүгүнкү майрамы менен куттуктайбыз! Перизат, Кыргызстандагы аялдарды билим, жигердүүлүк, нарк-насил жагынан күчтүү деп баалайбызбы?

Перизат Суранова: Элибизде “дүйнөнүн түркүгү - эне” деп коёт эмеспи. Илгерки заманда энелерибиз үй куту эне, сүйүктүү жар болуу менен чектелсе, азыр биз эне болуудан сырткары мырзаларга теңата кесиптеш, жетекчи, өнөктөш болуп жатабыз. Бул заманга шайкеш келген жакшы көрүнүш жана үлгү деп эсептейм.

“Азаттык”: Руслан мырза, президент Алмазбек Атамбаев быйылкы жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялап, кыргыз жаранынын образын түзүү милдетин алдыга койду. Анын ичинде азыркы кыргыз аялынын образын түзүү да зарыл. Азыркы кыргыз аялы ким, анын образын кандай элестетесиз?

Руслан Жумабаев: Кыргыз эзелтеден “Кыздын кырк чачы улуу” деп сыйлап келген. Бизде кыргыз аялынын орду өтө маанилүү. Ислам динин кабыл алгандан бери деле кыргыз паранжа кийген эмес. Кеп паранжада эмес, кептин баары жүрөктө, ыйман жүрөктө болуш керек. Кеп теңата болуп айтышканда же үйдө отурганда эмес, аял өз кесибине жараша иштеши керек. Үйдө отурган илгерки заманда болгон, азыр үйдө отургузганга мен каршымын.

“Азаттык”: Перизат айым, глобализация доорунда техника менен технологиянын өнүгүшүнөн улам аялдардын коомдо, үй-бүлөдө алган орду, аткарган милдети өзгөрүп баратат. Ушундан уламбы кыргыз коомунда аялдардын орду үйдө деген көз караш пайда болду. Буга эмне себеп деген ойдосуз?

Перизат Суранова: Ааламдашуу доорунда аялдын үйдө отурушу мүмкүн эмес. Аял азыр бир эле учурда эне, спортчу, тарбиячы, бизнес леди, демек үй-бүлөнүн кутун сакташ үчүн аял бардык сапаттарды өзүнө сиңирип жатат.

Угармандын пикири: Мен психолог Максат Айтикеева. Кыргыз эли илгертен эле аялдарды өтө жогору баалаган. Коомдо эне менен баланы бөлүп кароо мүмкүн эмес.

Азыркы мезгилде аял аткара турган үч милдетти баса белгилегим келип турат. Анын биринчиси - үй-бүлө. Ал өзүнө ден соолукту, тарбияны камтыйт. Демек аял эң ириде аң-сезимдүү, билимдүү болушу өтө зарыл.

Экинчи милдет - Ата Мекенди коргоо. Ата мекенде тынчтык болсо үй-бүлөдө, энеде бейпилдик болот.

Үчүнчү милдет - эмгектенүү. Интеллектуалдык деңгээлине жараша аял өзүнө ылайык эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк алыш керек. Үйдө отурса деле жеке ишкерлик менен алектениши мүмкүн. Демек аялдарга өзүн толук ишке ашырууга шарт түзүлүш керек деген ойдомун.

“Азаттык”: Руслан мырза, кыргызда “Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” деген сөз бар эмеспи. Тилекке каршы, акыркы кезде катардагы жигиттер мындай турсун, элдин жүгүн көтөрөм деп эл алдында убада берген саясатчылардын өз сөзүн аткарбагандыгы, майдачылдыгы, өзүмчүлдүгү, өз көмөчүнөн алысты көрө албагандыгы аялдарды күчтүү, чечкиндүү болууга аргасыз кылууда деген көз караш бар. Ага макулсузбу?

Руслан Жумабаев: Макулмун. Эмне дегенде эркектин жаралгандан бери өзүнө бөлүнгөн милдети, аялдын өзүнүн орду бар. Эркектер өзүнүн жүрүм-туруму менен деңгээлин түшүрүп жибергенден улам аялдар тырышып оокат кылып, бала-чакасын багайын деп, айла жоктун амалын жасап жатат. Эркек күчтүү болсо үй-бүлөсү мыкты болот, эркек начар болсо үй-бүлөсү чачыранды болот.

Кален Сыдыкова: Мен сиздердин талкууну угуп абдан кубанып жатам. Аял үйдө отуруш керек деген көз караш азыр катуу тарап бараткан исламдын же феодалдык көз караштан чыга албаган мырзалардын аракети деген ойдомун. Аял очок башында эле отуруп калса коомду артка тарткан жана келечек муунга терс таасир берген көрүнүш болот. Аял катышпаган тармак жок, эгер болсо ал тармак такыр өнүкпөйт. Коомду деградацияга, карама-каршылыкка алып келет.

“Азаттык”: Перизат айым, кечээ жарандык активисттер “Аялдын орду Ак үйдө” деген жүрүш өткөрүштү. Жүрүштү өткөрүүгө эмне себеп болду жана ал коомго кандай таасир берди деп баалап жатасыз? Балким аялдардын мына ушундай аракеттери мырзаларды мокок кылып жүрбөсүн?

Перизат Суранова: Бул эки тараптуу маселе, жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Бирок аялдардын мамлекеттик чечүүчү маселелерге катышуусуна же бийлик бутагына катышуусуна келгенде бут тоскон учурлар абдан көп. Мисалы, депутаттык мандаттан биринчи кезекте аялдар ажыратылып жатат. Ага балким, саясий маданияттын же партиялык тартиптин жоктугу себептир, бирок белди бекем бууп ушинтип курөшүүгө коомдогу процесстер түрткү болуп жатат.

“Азаттык”: Руслан мырза, Кыргызстанда көп аял алууну жайылтууну каалаган адамдар да бир топ болуп баратат. Муну менен аялдардын укугу басмырланган жоксузбу?

Руслан Жумабаев: Негизи шариятта бир аялды никелешип алгандан кийин анын башынан кыл түшүрбөөгө ант берип алыш керек. Андан кийин багууга шарты келсе экинчи, үчүнчү аял алыш керек. Тилекке каршы, азыр андай болгон жери жок, демек бул басмырлоонун көрүнүшү.

“Азаттык”: Перизат айым, Орусияда иштеген кыргыз жигиттери патриотпуз деген атка жамынып алып, ал жерде иштеп жүргөн кыргыз кыздарын кордогон учурлары белгилүү. Жакында ошондой патриоттордун үчөө кармалганда жигиттик намысты таштап коюп эле бышактап ыйлап беришпедиби. Демек бул жигиттер улуттук намысты коргойбуз деген бийик максат менен эмес жөн эле көр пенделик менен ушундай иштерге барган деген ой жаратышты. Мындай куру намыска алдырган иштердин болбошу үчүн айымдар эмне кылышыбыз керек?

Перизат Суранова: Ушул маселеге келгенде бир жактуу эле кыздар күнөөлүү деп айтышат. Мунун тамыры терең - ал үй-бүлөдө, тарбия берүүдө. “Кыз бала үй куту болсо, уул бала эл куту” деп бекер айтылган эмес. Эгер эркектер өз милдетин аткарса, аялдар өзүнөн-өзү эле ыйбаа кылат.

Руслан Жумабаев: Азыр материалдык жакка катуу көңүл бурушат. “Балапан уяда эмне көрсө, учканда ошону кылат” дегендей үйдөгү тарбиянын башаты эне. Ата колунан келгенди жасайт, бирок ата милдетин аткаргандар да абдан аз. Азыр руханий жактан абдан катуу ачарчылыктабыз. Энелер ошол руханий азык берүүгө катуу көңүл бурушу зарыл деген ойдобуз.

“Азаттык”: Руслан мырза, кийинки кезде эмне үчүн жигиттер күчтүү, намыстуу, камкор болбой баратышат? Өздөрүн аял менен аялдай албууттанып урушкан, ушакташкан, сараңданып эсептешкен, эрегишкен жигиттер көбөйүп баратат. Кыргыз жигитинин тарыхый образын сактап калуу үчүн эмне кылуу керек?

Руслан Жумабаев: СССР кезинде жетекчи же өзүнө ишенимдүү болуп жүрүп, союз тараганда ишсиз калган көп эркектер инсандык өзөгүн жоготуп алышты. Бакандай болгон эркек кулап баратканда үй-бүлөнү сактап калыш үчүн аялдар демилгени колго алышты. Ошон үчүн жигиттерди мен биз коомдогу өз милдетибизди так аткаралы деп чакырам. Эркектер өз милдетин жакшы аткарса аялдар гүлдөй болуп чачырап өсөт, эгер ага суу куйбай койсокал тикенекке айланат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG